Былтыр апрелдеги куралдуу төңкөрүштүн  натыйжасында өлкөбүздөгү баардык бийлик бутактарын “революция жасадык” деген өкүмзордук менен негизинен КСДП жана “Ата-Мекен” партияларынан түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрү ээлешкен эле. Сыягы, бул эки партиянын лидерлеринен бир аз интеллигенттик деңгээли жогору “Ак-Шумкардын” төрагасы Темир Сариев кандуу жол менен бийликке келгендердин арты жакшы болбошун сезсе керек, Бакиев режимин кулатууга чоң салым кошсо да өзү баш болуп (аз убакыт каржы министри болгондугун эске албаганда) бир да партиялашын бийликке аралаштырган жок.
 
Кыраакы кыргыз элинде бийликтин табияты тууралуу тээ байыркы мезгилде эле “Бийлик колдун кири” деп так, таамай айтылган эмеспи. Эки президентибиз тең эл ишенип берген бийликти, демек өз ырыскысын көтөрө албай бала-чаксы менен кошо чак түштө хан ордодон дыргаяктап качып, урук-тукумуна чейин убалына калып, бөтөн эл, жерде качкын-бозгун кейпин кийип жүргөндүгүн көрүп туруп  акыл-эстүү адам бийликке умтулбайт деле болуш керек. Анткени башаламандык, жердешчилик, көралбастык, ичитардык, бөлүнүп-жарылуу күч алган азыркы заманда Кыргызстанды алтын баштуу президент келсе да оңой албайт. Кудум эле баягы анекдоттогудай бири-бирибизди буттан чалып жатабыз. Д. Кунаев айткандай, “кыргыздын кыргыздан башка душманы жок”...
 
Мейли, ошолор бийликке келсин, башкарсын, кумары кансын дейли. Бирок мамлекеттин абалы, элдин тагдыры Акаевдин учурундагыдан алты эсе, Бакевдин тушундагыдан беш бетер кургуйга кулап жатпайбы. Эгер чындыкты бетке айта турган болсок, 2011-жылдын апрелинен кийин айрым кызматкерлерди туулган жерине, мурдагы бийликтин тушунда иштегендигине карап “репрессиялоо” болду. Бул сөзүбүзгө далил келтире турган болсок, мисалдар толтура. Учурда ИИМде бул багытта кандай иш-аракеттер болуп жатканын депутаттар жакшы эле айтып чыгышты.
 
Макул, аталган партиянын өкүлдөрүнүн моралдык жактан бийликке келгенге укугу бар дейли. Сабырдуу элибизде “өткөн ишке салават” деп коёт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө райондук, шаардык жетекчилердин кудум эле “апрель революциясы” учурундагыдай алмаштырылып жатышы  Акаев, Бакиев доорундагы шайлоо алдындагы өздөрүнө ыңгайлуу жетекчилерди кызматка дайындоо “ыкмасын” эске салып отурат.
 
“Эски жетекчилердин” айрымдары коомчулукка белгилүү болгон күнөөлөрү үчүн кызматтан алынса, кээ бирөөлөрүнө жасалма түрдө айып тагылууда. Өткөн жумада Жалал-Абад облусунун губернатору өзбек сепаратисти К. Батыров менен “тилектештиги” үчүн парламент жыйынындагы депутаттардын талабы менен кызматтан алынды. Ал эми Жалал-Абад   шаарынын губернатору М. Женбековду “Россиянын атуулу экен” деген жүйөө менен бошотушту. Башкы прокуратура мындай “жаңылыкты” кудум эле бакиевдердин бирин таап алгандай сүйүнчүлөп, жар салды. Эмне үчүн башында анын атуулдугун текшеришкен эмес? Көрсө, экс-мэр алдыдагы президенттик шайлоодо азыркы бийликтин талапкерине иштебей турган адам экен. Чын эле М. Женбеков өткөн ишемби күнү “Ата-Журт” партиясынын курултайына катышып, ким тарапта экендигин көрсөтүп койду. Бул эки чоң кызматка тең КСДПнын анык мүчөсү болбосо да жең ичинен сүйлөшкөн же жашыруун “никеси кыйылган” адамдар дайындалды.
 
