Тескери түшүнүккө келген пикирибиз бекеринен келип чыккан жок. Анын себебин аңдап түшүнүү үчүн тарых барактарына кайрылалы. 

 

Биз майрамдап келген Улуу Октябрь Революциясынын жеңишин тарыхты үстүртөн окугандар “Россия Коммунисттик партиясынын большевиктери тарабынан ишке ашырылган” деп түшүнүшөт. Падыша Өкмөтүн да, Убактылуу Өкмөттү да  кулатууга большевиктердин жеке кубаты жетмек эмес. Революцияны ишке ашыруу максатында большевиктер кадеттер, эсерлер, анархисттер партиялары менен биригип бийликке каршы көтөрүлгөн. Мында РКП(б) партиясы жетекчилик (гегемондук) ролду аткарганын тана албайбыз. Ошентип  1917-жылы Совет бийлиги орнотулган эле. Мында партиялык бийликти орнотууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

 

Тарых тастыктаган мелодрама        

                       

Мамлекетти башкаруу да, экономикалык-социалдык маселелерди чечүүчү аткаруу бийлиги да бир гана Өкмөткө тапшырылган. Натыйжада, коалициялык өкмөт түзүлүп, большевиктерден тышкары кадеттер, эсерлер, анархисттер, меньшевиктер партиясынан  дагы анын курамына киргизилген. Бул өкмөт 1922-жылга чейин партиянын көз караштарындагы карама-каршылыктарына карабастан жашап, папке талаш өз апогейине, тактап айтканда туу чокусуна жеткен эле.

 

Совет бийлиги кубатына киргенден кийин большевиктерге мансап талашкан өнөктөштөрдүн кереги жок эле. Аларды идеялык жактан талкалоо жана аларды элге жек көргөзүү менен бийликтен четтетүү программасы тымызын иштелип чыкса, кадеттер, эсерлер, анархистер, меньшевиктер Совет бийлигинин түзүлүшүнө каршы күрөштү баштады. Алар элдин ишенимине ээ болууга умтулбастан, бийликти күч менен, болбосо террордук жол менен ишке ашыруу жолун тандап алышкан. Каплан аттуу кадетка 1922-жылы өкмөт башчысы В.И.Ленинге ок аткан. Анын кесепетинен большевиктер өздөрүнө каршы партиялардын органы болгон жана бийликти сындаган “терс көз караштагы” гезиттерди толугу менен жабууга чечим кабыл алышты. Ошону менен катар 4 партиянын өкмөттүн курамындагы мүчөлөрүн массалык түрдө кызматтан бошотушкан. Мамлекетти башкаруу толугу менен большевиктердин колуна өткөн.

Ушундай кырдаал азыр “демократия аралчасында” дагы түзүлө баштады.

 

Демократиядан диктатордук режимге

 

Азыркы учурда бийликтин кубаттанышы менен демократиянын моюнуна сыйыртмак салынууда, мисалы: өлкөдө стабилдүүлүктү сактоону шылтоо кылып, жол тоскону үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Эл арасында пикирге таянсак, Кыргызстанда демократия жок дешет. Буга кошулууга болбойт. Демократиянын эки агымы бар: бири жалпы элдик, экинчиси бийлик демократиясы. Ал эми элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бизде бийлик демократиясы, же бийликке ээ болгон партиянын демократиясы гана үстөмдүк кылып келет. Ачык айтып, ачык сүйлөшөлү. Карапайым адам менен чиновниктин, байлыгына чиренгендер менен жакырчылыктын чегиндеги адамдын мыйзам алдында жоопкерчилиги бирдейби? Биздин өлкөдө кимдер артыкчылыкка (привилегияга) ээ? Биздин мамлекеттик күч структуралары мыйзам чегинде иштейби, же алар бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарышабы? Жашырбайлы, бизде мыйзам ээлери “наны бар бала сүймөнчүктүү” - деген принципти бекем кармайт да, күнөөсү тоодой болсо да ак сөөктөр менен ак жакачандар “аппак” болуп чыгышат. Чындыкка жетпей чырылдагандар Ак үйүнөбү, Көк үйүнөбү көз жашын төгүп барса да, ИИМгеби, прокуратурагабы, же сотунабы, ошолорго кайрылгыла деп жолго салат. Отуна барасыңбы, сотуна барасыңбы, эч качан колунда жоктор чөнтөктүүнү, карапайым адам бийлиги барды мыйзам чегинде утушка ээ болгонун көргөндү мындай коелу, уккандар бар бекен?

