Бийлик элдин үнүн укпай жаткандыктан Жалал-Абад, Аксы, Сарууда жана Ошто нараазычылык акциялары күчөп, кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат. Мына ушул татаалдашып бараткан коомдук-саясий абалды байкаганым үчүн эл алдына чыгып, бийликке өз оюмду ачык айтып коюуну туура таптым. Мен 2005-жылы да, 2010-жылы да көзүн май баскан бийликке катуу сын айтып чыканмын. Ошол кездеги революционерлер, кийин президент болушкан Курманбек Бакиев менен Роза Отунбаевалар менин үйүмдү штаб кылып, кирсе-чыкса «рахмат» айтып иштешкен.
 
Тарых кайра кайталанат экен, элдин чыдамы кетип, жаны кашайып турат. Бийликке эл араң ишенип келе жатканда Жогорку Кеңештеги курч депутаттарды кошоктоп камай баштаганы жараканы ого бетер күчөттү. “Кан төгүлүп кетпесин”,- деп элди сабырдуулукка чакырып, араң басып турабыз. Жогорку Кеңештин төрагасы келеби, Өкмөт башчы келеби, президент келеби, эл азыр аларды укпай турган акыбалга келип калды. Акыркы күндөрү мага да келип, “митингке чыкпа, сага Анталияда канча күн, канча киши менен дем алам десең путевка даяр. Каалашыңча акча берели!”- деп жатышат. “Угуп койгула, менин кыргыз элим чындык издеп, көз жаш төгүп бетондо отурса, мен алардын көз жашын миллион долларга да алмаштырбайм!”,-деп жолго салдым. Мындан да өкүнүчтүүсү, Ош шаарынын башчысын шайлоо жакындаган сайын кылмыштуу топтордун аракети күчөдү. Булар шаардык Кеңештин депутаттарына күп-күндүз келип түрдүү шарттарды коюп боздото башташты. “Эгерде биз айткандай болбосоң үйүңдү өрттөйм, ишканаңды өрттөйм, балаңды өрттөйм”,- деп коркуткандар болуп жатканын тажрыйбалуу орган адамы катары көрүп, билип турам.
 
Ага-ини Жээнбековдордун тарых кечирбей турган күнөөсү
 
Бир тууган Жээнбековдор тууралуу айтсам, булар Убактылуу Өкмөттүн ишенимине кирип алып, жалган клиптерди тарттырып, анысын КТРден чыгарып, эл көзүнө Ош окуясын токтотуп калган баатырлардай көрүнгүсү келип жатышат. Бир окуяны эске салып коеюн. Бир күнү ага-ини Ош шаарынын борбордук аянтына чыгып алып, эки-үч камераны тарттыртып, сүйлөп атыптыр. Кызматкерлеримди “барып карагылачы, булар эмне иш кылып жатат?”,- деп жиберсем, клип тарттырып жатканын айтып келишти. Азыркы техниканын өнүккөн заманында баарын жасаса болот экен. Тиги жакта күпүлдөп сүйлөп аткан ага-ини Жээнбековдорду тасмага тартып туруп, алардын бет маңдайына мурдагы митингдерде аянтка чыккан элди жабыштырып, монтаждап, КТРден чыгарып, кыскасы тарыхты бурмалаганга аракет жасап көрүштү. Бирок, элдин көзү көр эмес. Булар мына ошол кандуу окуя мезгилинде каерде, эмне иш менен алек болуп жүргөнүн Оштун эли бүт билет. Мен өз көзүм менен көргөн эки фактыны айтып коеюн: Биринчиден, коомдук тартипке келген акчаларды, долларларды ага-ини бөлүп алышкан. Ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн Ошко акча бөлүнгөнүн айтып, түз эле мага акча менен келишти. Мен ал кезде Ош облусук ички иштер башкармалыгынын башчысы элем. “Эмне жардам керек?”- деп сурашканда мен айттым, “милиция кызматкерлерине ысык тамагыбыз жок, күйүүчү майыбыз жок. Ошондой эле булардын үй-бүлөлөрүнө бир аздан азык-түлүк жардам берип койсок, коомдук тартипти сактаганга даяр турушат”,- десем, “ошол эле болсо мына чечилди”,- деп, мешоктогу акчаны көрсөтүштү. Кудай жалгап, эми укук коргоо органдарынын муктаждыктары чечилип, бир чыны болсо да ысык тамак уюштуруп берет экенмин деп кубанып калдым. “Жүрүңүз, Ош жетекчилигинин жана прокуратура кызматынын жанына барып, акчаны калыс бөлүштүрүп берели”,- дешти. Мен аларга ишендим. Каптагы акчаны түз эле Сооронбай Жээнбековдун кабинетине Өкмөт мүчөлөрүн күзөтчүлөрүм менен күзөтүп, мына мен алып бардым. Бир маалда Өкмөт мүчөлөрү менен ага-ини Жээнбековдор мушташып кетишти. “Эмне үчүн УВДнын начальнигине бул акчаны көрсөтөсүң, бул акча башка багытка келген акча болчу”,-деп Асылбек тополоң чыгарды. Мен аларды араң ажыраттым. “Эл эшикте толкуп турса силер акча талашып мушташып атасыңар. Коомдук тартипке бөлүнгөн акча болсо, мен бухгалтеримди чакырып, бергениңерди алып кетейин?”,- десем, “Жок, сен саясатты түшүнбөйт экенсиң. Бул башка багытка келген акча”,- деди ага-ини. Мен эшигин жаап чыгып кеттим. Андан кийин мен Ош шаарынын мэрине “Сизге акча бөлүндүбү?”- деп кайрылдым. “Жок”,- деди ал. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине кайрылсам алар да “жок” дешти. Облпрокурордон сурадым, “Ай сага акча бердиби?”- деп, ал дагы “жок” деди. Кырдаал күн өткөн сайын курчуй берди эле, Сооронбайга кайра барып, “Ай, баягы акчадан бөлүп берсеңер боло, техникабыз, күйүүчү майыбыз жок кыйналып кеттик. Жалал-Абад өрттөнүп атат. Ош өрттөнүү алдында турат”,- дедим. Ал кайра эле баягы сөзүн кайталап, “бул жерде сен саясатты түшүнбөйт экенсиң. Бул СДПК деген партияга келген акча. Бул акчага Асылбек спортсмендерди багып атат. Шейит-Дөбөдөгү сүт заводду барып кара, Кара-Суудагы Кашкар-Кыштакка барып кара. Ал жерде жүздөгөн өзбек спортсменди багып атат”,- деди. Мына сага! “Бул эмне кылганыңар”,- деп ызама чыдабай эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Көрсө, Бишкектен келген акчалар Иномжан Абдурасуловдун спортсмен балдарын багууга берилген экен.
 
