Аймактык-административдик реформа менен айкалыштырылса

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаевдин билдирүүсү боюнча,  азыр Кыргызстанда 28 миңдей мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Алардын 10 миңге жакыны муниципалдык, ал эми калганы мамлекеттик кызматкерлер. Бул 6,5 миллиондон ашык  жараны бар Кыргызстан үчүн азбы же көпбү?

Бардыгы салыштыруулардан билинет. Бир шаарда жайгашкан, калкынын саны 5 миллиондон бир аз ашкан Сингапурда мамлекеттик кызматкерлердин саны 65 миңге жакын. Айрым мамлекеттерде мугалимдер да мамлекеттик кызматкерлердин катарына киришет. Географиялык шарты татаал, эли чачкын жайгашкан Кыргызстан үчүн 28 миң кызматкер, ачыгын айталы, анча деле көп эмес. Анын үстүнө муниципалдык органдардагы 10 миңдей штаттын 10 пайызга жакыны дайыма бош турат. Айлыгы аз, иши көп, талаптар чоң  болгондуктан билимдүү, демилгелүү жаштар  муниципалдык органдарда иштегилери келишпейт. Ошондуктан, ал жерлерде иштегендердин көпчүлүгүн орто жаштан өйдөдөгүлөр, пенсия жашындагылар, атайын орто же орто билимдүүлөр түзөт. Бирок экономикабыз начар, бюджеттин абалы оор, анын үстүнө мамлекеттик органдарда бири-бирин кайталаган  жана керексиз функциялар жетишерлик болгондуктан штаттарды кайра карап, аларды кыскартып, оптималдаштырып, үнөмдөлгөндөрдү сырткы карыздарды төлөөгө, айлыктарды, пенсияларды аздан да болсо  көбөйтүүгө, жок дегенде инфляцияга жараша индексациялоого жумшоонун  зарылдыгы туулууда. Биз үчүн тапканыңа жараша  жаша, төшөгүңө карата бутуңду сун деген негизги принциптерден болушу  зарыл.

Ошентип, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды дагы бир ирет сыдыргыдан өткөрүп, ашыкча органдарды, мекемелерди кыскартканга эч ким каршы эмес. Мында бир гана маселе: ал аймактык –административдик  реформа менен бирге ишке ашырылышы керекпи  же ал өзүнчө жүргүзүлөбү?- деген суроодо гана турат. Өкмөттүн аппарат башчысы аймактык-административдик реформа жөнүндө таптакыр ооз ачпагандыгына караганда ал азыркы аймактык-административдик бирдиктерди сактоо менен өзүнчө жүргүзүлөт окшойт. Бирок ал аймактык-административдик реформа менен бирге ишке ашырылса туура болмок. Адегенде министрликтерди жана ведомстволорду, мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кайра уюштуруулардан өткөрүп, анан аймактык-административдик  реформаларды баштап, аларды дагы бир жолу чаң тополоңго түшүргөн кош-кош түйшүктөрдүн мамлекетке, элге деле кереги жок эле. Бирок бюджеттин абалы өтө эле оор болсо эмне кылабыз? Анын таңсыктыгын аз да болсо азайтуу чараларына токтоосуз киришкенден башка жол жок. Өкмөттүн президенттик шайлоодон кийин мамлекеттик органдарды реформалоого киришкени жатканы ушундан го деп ойлоого болот.

Комедия эмес, гармония болсо...

Азыр мамлекеттик жана муниципалдык органдарды каржылоо үчүн жыл сайын 48 миллиард сом жумшалат экен. Алардын ичинен 1,5 миллиард сому президенттин аппаратын каржылоого, 800 миллион сомго жакыны парламентти кармоого жумшалат. Мында калыстык, чындык үчүн айтып кетели, президентти кармоого делгендердин басымдуу көпчүлүк бөлүгү  резиденцияларды, конок үйлөрүн, аларды тейлөөчүлөргө, жогорку даражадагы конокторду тосуп, узатканга ж.б. жумшалат. Ал эми Кыргызстандын бул багыттагы чарбалары, башкаларды айтпай эле коёлу, Тажикстандыкына салыштырганда деле өтө эле жупуну. Мисалы, көргөндөр Тажикстандын президентинин Дүйшөмбү шаарынын четиндеги резиденциясындагы комплекс, аларда өстүрүлгөндөр Кыргызстандын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагылардан  бир канча эсе чоң жана кымбаттыгын, алардын мамлекет башчыларын коштоочулар  үчүн курулган имараттын өзү эле 9 кабат экендигин айтып жүрүшөт.