 

Тагдырдын тамашасын карачы, кечээ оппозицияда жүргөндө “басма сөз эркиндиги өлдү” деп кыйкырып чыккандар, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бул багытта “жалган маалымат таркаткандыгы үчүн” журналисттерди камай турган мыйзамды иштеп чыкты. Сындаганга мыкты болгону менен өздөрүнө келгенде сынды көтөрө албаган адам экенин көргөзүштү. Учурунда оппозициянын идеясын жарыялап, “коллективдүү агитатор”, “коллективдүү пропагандист” гана болбостон, “коллективдүү уюштуруучу” болгон мурдагы “Форум”, азыркы “Фабула” гезитин да жада калса сотко сүйрөп жатышканын көпчүлүк эл билбей калды.

 

Азыркы бийликти бекем кармагандар кечээ өздөрү оппозицияда жүргөндө канча ирет жол тосушкандарын унутуп коюшкан көрүнбөйбү, эми нааразылык билдирүү үчүн жол тоскондорду жазалоого батыл аракет жасады. Көрсө өлкөдө стабилдүүлүккө доо кетип, экономикага залалы тиет экен. Баарынан күлкү келерлиги, “Мен го Маанаке, Маанеке болсом сакалым канаке?” - дегендей эле кеп болду.

 

Жарандык маселеби, же кылмыш иш боюнчабы, болбосо аскер кызматындагы башаламандыктар болобу, тергөөдөн баштап сот процессине чейин “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” болуп жатса, мыйзамдын гаранты жана КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Командачысы катары  кайрылгандардын кайгы-муңун, датын президент угуп койбогонуна өз тажрыйбамдан улам ишенип калгам. Же маселени жергиликтүү бийлик чечпесе, же ЖоКебиз чечпесе, карапайым калкты кабыл алууга президенттин “колу бошобосо”, ал элдик президентпи, же Акүй менен Көкүйдө иштегендердин президентиби? Анан эл кантсин, пикетке чыгат, ал эми мансабына манчыркаган мамчиновниктердин көзүн алда качан май басып калгандыктан элди алардын көзү көрбөйт. Чакыртып эл менен жолугуштура албасаң,  өтүнүчүңдү, датыңды укпаса, топтолгон элди көрбөсө…  Бийликке таасир көргөзүүчү  акыркы куралы болгон жол тосууга жоопкерчиликти киргизүү – бул карапайым калктын муктаждыгын чечүүдөн качкандык десек болот. Ошол эле учурда азыркы бийлик мурда оппозицияда жүргөндө канча ирет жол тосконун эсептеп, алар ошол мезгилде өлкөгө экономикалык жактан канча зыян алып келгенин эсептеп төлөтүү жагын кошо кетсе калыстык болбойт беле?

 

Кантебиз, бул да пендечилик. Ошентсе да беш жылга жетпей жасаган иштерин унутуп койгон бийликке кандай баа берсек болот?

 

Макаланын башында тарых барактарына биз бекеринен кайрылган эмеспиз. Совет бийлигинин чыңдалышына чейинки кырдаал биздин Кыргыз Республикасында кайталоо жолунда турат. Эки бийлик күч менен кулатылды. Жаңы бийлик жаңыча иштейт деген үмүттөр аткарылбады. Эки бийлик жогорудагы эки маселеге каршы чечим алууга күчү жетмек, бирок буга келгенде элдин катуу толкуп чыгышынан чоочулашкан. Анткени, алар бийликтен кетеринде өлкөдө революциялык кырдаал түзүлүп, жетилип калган.

 

Байкабаган адамга  аэыр эл тынчып калгандай сезилет. Эл – бул сел. Бир жерде ташкындап толкуп акса, бир жерде мелмилдеп жай аккан дарыя мерчемдүү мезгилинде кыйратуучу касиетке ээ болгондой, эл толкуса баарын кыйратып өтөрүн көп ирет көрдүк эле. Аны бийлик төбөлдөрү тез эле унутуп коерун дагы көрдүк. Мурдунан алысты көрө албаган бийлик элди күрөшкө көтөрүп чыга турган күчтүү оппозиция жоктугунан пайдаланып, улам демократиянын жеңишин өзүнүн энчиси катары карап, эл ойгонгончо алардын жүрөгүнүн үшүн алып коюуга катаал мыйзамдарды кабыл алганга өттү. Жыйырманчы жылдардагы Совет бийлиги сыяктуу бийлик бутактары демократиядан диктатордук режимге өтүүгө күтүүсүз секирик жасагандай сезилди.

