Жумалаган Жаңы жылдык өргүүдөн тажай баштаган кезде, «Түштүк борбору тараптан  чакыруу келиптир» деп, жоон топ кыргыз журналистери дүрбөп, убай-чубай ордолуу Ошту карай жөнөп калдык. Ак-кар, көк-музду аралап, жерибиздин кооздугуна суктанып отуруп 600 чакырым жолду кантип басып өткөнүбүздү деле байкабай, күүгүм талаш экинчи ордо калаабызга кирип бардык. Ош шаары жаркырап тосуп алды. Жакшынакай болуп өзгөрө баштаган шаарды аралап, коюнубуз кубанычтуу таңданууга толуп, маанайыбыз да  көчөлөрдөй жапжарык боло түшкөнсүдү.
 
Эртеси эртелей мэриянын жанына чогулуп, июнь коогалаңында курман болгондорго тургузулган «Энелердин көз жашы» монументине гүл коюп, куран окуп, ошол эле скверде орнотулган  тынчтык конгуроосун кактык. Автобустарга отуруп Алымбек датканын чынар терегинин жанындагы «Сүйүшкөндөрдүн аллеясына» барып бак отургузуп, андан соң Манас бабабыздын, Барсбек кагандын айкелдерине таазим кылып, шаарды аралап, жаңы курулуштар, көчөлөр менен кеңири таанышып, Ош мэриясынын алгылыктуу аракеттерине чын жүрөктөн ыраазы болдук. Демилгенин автору Мелис Мырзакматов журналистер менен бирге автобуска отуруп, гид болуп, жасалган иштер, алдыдагы пландар тууралуу айтып берип отурду.
 
Акыры, негизги иш чара боло турган жерге да келип жеттик. «Кулатов» кичи районунун кашындагы кенен жолдун этегиндеги кылкага бак отургузуп, «Журналистер аллеясы» атоо пландалыптыр. Болочок аллеяга журналистер, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, мэрия кызматкерлери менен бирге 200 түп арча отургуздук.  Генералдык план боюнча аллеяга атайын аянтча жана басма сөз борборун куруу каралып, азырынча, шаардык бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөнү айтылды.
 
Жергиликтүү депутаттар, муниципалдык кызматкерлер, карапайым адамдар менен жолугушуп пикир алмашууда Ош шаарындагы өнүгүүгө канагаттануу, колдоо бар экени ачык көрүндү. Июнь каргашасында борбордук бийликтен түңүлгөн түштүктүн эли патриот уулу Мелис Мырзакматовго ишеним артып, келечектен үмүттөнүшөөрү байкалып жатты. Кыргыз бийлик башындагыларынын Оштун мэрин кызматтан кетирүү үчүн ачык да тымызын да аракеттенип келгенин ачыктан-ачык  сынга алгандар да болду.
 
Апрель төңкөрүшүнөн кийин Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөт бир канча жолу Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүүгө аракеттенип, ар түрдүү кызматтарды сунушташып, бирок, Ош элинин катуу колдоосу бар үчүн гана ишке ашпай келе жатканы белгилүү. Мындай аракеттер азыр да улантылып, Бишкек, Ош шаарлары туураалу мыйзамды кайра кабыл алуу аркылуу ишке ашыруу аракеттери бар экени ачык байкалууда. Б.а. атайылап мыйзамжазуу жолу менен Мелис Мырзакматовдун  кайрадан мэрликке шайланышына бөгөт койуу планы бар экен. Андай арам мыйзамды  Өмүрбек Текебаев баш болгон Жогорку Кеңештин (ЖК) жоон топ депутаттары колго алганын айтышты.
 
Июнь коогалаңынан кийин түштүк тарапта аброюнан кол жууп, Алмазбек Атамбаевдин көзүнүн кареги менен тең айланып, кошоматчылык менен гана күн көрүгө мажбур болуп калган «ата-мекенчилердин» анабашысы кожоюндун көңүлүн табуу максатында ушундай ыплас ишке барууга аргасыз экенин байкаган оштуктар катуу нааразы болушуп,  жерге түкүрүп жатышат.
 