Бирок эмне дебейли, 48 миллиард сом же жылдык бюджеттин 4/1че каражат өтө эле көп. Маселен, 1981-1985-жылдары Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 10184,1 миллион рублди, чыгаша бөлүгү 9421,1 миллион рублди түзгөн. Муну беш жылга бөлүп, долларлык эквивалентин чыгарганда  орто эсеп менен 2,5 миллиард доллардан туура келет. Мына ушулардан ар жылда орто эсеп менен 150-160 миллион доллары же 6-7 пайызы  гана башкаруу органдарын кармоого ж.б. чыгымдарга  сарпталса, азыр ал чыгымдар 500-550 миллион долларды же бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 25 пайыздан ашыгын  түзүп атат. Ал эми 1990-жылы Кыргызстанда ИДПны  ар адамга бөлө келгенде 3460 доллардан айланса, азыр анын жарымына  да жете элекпиз. Мындай шартта мүмкүн ашыкча, бири-бирин кайталаган түзүмдөрдү, штаттарды аёосуз кыскартуу гана керек. Эл мамчиновниктерди багуу үчүн гана иштебеши керек, акыбал азыркыдай болуп турганда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик органдардагы жеңилдиктердин, артыкчылыктардын бардыгын болбосо да көбүн жоюу  зарыл.

Сталиндин убагында мезгил-мезгили менен коммунисттерди, партиялык  жана мамлекеттик органдарды тазалап туруу салт болгон. Андан кийин андай ыкма советтик мезгилде колдонулган эмес. Азыр президенттик  шайлоо өтөрү менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызматкерлердин бардыгын кызматтарынан бошотуп, аларды кайра сынактык  негизде кабыл алуу ишке ашырылганы жатат. Мында негизги артыкчылык билимдүү, креативдүү жаштарга берилет экен. Бирок мында инсандык сапаттарын, даярдыктарын эске албастан жалаң эле жаштарга басым жасай берүү да бир жактуулук болуп каларын эстен чыгарбайлы. Көз карандысыздыктан бери жаш жетекчилерге артыкчылык берүү боюнча бир нече саясый  кампания өткөрүлдү. Акыркылары Бакиевдин ЦАРИИсиндегилери менен Атамбаевдин  “балашкалары”, “кызашкалары” болду. Бирок ал кампаниялардын бири да өзүн актабады. Алсак, Акаевдин Б.Талгарбеков, А.Сарыгулов,  Р.Жээнбеков, Т.Койчуманов, К.Жумалиев,  бир тууган Нанаевдер сыяктуу жаш кадрлары Кыргызстандын экономикасынан эч нерсе калтырбай талкалап, көпчүлүгү 2-3 жылдын ичинде долларлык миллионерлерге айланышса, Ч.Жакыпова, О.Ибраимов сыяктуу кадрлары билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын түбүнө жетишти. Ошондуктан, жаштар келсе эле бардыгын оңдоп жиберишет, алар эч нерсе жешпейт деген иллюзиядан алыс болгон жакшы. Жаштардын айрымдарынын алкымдары карт бөрүлөрдүкүнөн да алда канча чоң экендигин, карт бөрүлөр жалтактап коркуп турушса, жаш бөрүлөр эч нерседен коркушпай тургандыгын  көрүп эле келатабыз. Менимче, кадрдык маселеде  Ден Сяопинь: “Бийликте жалаң улгайгандар болушса, ал - трагедия, жалаң жаштар келип алышса - комедия, тең салмактуулук сакталса, ал - гармония” деп айткандай,  тажрыйбалуулар менен жаштардын симбиозу сакталуусу кажет. Кыргызстанды кайра-кайра эле  натыйжасыз реформаларга тушуктуруп, элди кыйнай бербеш керек.

Негизинен  мамлекеттик борбордук органдар кыскартылып, жер-жерлердеги эл менен түздөн түз иштеше турган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аппараттарына дифференциалдуу мамиле жасалууга тийиш. Алсак, айрым райондордо 250-450 миңден, кичинекейлеринде 20-30 миңден адам жашайт. Бирок аппараттарынын түзүмдөрү, кызматкерлеринин сандары негизинен бирдей эле. Эгерде чоң райондордун акимчиликтеринин аппараттары дагы кыскартылса, эл менен иштегенге кызматкерлер жетишпей, калгандары ашкере оор түйшүктөн качып, кете башташы толук мүмкүн.

