2014-жылдын жазгы саясый өнөктүгү өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы саясый күчтөрдүн биригүүсү менен башталды. Өткөн жуманын башында Бириккен Улуттук Оппозициалык Кыймыл (БУОК) деген аталыштагы жаңы оппозициалык бирикменин түзүлгөндүгү тууралу маалымат желдей тарады. “А”, дегенде Акаевге каршы КЭК, Бакиевге каршы БЭК деген кыймылдарга окшотобуз деп “Бириккен Оппозициялык Кыймыл” аташса абревиатурасы БОК болуп калып Улуттук деген сөздү кошуп БУОК кылышса, “төрт тамга болуп кетти, удача үч тамгага келчү эле, БУК эле болсунчу, “БУОК” деген деле беркиндей эле начар угулуп атат” дешип атын кийинки жумада боло турган презентацияга чейин такташмай болушуптур. Кандай деген күндө да, Кыргызстандын саясый аренасында бир топ таасирдүү саясый күчтөрдүн бирикмесинин пайда болушу - бийликке нааразычылыгы күч болуп турган коомчулук ичиндеги кыймыл-аракеттерди жандандырып, бийлик сересиндегилерди сестендирип койгондугу ачык байкалууда.
 
Ош менен Жалалабадда кеңири колдоочулары бар Мелис Мырзакматов, Камчыбек Ташиевдин, Ысык-Көлдүктөрдүн Сарууда өткөн курултайында координатор катары шайланган Кубаныч Кадыровдун, Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаты Равшан Жээнбековдун, НДПК партиясынын лидери Артур Медетбековдун, “Каршылык көрсөтүү кыймылынын” жетекчиси Өмүрбек Суваналиев ж.б. дагы бир топ элге төбөсү көрүнгөн жигиттердин БУК деген уюмга биригип, акыркы жылдары авторитаризмге ыктай баштаган президенттик бийликке каршы чечкиндүү аракеттерди баштай тургандыктарын жарыялашы кыргыз саясый айдыңын катуу жандандырып таштады. Коом ичиндеги нааразычылыгы бар көптөгөн жарандар, саясатчылар, уюмдар жанданып, баш көтөрүп, жаңы бирикме менен байланышып кошулууга аракеттене баштады. Шаштысы кеткен бийлик башындагылар көнгөн адат боюнча оппонентерди каралоо, жаманатты кылуу аркылуу элдин ишениминен ажыратуу аракеттерин көрүүдө. Мамлекеттик ресурстарды, кошоматчыларды пайдаланып саясый оппоненттерин каралоо менен буга чейинки эч бир бийлик максатына жетпестен, тетирисинче элдин оппозицияга болгон колдоосун күчөткөнүн соңку жаңы тарых тастыктап турганына деле карабай, ошол катачылыктарды кайталап жатышы алардын өзүнүн алсыздыгын мойнуна алып атканындай эле элес калтырууда.
 
Бийликтин мындай каралоо аракеттери БУКтун жаңы шайланган лидери, ЖКнын депутаты Равшан Жээнбековдун наамына багышталып, “Акаевдер менен иштешип, сатып кеткен, пансионат менчикке чыгарып алган” деген сыяктуу каралоолор болуп жатат.  Бийлик жаманатты кылууга жасаган аракеттер ошол адамдардын персонасына кайра бир ирет сереп салып, обьективдүү баа берүүгө шарт түзүп жатканын да айтсак болот. А.Ааевдин бийлиги кеткенден кийин эмес, күчүнө кирип турган маалда, үй-бүлөөнүн алкы бузулуп, ашыкча талаптар түшө баштагандан улам, азыр айыптап жатышкан “Кумтөр” маселесине  кол койбой койгону үчүн кызматтан кетип, депутаттыкка талапкерлигин коюп, Акаевге каршы оппозициянын, кийин Бакиевге каршы оппозициянын катарында болгону белгилүү. Менчиктештирилген пансионат тууралуу айтсак, ошол кезде чындыгында эле көптөгөн мекемелер, завод, фабрикалар арзан баада жеке менчикке кеткени чын. Бирок алар ошол кездеги мыйзамга ылайык менчиктештирилген. Маселе анын арзан, керек болсо бир долларга кеткенинде эмес, анын кийинки иштеп кетеринде болгон. Тилекке каршы арзан алып алып, аңгыратып, иштетпей бош коюп, жабдууларды, тетиктерди Кытайга металлоломго саткандар да болду. Ошонун баары Маммүлк жетекчилигинин буйругу менен кеткен жок, ал кездеги мыйзамга ылайык, мыйзам чегинде менчиктештирилгенден кийин, курулай каралоодон башка айла жок болуп жатат да. Болбосо тартышпайбы, кылмыш жоопкерчилигине.
 