Адылбек Султановдун өлүмүндө бир тууган Жээнбековдордун «колу» бар
 
Мен тарых үчүн айтып коеюн, эгерде Жээнбековдор мына ошол Бишкектен келген акчаны туура багытта пайдаланганда, каргашалуу окуя болмок эмес. Азыркы күндө мына ошол Ош окуясына шыкакчы болгондор жазасын алыштын ордуна, тескерисинче эң жогорку кызматтарда отурат. Дагы кайталап айтып коеюн, бул бийлик турганда июнь окуясы тууралуу чындык ачыкка чыкпайт. Сепаратисттер: Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов, Карамат Абдуллаева, Салахуддиновдордун баары СДПКнын штабында кофе ичип, согуш болгонго чейин да, согуш учурунда да кирип-чыгып жүргөнүн элдин баары билет. Ошондуктан, каргашалуу окуянын чыгышына сепаратисттер кандай күнөөлүү болсо, азыркы бийликте отургандар да так ошондой күнөөлүү! Эми экинчи ачуу чындыкты айтып коеюн: ошол июнь окуясы мезгилинде сепаратисттердин колунан ажал тапкан Адылбек Султанов менен Уран Шамурзаевдин кайгылуу өлүмү жөнүндө баарыбыз билебиз. Адылбек Султанов ИИМдин эң кадыр-барктуу кызматкерлеринин бири болчу. Анын адилеттигинен жаштар гана эмес, улуу муундар да сестенип турчу. “Ыйлагандын көзү жаман, айткандын тили жаман”,- дегендей, Адылбек менен Уранды кандай абалда жерге жашырганыбызды жалпы коомчулук көрүп турду. Мен бир чындыкты ушул күнгө чейин айтпай келдим элем. Милиция кызматкерлеринин кабыргасы кайышса да айтып коеюн: бул кесиптештерибиздин бейажал өлүмүнүн артында Асылбек Жээнбековдун “колу” бар. Муну укук коргоо органдары, милиция кызматкерлери түздөн-түз угуп алгыла. Себеби, Адылбек Султановдо Асылбек Жээнбековдун Бишкектен келген каражатты кайсы багытка короткону, кайсы жерде кандай иш уюштурганы тууралуу так маалыматтар бар болчу. Ал өзү жүргүзгөн оперативдик иликтөө иштеринин негизинде мага маалыматтарды айтып турчу. Июнь окуясы жакындаган күндөрү “бул Жээнбековдор Ош окуясын уюштуруп жатат”,- деп айткан эле. Билем, бул бийлик турган учурда бул кылмыштын бети ачылбайт. Бирок, келечекте сөзсүз ачылып, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенем. Ошондуктан, укук коргоо органдары ууруларды эле кайтарып жүрө бербей, өзүнүн укуктарын да туура пайдалансын деп эскертип жатам. Ошолорго (милицияга) келген нанды уурдатып жибергеним үчүн азыркыга чейин ызаланам. “Милиция кызматкерлери кантип ошол нанын уурдап алган Жээнбековдорду кайтарып жатышат?”- деп кээде таң калам. Чын, уурулар азыркы күндө бийлик бутактарында отургандыктан «айлабыз жок» деп алакан жайышат алар. Жогорку Кеңештен келген депутаттарга да айттым, “кайсы оозуңар менен Ош шаарын, Ош облусун канга булаган, коомдук тартипке бөлүнгөн акчаны уурдаган адамды төрага деп айтып отурасыңар?!”,- деп. Жооп бере албай жер карашат баары.
 