Мында өкмөттүн аппараты толугу менен жоюлганы жаткандыгы туура. Жаңы долбоорго ылайык, президент Өкмөттү жетектей турган болуп жаткандан кийин ага эки аппараттын кереги жок. Ошондой эле, айрымдар ЖМКларда айтып жатышкандай, депутаттардын санын 120 бойдон калтырып же 150гө жеткирип, бирок спикеринен, орун басарынан, комитеттердин жана атайын комиссиялардын жетекчилеринен башкаларга айлык төлөнбөй, алар мурдагы Эл өкүлдөр жыйынындагыдай,  жылына 3-4 жолу гана 1-2 жумадан чогула турган тартипте иштешсе, аябагандай чоң каражаттар үнөмдөлмөк.

Грузиянын тажрыйбасы эске алынабы?

ЖМКларда мамлекеттик жана муниципалдык органдарды реформалоодогу Грузиянын тажрыйбасын эске алуунун зарылдыгы айтылууда. Ал туура. Даяр үлгү, концепция турса, өз шартыбызды эске алуу менен аны эмне үчүн колдонбошубуз керек? Мисалы, Грузияда малекеттик органдарды реформалоо ишке ашырылганда министрликтердин саны 18ден 13кө, мамлекеттик кызматтардын саны 52ден 34кө азайтылып, министрликтерде жана ведомстволордо иштегендердин сандары 35 пайызга, мамлекеттик сектордо иштегендер 50 пайызга  кыскартылган. Антимонополиялык кызмат жоюлган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары 15 эсе көбөйтүлүп, министрлердин маяналары 1800 долларга жеткирилген. Мурда Тбилиси мэриясында 2500 адам иштесе, реформадан кийин 800 кызматкер гана калтырылган. Айрым министрликтердин, ведомстволордун  кызматкерлери 3-4 эсеге чейин  азайтылган. Мисалы, Жаратылыш ресурстары боюнча  министрликте 5000 адам иштесе,1700 адам,  Экономика министрлигинде 4374 адам иштесе, 600 адам,  Токой чарба департаментинде 1694 адам иштесе, 673 адам гана калтырылган. Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматы бириктирилип, бир органга айландырылган.

Бизде Экономика министрлиги реалдуу экономикага эч кандай таасири, пайдасы жок стат маалыматтарды чогултуучу эле орган болуп калды. Антимонополиялык кызмат  бааларды каттагандан башка иш кылбайт, колунан да келбейт. Буларды толук жоюп, бир министрликтин департаменттерине айландырып койсо  жетишет. Салык кызматы менен Бажы кызматынын деле милдеттери окшош. Соцфондду  Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине кошуп койсо деле болот. Айыл чарбасы толук жеке менчикке өтүп кеткен өлкөгө Айыл чарба министрлигинин кандай кажети бар?  Аны бир  сервистик Борборго  же Кызматка айландырып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. КУИАны да карап чыгып, анын институттарын 2-3 эсеге кыскартуу зарыл. Бир да химиялык продукция чыгарбаган өлкөгө - химия  институтунун,  такадай да колго аларлык буюм  чыгарбаган мамлекетке – физика, машина куруу, геомеханика деген институттардын кандай зарылчылыгы бар? Баарынан кызыгы,  физика институтунда Кыргызстандын реалдуу  турмушуна  таптакыр жакындашпаган Космикалык  жана маалыматтык технологияларды  изилдөө деген сыяктуу 7-8 лаборатория бар. Алардын ар биринде 15-20дан ашык адам айлык алып отурушат. Мына мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөнүн потенциалдуу резервдери!

Эгерде дыкат талдап  иликтеп, тастыктап чыкса республикабызда кыскарта турган мекеме-уюмдар  жетишерлик. Кыскартууларда аздыр -көптүр эл менен иштешип, алардын муктаждыктарын чечип жаткан жер-жерлердеги  органдарга эмес, жогоруда айтылгандай,  Бишкектеги эч кимге кереги жок  түзүмдөрдү жоюуга, бириктирүүгө негизги басым жасалышы керек. Ошондо гана реформа аздыр-көптүр максатына жетет, өзүн актайт.

Мирлан  Дүйшөнбаев, Булак: «Майдан. kg» гезити