Өмүрбек Бабанов баш болгон Өкмөт мындай саясый жүрүшү менен келечектеги муундардын ырыскысын жеп коюшу ажеп эмес. Себеби, өтө көп. Анда, эмесе сөз ирети менен болсун.
 
2010-жылдагы  тополоңдон кийин кыргыз бийлиги талкаланган экономиканы калыбына келтирүү үчүн кыпындай иш жасабаганына карабастан, жакындарынан ажыраган жарандарыбыздын ар бирине 1 миллион сомдон жардам берип, турак жай куруп берүүгө жетишти. Өндүрүш ишке кирген жок. Байлар капиталын сыртка алып чыгып кетип атат. Коммерциялык банктарда кредиттик портфел күн сайын азайып барат. Бирок, Өкмөт социалдык милдеттенмелерин дээрлик аткарып жатканы кызык. Какшып калган казынаны кантип толтуруп жатат? Ушуга акылым айран эле. Мындай иштерман Өкмөткө Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын бериш керек эле. Көрсө, кеп башкада экен. Өткөн жылдын аягында айрым ири ишкерлер салыкты алдын ала төлөп келгендиги тууралуу тар чөйрөдө күдүң-күдүң сөз кылганы эсимде. Мындай көрүнүштү алар, колун кайрып, зордоп алып жаткан рэкеттердей эле мүнөздөшкөн. Бул сөздөр тегин жерден айтылбаптыр. Ишкерлердин эң патриоту эсептелген Аскар Салымбековдун Москвадан базар ачып, ошол жакты ыктап турганы тууралуу миш-миштер бекеринен эмес. Эми башкасын айтпай эле туралы. Кыргызстандын рэкет-Өкмөтүнө «Кумтор оперейтинг компани» ишканасы 2013-жылда төлөнүүчү салыктын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн колдоо үчүн 20 миллион долларды өз эрки менен которуп жатат. Муну бийликтеги финансистер мыйзамдуу иш чара катары кабылдашууда. Жок, бул келерки жылдын бюджетине кол салуу – кылмыш болуп эсептелет. Өкмөт быйылкы бюджетти өзүнүн акыл-эс дарамети, ички резервдери менен толтура албаса, тезинен кызматын тапшырып кетиши абзел. Бул караандай элди алдоо. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык, социалдык жактан болобу башаламан саясаттын  курмандыгына айланды. Жылдын жарымы өтүп кетти, 2011-жылдын бюджети кандай аткарылды? Ага эч ким баа бере элек. Бюджеттин аткарылышын түздөн түз көзөмөлдөгөн Жогорку Кеңеш сентябрь айында бул ишти карайт экен. Ушундан өткөн кайдыгерлик болобу? Ал эми кыргыз Өкмөтү болсо, өткөн жылдын бюджетинин «ак-көгү» аныктала электе, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» дегендей, келерки жылдын бюджетине кол сала баштады. Ичи көңдөй бюджетти толтуруунун айласын кылган бийликтин былыгы эми билине баштады. Бул бир.
 
Экинчиден, Өкмөт Жаштар министрлигинин алдында «Ала Тоо Финанс» чаканкредиттик агенттигин ача койду. Ага дагы «Кумтор» компаниясы колу ачыктык кылып, 21 миллион доллар, же болбосо 550 миллион сом бөлүп бере калды. Ушул жерде бир нече суроо жаралат. Эмне, «Кумтөр» саан уйбу? Эмнеге эле алар берешен болуп жатат? 21 миллион доллар каражатты эмненин эсебинен беришти? Ушунчалык эле алардын кирешеси көбөйүп баратыптырбы? Анда, кыргыз Өкмөтүнүн акциясынын үлүшү неге көбөйбөйт? Айтор, жообунан суроосу көп. Бирок, бир гана айныксыз жоромол бар. Жөөттөр бизге жөндөн жөн эле жардам бербей калды го. Бул деген Кумтөрдөгү алтын кенинин эсебинен түшкөн пайданы өзүбүзгө берип жакшы көрүнүп жатат дегенди түшүндүрөт. Өзүбүздүн «эмебизди» өзүбүзгө эле жедирип жатышат. Эми «Ала Тоо Финанс» агенттигине токтололу. Аталган агенттиктин Жогорку Кеңештин депутаттары – бюджеттик мыйзамдардын нормаларына туура келбей тургандыгын таасын белгиледи. Андай агенттикти ачууга укуктук негиз жок экен. Арийне, чын эле «Ала Тоо Финанс» кандай жобонун негизинде иштейт? Белгисиз. Эмне үчүн «Ала Тоо Финанс» чакан кредиттик компаниясынан акча каражаты бөлүнүшү керек? Бул кайсыл шылуундун долбоору? Аталган структурасын түзүп, ишин жөнгө салганча 100 миллиондон ашык каражат кетери турган иш. Анда бул финансы агенттигин түзүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле? Анан дагы ар бир кредит алуучуга 50 миң сомдон берүү лимитинин коюлушу, эч кандай экономикалык акыл-эске сыйбайт.  Кредит алуучуга 50 миң сомдон бөлүп бергенден  көрө, Өкмөт 550 миллион сомго бир ишкана ачып койсо, аз да болсо жумушчу күчү менен камсыз болуп, финансы булактарын максаттуу жумшаганга шарт түзүлөт болчу. Себеби, «Ала Тоо Финанс» агенттиги экономиканы көтөрө турган финансы кызматы боло албай турганы чу дегенде эле билинген. Ошондуктан, акчалар таланып-тоноло электе чара көрбөсө болбойт.
 