 

Тилекке каршы бул диктатордук режимдин башаты Бакиевдердин үй-бүлөлүк – кландык бийлиги кулатылгандан кийин партиялык парламенттин түзүлүшү менен башталган. “Ата-Мекен” партиясы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болоруна ишенип алышса, КСДП экинчи орунду ээлегенге ыраазы болорун ачыкка чыгарган. Логикалык жактан алганда парламенттик башкарууга өтүү идеясы да ушул ишенимден жаралган. Күтүлбөгөн көрүнүш, партиялардын арасынан “Ата-Журт” партиясы алдыңкы орунду алса, “Ата-Мекен” партиясы арткы орунга өлдүм-талдым менен ээ болду. Реванш алуу үчүн Ө.Текебаев спикердикке ат салышмак болгондугу жашыруун сыр эмес эле. Буга “Ата-Журт”, “Республика” тоскоолдук кылып, Келдибековдун жылдызы жанды. Бул КСДПнын парламентте “лидер” партия катары чыгышына өбөлгө түзгөн.

 

КСДП партиясы кырдаалды билгичтик менен пайдаланды. Ак үйдө президент А.Атамбаевдин партиясындагылар топтолсо, мамлекеттик машина (ИИМ, прокуратура,  УКК, кыйыр түрдө сот бийлиги) президентке баш ийдирилди. Акырындык менен парламентте да КСДПнын таасири күчөтүлүп, мурдагы спикердин ордуна А.Жээнбеков шайланды. Большевиктер бийлик бутактарындагы башка партиялардан кандайча арылса, А.Атамбаевдин командасы ушул ыкма менен бийлик бутактарын тазалоого өттү. Учурунда бул боюнча өлкөдө кайрадан партократия күч алып, акыры диктатордук режимдин кайрадан орноо коркунучу пайда болгонун жазып чыккан элем. Менин бул пикиримди айрымдар жаңы бийликке бут тосуу катары да күнөө коюшкан эле. Алар “тарых дөңгөлөгү артка айланбайт” - деген демагогиялык көз караштарын таңуулашкан.

 

Тарыхтын дөңгөлөгү буга чейин деле бир канча ирет артка айланган (Мисалы, Францияда король Людовик тактан кулатылып, республика деп жарыяланганы менен кайра эле королдук бийликтин орношу, СССРдин кулашы менен 15 республиканын капитализмге өтүшү ж.б.). Ал эми президенттин партиясынын бүтүндөй бийлик бутактарына тамырын терең жайып алгандан кийин мурдагы бийликке койгон күнөөлөрүн өздөрү кайталашына эмне дейбиз? Большевиктик ыкма менен атаандаштарын тазалап, акыркы мезгилде эл нааразы болуп чыкса, мыйзамды жана президенттин буйругуна (тагырагы бийликке каяша кылганы) каршы иш-аракеттери үчүн жазалоо аркылуу бийликти күч менен кармап калууга камылга болуп жүрбөсүн? Опурталдуу учур алдыда. Совет бийлиги сыяктуу күчтүү атаандаштардан арылып, партократиялык бийликке өтүүнүн алгачкы кадамы жасалды. Мунун артында “репрессиялык жол менен диктатордук бийлик орнобойт”,- деп кимиңер жооп бересиңер, саясий серепчилер!?

 

Элди бөлгөн “эрендер” же “лже-демократтар”

 