Чыдам чынжыры үзүлгөнү калды
 
Эл бүгүн болбосо да, эртең сөзсүз жарылат Менин көз карашымда, эл ушул күнгө чейин “тынчтык болсун”,- деп сабыр кылып, адилеттикти күтүп жашап келди. Бирок, элдин бул бийликтен үмүтү үзүлдү. Эми үч бийликтин бутагы кошулуп келсе да, акча таратып келсе да эл аларды кабыл албай турган даражага жетип калды. Бул жерде Коомдук канал (КТРК) элдин үнүн туура чагылдырбай, кырдаалды ого бетер курчутуп жатат. Аскар Акаевдин мезгилинде да “ашууда ат алмашпайт”,- деп айткан беш-алты дежур чалды сүйлөтүп, элди ого бетер кыжырданткан эле. Мына ушундай жол менен Акаевди качырышты. Ошентип жүрүп Бакиевдин түбүнө жетишти. Калыстык кетип, элдин үнү бийликке жетпей баштаганда сөзсүз жарылуу болот. Мына ошондо миңдеген күч түзүмдөрүн алып келсе да кеч болуп калат. Жээнбековдор уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге 2011-жылы Камчыбек Ташиевди арматура менен чаптырганын тарых эч качан унутпайт. Бул азаптоого мыйзам чегинде жооп бере турган да күн келет. Булар: “Мына биз Камчыны арматура менен чаптык, акчаны бизге бере бериңиз, биз дагы бир топ арматураларды даярдап койгонбуз. Акчаны бизге берсеңиз, же биз айткан адамды кызматка койсоңуз кырдаал жолуна түшөт”,- деп президентке жалган маалыматтарды берип жатат. Бул маалыматтарга ишенген Атамбаев КТРден чыгып алып элдин эсин оодарган сөздөрдү сүйлөп жатат. Дагы кайталайм. бүгүн болбосо, эртең жарыла турган кырдаал түзүлүп калды. Бул Ошто жарылабы, Таласта жарылабы, Көлдө жарылабы, баары бир жарылат. Менин Кудайдан тилегеним - кан төгүлүп кетпесе экен! Чоң кесепеттин жакындаганын алдын ала сезгеним үчүн элди сабырдуулукка чакырып атам. Бийлик элдин агымы менен болбосо кырдаал жаман жагына оойт. Учурдан пайдаланып, айрым депуттарга да айтып коеюн, мандат алып жатканыңарда “айланайын Кудай, айланайын кыргыз элим, силерге ак кызматымды арнайм,”- деп ант бергенсиңер. Эч кимиңер “милициянын нанын уурдагандарды, Ош окуясын чыгаргандарды коргойм”,- деп ант берген эмессиңер. Бийик трибунаны саясий оюнуңарга пайдаланганды токтоткула. Элди бандитке теңегенди токтоткула! Өткөндө бир депутат оозу-мурду кыйшайбай айтып атат: “ай, бандиттерди колдогон акмак эл, элдин атынан сүйлөбөгүлө”,- деп. Эмне, он миңдеген элдин баары акмак болуп калыппы? Кайра кайталайм, депутаттар, кеч болуп кала электе антыңарды аткаргыла! Унутпагыла, 2010-жылы да Убактылуу Өкмөт бүгүнкү күнгө окшоп Жээнбековдордон башканы укпай койгон. Азыр да мына ошол учурду кайталап, Атамбаев элди чоң масштабдагы трагедияга өз колу менен түртүп жатат.
 
Абдылда Капаров,
Ош облустук ички иштер башкармалынын мурдагы башчысы
Булак: “Майдан.kg”