Андан кийин  Кара-Балта шаарынын мэри Оомат Казакбаев да шайлоонун шары менен оодарылды. Бул тууралуу ал өзү Бишкек-Ош жолун тособуз деп айбалтасын бийликти көздөй сунган тарапташтарын араң басып, дүйшөмбү күнү Бишкекке келип, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп айтып жатпайбы. “Биз былтыр күзүндө парламенттик шайлоодо элдин экиге эмес, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүшүн көрүп туруп, жок дегенде ушундай абалга жол бербейли деген максатта Чүйдөгү элди биримдикке үндөгөнбүз. Натыйжада Кара-Балта шаарында “Ар-Намыс” партиясы биринчи орунду ээлеген. Ал эми жакында мага А. Атамбаевдин адамдары келишти, президенттик шайлоодо бизге иштеп бер дешип. Бирок мен ал кишини жакшы билгендиктен, мындай сунуштан баш тарттым. Андан кийин аягына чыга элек же жабылып калган кылмыш ишин көтөрүп чыгышты. Мыйзамга ылайык шаар мэрин райондун акими облус губернаторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен гана кызматтан алат. Ошондо да анын ордун орун басары ээлеш керек. Ал эми Кара-Балта шаары карамагына кирген Жайыл районунун да, Чүй облусунун да акими менен губернатору “милдетин аткаруучу” болуп эсептелет. Демек, алардын кадрдык өзгөртүү жасаганга укугу жок. Менин ордума  КСДП партиясынын мүчөсү Д. Шабданов дайындалыптыр. Бул алдыдагы президенттик шайлоого болгон даярдык. Азыркы бийлик мурдагы эле бийлик баскан кетмендин башын басууда. Эми мен өз укугумду мыйзамдын негизинде коргоймун”,- деди ооматын кайтарып алуудан үмүтү үзүлбөгөн Оомат мырза.
 
Эгер Кыргызстандын башка аймактарына же борбордук, облустук бийлик бутактарына көз жүгүртсөк дал эле ушул КСДПлаштыруу процесси жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, кресло ээлегендер президенттик шайлоодо бийликтин талапкерине иштеп берүү шарты менен дайындалууда. Ал эми бизде бийлик дегенде атасын сатып жиберүүдөн да кайра тартпаган эки жүздүүлөр, прицип деген түшүнүгү жок маңкурттар көп эмеспи. Шумдугуң кур, президентикке ат салышкан айрым талапкерлер ал тургай уруусун да өзгөртүп, хандар көп чыккан аймактын шайлоочуларына ыктап жатыптыр...
 
Ушул жумада  Forbes журналы дүйнөдөгү экономикасы өтө төмөн жана эли итке минген 10 мамлекетти аныктады. Бул ирет аталган журналдын тизмесинде  “революция” болуп, Кыргызстан ал кара тизмеде Африка континентинин Никарагуа, Мадагаскар, Свазиленд сыяктуу мамлекеттеринин катарында жүрөт карарып. Америкадан чыгуучу абройлуу басылма Кыргызстандагы гезиттердей ойду-тоону жаза бербейт. ЭВФ, ДБ сыяктуу эл аралык финансы институттарынын жана экономисттер менен окумуштуулардын пикиринин натыйжасында 177 мамлекеттин ичинен эң төмөнкү катарга Кыргызстанды да кошуп отурат. Алардын аныктамасы боюнча, Р. Отунбаева менен А. Атамбаев бир жылдан ашык мезгилден бери башкарып келаткан мамлекетибизге тынымсыз пикет, митинг сыяктуу акциялардын натыйжасында бир да инвестор келгиси келбейт экен. Себеби инвесторлор дагы бир ирет “революция” болуп кетсе талоончулукка кабылабыз деп чочулашат. Ачка калдык деген Акаевдин, тезек тердик деген Бакиевдин доорунда деле Кыргызстан он жылдык атуулдук согушту баштан өткөргөн кошуна Тажикстандан төмөн деңгээлге түшкөн эмес.
 
Forbes журналы ошондой эле Кыргызстанды коррупция менен кылмыштуулук өтө жогорку деңгээлде өнүккөн үлкөлөрдүн катарына кошкон. Мындай тыянак бийликтин кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүнүн доорунда айтылып жатканы да кызык. Демек, кримчөйрөгө каршы күрөш курулай популизм экенин моюнга алып коюшкан оң. Бир жылдан бери караганыбыз Отунбаева менен Атамбаев болду. Президентте укук жок болгону менен, колунда Башкы прокуратура, коопсуздук кызматы бар экен, каалаганын кылууда. Ал эми Атамбаевге мындай шансты Кудай берсе бир берет. Себеби, парламенттик башкаруунун тушунда, эң көп ыйгарым укук премьер-министрдин колуна тийген. Ишенген Атамбайчик эмне кылды? Экономиканы аңга кулатты. 1 жылда Кыргызстанды “Форбстун” кара тизмесине, эң жакыр мамлекеттердин катарына кошту. Бул эмгеги үчүн Атамбайчик президенттик тактыны талап кылууда. Президент боло электе кылганы ушул болсо, президенттикке жеткенде такыр курутпайбы бизди? Эмнеси болсо да, терең ойлоно турган учурда турабыз. “Жети өлчөп, бир кес”, кыргызым!
 
“Майдан.kg” гезити, №26, 14-июль