Эл арасында саясатчыларыбыз “партократтар”, “акаевчилер”, “бакиевчилер” деп бөлгөнүн бешиктеги бала да билип калгандай болду. Ушул кепти укканда кыргыз демократтары алгач Компартиянын камчысын чаап, кийин мансабынан кол жууганда “бийликке таарынып”, демократ болуп чыга келген “партиянын Жамийлалары” экенин эске сала кетсек артыкпаш болбос. Журналистиканы бүткөнүбүз менен 33 адам эч жерге ишке орношо албай, Кыргызстан КПсына кайрылган элек. Партиянын Борбордук Комитетинин иделогиялык бөлүмүнүн башчысы М.Шеримкулов “кол жеткис жылдыз” болуп, пропуск бюросу ошол кезде ушул бөлүмдөгү басма сөз секторунун башчысы, жазуучу жана журналист К.Акматовго кирүүгө араң уруксат алгам. Төрт ирет кабыл алуусунда болуп, акырында ал: “жумушу жок калдык дегениң үчүн жооп тартасың” - деп кыйкырганы көңүлүмдө сакталып калды. Эшектин тушоосун да чечпеди, эң кур дегенде жетекчилик этиканы да сактаган жок. Кийин ушул орундан ажырагандан кийин Кы-Ды-Кеге тең төрага болуп, партократияга эзелтеден каршы күрөшкө чыккандай кыйкырып чыкты. Кыргызстан КП БКнын басма сөз секторундагы К.Акматовдун “демократ” болуп чыга келиши менен партиянын да Жамийлалары болорун ошондо түшүнгөн элем.

 

Азыркы кыргыздын партияларынын жана саясий лидерлеринин көбү башында партократтар, учурга жараша демократтардын “терисин жамынгандар” болгондугун учкай айтууга туура келди.

 

Булардын көбү учурунда А.Акаевдин да камчысын чабышты. “Ак кызматы” үчүн алды завод-фабрикаларды, арты майда ишканаларды “менчиктештирип” алышты. Болбосо союз учурундагы жана анын “курмандыкка” чаларда алган маяналары менен “билесипед” да сатып ала алмак эмес. Кеме деңизге чөгөрүн баарыдан мурда чычкан сезип, улам бир тарапка жүгүрүп калгандай бир тобу К.Бакиевге кошулду, калганы оппозицияга өтө качышты.

 

К.Бакиевдин учурунда оппозициянын “гүлдөп” турган мезгили эле. Бийликтин “тажрыйбасын” үйрөнүүгө жана чалгындап билүүгө “оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болууга” А.Атамбаев премьер-министр болуп барды. Ошол учурда Ф.Куловдун таламын талашкан пикетчилерди алгач кепке келтирип, борбордук аянтка тигилген боз үйлөрдүн кылына зыян келтирилбейт деп убада берилген болчу. Убада убара болду, бир канча боз үйдүн кереге-уугун мындай коелу, түндүгү түшүрүлө кыйратылганын окуяга катышкандар танбас.

 

Бул жерде айып коюп жаткан жокпуз, бар болгону бийликтин тамыры бир экендигин ачып берүүнү көздөп отурабыз. Ушул жактан алганда бийликке келгендер жана алардын партияларынын мүчөлөрү партократтар, акаевчилер, бакиевчилер деп айкырып турганга моралдык укугу барбы? – деп суроо коюп отурабыз.

 

Ар бир бийликте алардын эмес, кыргыз элинин уул-кыздары, кадрлары иштеген, иштейт, иштей берет. Алардын бийлик төбөлдөрүндөй ээлеп алган байлыгы жок. Элди минтип бөлгөн эрендер - булар “лже-демократтар” экенин белгилеп койсок айып болбос. Эгерде мындай жектөөлөргө чек коюлбаса, стабилдүүлүк куру кыял катары кала берет. Бийликтегилердин кимиси булар менен иштебеген? Алар менен аралашпагандар азыр гана кызматка илингендер экенин белгилей кетсек жаңылыштык болбос. Дагы кайталайлы, бийлик бутагындагылар өзгөнүн башындагы чөптү эмес, өзүнүн башында төө турганын унутушпаса!

 

Тыянак

 

Бийлик бар жерде зомбулук бар. Бул көрүнүш жетекчи кызматтагыларга жайылтылбайт. Бизде кабыл алынган буйруктар кайрадан эле карапайым калкка, катардагы кызматкерлерге каршы багытталат көрүнбөйбү. Элди мыйзам коргойт дейбиз, бирок мыйзам “буйлаланган төөгө” айланган жерде чындыкка жетүүгө көп учурда бир адамдын өмүрү жетпейт, анткени партократтык режимдин артында диктатордук жеке бийликтин үстөмдүгү жашырылып турат да, бийлик сенин эркиңди сындырууга мыйзамсыз жолдорду колдонот. Шоруң ушунда тура, кыргыз!

 

Эртабылды Аттокуров

Булак: “Майдан.kg” гезити