Р.Жээнбековдун оппозицияга лидер болуп шайланышы боюнча да ар кандай пикирлер айтылып, акыры оппозицияга бириккендер тарабынан, кызматтык тажырыйбасы, Кыргызстандын  университетинен юрист кесибине, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын аспиранты болуп, 1996-жылы “Борбордук Азиядагы эл аралык  мамилелер: геосаясый аспектилер” деген темада диссертациясын жактап, саясый илимдердин кандидаты деген илимий даражага ээ болгону, Американын алдыңкы окуу жайы болгон Массачусетс Технологиялык Институтунун Слоун Менеджмент мектебинде билим алганын, ЖКнын депутаттыгы статусу бар экенин эске алуу менен “туура эле чечим кабыл алыптырбыз”,- деген бүтүмгө келишкени белгилүү болду.
 
Маалымат айдыңындагы кайым айтышууларда атайылап, шымаланып, шыбап жаткан бийликтин жалданма кошоматчылары а дегенде басымдуу болуп келип, колдору талыдыбы, сыясы соолдубу, гонорары тосулдубу (?), айтор, аяктары суюлуп,  бара-бара акыл калчагандар, колдогондор көбөйүп баратканы байкалат.
 
БУКко каршы айтылган пикирлердин көбүндө кандайдыр бир омоктуу ойдун бар экени деле байкалбайт. Баягы эле Акаев, Бакиевдердин бийлиги айттырып, көнүмүш болуп калган: “булар баягы эле эски саясатчылар экен, жаңылар, жаштар болсо болмок, булар ким эле (?), тигиниси тигиндей, мунусу мундай, жеке кызыкчылык, кызмат үчүн, бийлик үчүн чыгып жатышат,”- деген сөздөр. Ал кургурларга: “ай тууганым, бийликти сындап, катачылыктарын ачык-айкын бетке айтып көзөмөлдөп турбаса кутуруп кетип, андан сен экөөбүз эле жабыркап жатпайбызбы, булар жакпай жатса, жакшылары, жаштары жок болуп жатса,  сен өзүң да чыкпай жатсаң, анан эмне кылалы?” - деген киши жок.
 
Кандай десек дагы, БУКка биригип, бийликтин “камайм-сабайм” деген кысымынан корпой-үркпөй, “бийликтин чектен чыккан, мыйзамсыз, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына карама-каршы келген аракеттерине, акыркы кездерде ачык сезиле баштаган бийликти узурпациялоо аракеттерине каршы аракеттерди баштайбыз,”- деп, биригип, ачык чыгып жаткандыктары эле урмат-сыйга татыктуу десек болот да. Мунун өзү эле, БУКка мүчө болгондор тууралуу жалданган кошоматчылар тарабынан  айтылып жаткан: “жемкорлор, жеп-ичкичтер” деген “айыптоолорду жокко чыгарууда. “Жеп ичкенибиз болсо кана (?), камай берсин” деген позициянын өзү эле көптөгөн жаманаттылоолорду четке кагууда.
 
Кыргызда “жоктон көрө жогору” деген кеп бар демекчи, башкасы жок болуп жатса, өзүм билемдикке басым жасаган бийлик, мындан мурунку эки президенттин жолуна түшүп, кайтадан авторитардык режимди орнотуп баратса, мамлекеттик кызыкчылыктар менен жеке кызыкчылыктар аралашып баратса, элдин турмушу начарлап, келечекке деген ишеним өчүп баратса, эмне кылалы анан? “Эмне болсо ошол болсун” деп отура берелиби? 
 
Баягы  эки карга “БОК жаман, БОК жакшы” деп атса, дагы бири учуп келип: “БОК жаман эмес, ЖОК жаман” дегендей, “болгонуна каниет кылып, “Элим, жерим” деп эңгиреп бой көтөрүп жаткан жигиттерибизди колдоп алалы,”- дегендердикин эле элибиз туура кабылдачудай болуп турат. “Өсөөр эл өз балдарын баатырым дейт, өспөс эл өз балдарын катыным дейт” демекчи, өзүбүздүн жарандарыбызга өздөй мамиле кыла албай жерип отурсак кантип оңолобуз? “Уй мурдун сасык деп кесип салбайт” деген бабалардын кеби бар эмеспи, эсибизге келели, кагылайын калайык!
 
Азыр эми анча мынча эсин жыйган бийлик башындагылар да тактикасын өзгөртүп, “кимисине эмне керек экен (?), сатылчулары болсо бөлүп кетели, бириндетип ит кылалы” деген аракеттерди көрүп жатканы, “чачырай турган болуп калды” деген ушактарды таратып жатканы маалым болду. Булар эми БУК болобу, бугу чыкпай БОК болобу ал албетте  өзүлөрүнөн, аны убакыт көргөзөөр. А биз болсо, колдоп койолу, бизде армандары калбасын. 
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: “Майдан.kg”, №06 (135), 19.02.2014-ж.