Ошентип, көз карандысыздыкка жеткенден бери көнүмүшкө айланып, коомдун өнүгүүсүнө тоскоол болуп келаткан илдетибиз Кыргызстандын борбору Бишкек шаары, экинчи борбору болгон Ош шаарынын статусун аныктай турган атайын мыйзамды кабыл алып, борбор калаалардын өнүгүүсүнө шарт түзөлү деген аруу тилектерге да залакасын тийгизгени турат. Качан болсо ушул «оорудан» жабыркап, авторитардык режимдин кызыкчылыгы алдыга чыгып, төбөлдөрдүн амбициясы менен жеке кызыкчылыктарынын аралашып кетип, элдин кызыкчылы экинчи орунга калып келет.
 
Азыр да ушундай кылуу максатында ОШ шаары тууралу мыйзамдын долбоорунун 30-статьясынын 2-пунктуна: «Мэрдин кызматына үчтөн кем эмес талапкерлерди шаардык кеңешке көрсөтүү укугу Премьер-министрге берилет»,  дегендей шартты киргизүү аракети көрүлүп жатыптыр. Мындай иштер ачык эле М.Мырзакматовду кызматтан оодаруу үчүн жасалып жаткандай кабыл алынынып, түштүктүктөрдүн кыжырын келтирүүдө. Жергиликтүү коомчулук болсо, бул мыйзамга Бишкек шаары тууралу мыйзам долбоорунун 28-статьясынын 2-пунктундагыдай норма киргизилип, «Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди шаардык кеңештеги фракциялар жана Премьер-министр көрсөтүүгө укуктуу» деген норманы киргизүүнү талап кылышып президентке, ЖКга, Текебаевге кат жолдошту.
 
Бишкек жана Ош шаары тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун салыштыра келгенде да бир топ, одоно кемчиликтер байкалат. Муниципалдык кызматтардын тарифин аныктоо, көчөлөргө ат коюу, мамлекеттик органдардын жергиликтүү жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу сыяктуу укуктар мыйзамда каралбаган, же чектелген.
 
Мындай мыйзамдардагы ондон ашык дал келбестиктер, калпыстыктардын пайда болушунун себептери эмнеде? «Эмне үчүн Бишкек шаардык кеңешине берилген укуктар Ош шаарынын мыйзамында каралбайт» деген нааразычылык күч. Ал тургай, «атайылап жасап, биздин укугубузду тебелеп, кемсинтип жатышат» дегендер да бар экен. Сөздүн кыскасы, эгерде борбордук бийлик өзүнүн Ош боюнча  саясатын өзгөртпөй эле, ушинтип «көтөн зордукка» салуусун уланта бере турган болсо, арты катуу чырга айланчудай. Кыйын кезеңде арка бел болгон уулу М.Мырзакматовду колдоочулар көтөрүлө турган болсо, ансыз да түштүк тарапта аброю төмөн борбордук бийликке кыйын болоору талашсыз.
 
Мына Алмазбек Атамбаев дагы жыл башында жакшы саамалык менен чыгып, “өлкөнү өнүктүрөм”,- деп алпурушуп, беш жылдык өнүгүү стратегиясын сунуштоодо. Балким ага, так ушул Мелис Мырзакматов сыяктуу өнүгүүнү иш жүзүндө көргөзгөн кадрлар керектир. Анан болбой эле, иштегендерди кубалап, ит-куш менен ууру-кескилерди жанына үймөлөктөтө берсе, анда анын стратегиясы ишке ашат деп ким айта алат?
Андыктан, президентибиздин чындап эле өнүгүү жолуна түшө турган ою болсо, анда  Алмазбек Атамбаев биринчи ирет өзүнөн баштоосу кажет. Алды менен өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгү акыр-чикирден арылышы керек. Антпесе ишенич болбойт, иш жылбайт.   Баамчыл элибиз, андайды бат эле баалап, «а-аа, мунусу да болбой калды, бул Алмаздын баягы көнүмүш лапшаларынын бири тура»,- деп өз баасын берип коёт.
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