Үчүнчүдөн, Бабановдун Өкмөтү Мамлекеттик Өнүгүү банкын түзүү тууралуу маселе көтөрүп келет. Эң жакшы идея. Мындай банк илгери эле түзүлүшү керек болчу. Анткени, өзүнүн каражатын сарамжалдуу пайдаланууну көздөгөн өлкөлөрдө мындай банктар натыйжалуу иштеп келатат. Бирок, Кыргызстанда Өнүгүү банкын түзүү үчүн, анын чөнтөгүнөн акча куюлуп турушу керек. Ошондо гана максатына жетет. Азыркы бийлик арты көңдөй экенине карабастан, Экономика министри Темир Сариевдин оозу менен көп убадаларды бердиртип жатат. Өнүгүү банкынын ачылышына Улуттук банктын өкүлдөрү каршы чыкканынын жөнү бар. Себеби, аталган банк кайсыл мыйзамдарга таянып иштейт? Аны ким көзөмөлдөйт? Бабановдун долбоору боюнча эч кандай лицензия албай эле иштей бериши керек экен. Макул, Өнүгүү банкын түзөлү. Кайсыл каражатка? Улутташтырылган мекеме-ишканаларды сатуудан жарытылуу пайда түшкөн жок. Дээрлик көпчүлүк обьектилер «жең ичинен» сатылып кетти. Анан кайдагы 7 пайыздык үстөгү  менен узак мөөнөткө кредит берүүнү айтып жатат, азыркы бийлик? Учурда мамлекет банктарга карыз болуп отурат. Айрым маалыматтарга караганда, жазында дыйкандарга бериле турган 1 миллиард сомдук кредиттин акчасын Өкмөт айласы куруганда Бабановдук «Кыргызстан» банкынан өз кепилдигин берип 20 паланча пайыз үстөгү менен алган дешүүдө. Ошондо 7 пайыз үстөгүн дыйкан-фермерлер төлөсө, калган үстөгү сиз менен биздин, баягы карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жабылышы мүмкүн. Мындан-келди Бабановго дыйкан-фермерлер гана эмес, биз дагы карыз болуп отурабыз. Ошондуктан, аты бар, заты жок Өнүгүү банкын түзөрдөн мурда Өкмөт ички финансылык башаламандыкты жөнгө салып алса дурус болор эле.
 
Орустар, «чет өлкөдөн футболдук команда, яхта  сатып алды» дешип Абрамовичти жаман көрүп келишет. Ошол эле учурда Абрамович өзүнүн ишканаларын Чукоткага каттатып, ошол жерге салык төлөп, элдин кирешесинин көбөйүшүнө зор салым кошуп келатат. Ал бүгүн барса, бүгүн губернатор кылып шайлап алганга эл даяр турат. Ал эми ишканаларын чет өлкөгө чыгарып кетип, башка өлкөнүн экономикасына акчасын салып жүргөн биздин «балта жутар» жетекчилер, мурункуну кыйратып койгонсуп, кийинки жылдын казынасына кол салып жатса унчукпай келебиз. Опурулган оппозицияга ок тийгенби, оозуна талкан салып алгандай тым-тырс. «Көзүн май» баскан көңдөй Өкмөттүн өзүм билемдиги качан токтойт?
 
Шекербек Калыков,
"Жаңы Ордо"