Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов чиновник катары республикабыздын мамлекеттик кызмат агенттигине берген маалыматы боюнча 2011‑жылы тапкан кирешеси 879 000 сом болгонун өз колу менен толтуруптур. Премьер-министр Өмүрбек Токтогуловичтин декларация толтурганын карап отуруп, бечара өтө эле жарды жашайт тура деп бооруң да ооруп кетет. Ал толтурган кагазды караган адам Бабанов айлык менен жашаган байкуш экен деп ойлоп кетесиң.
 
Андан да Кыргызстандагы эң бай адамдын үстүндө үйү жоктугу өкүндүрөт. Акыркы кездерде чоң кызматтарда иштеген, бирок баш калкалаган үйү жок “бомж”, тууган- уруктарынын үйлөрүндө жашаган атка минерлер көбөйдү. Өздөрү жашаган үйлөрүн ачыкка чыгара албаганына караганда бир мандеми бар го. Бабановду карасаң бир кезде кабагын чытып эл үчүн күйүп-бышып иштеген түр көрсөткөн Апас Жумагуловду элестетип кетесиң. Өмүрбек Бабанов да жаш экенине карабай, керзи өтүктү кийип алып, элге күйүп иштеген Баш бакандын ролун мыкты аткарып жаткандай. Билбегендер, аны эл үчүн деп күнү-түнү иштеп жүрө берип үй алганды да унутуп калган жетекчи тура деп ойлоп кетиши да мүмкүн. Маңдай тери менен тапканын бирөө-жарым тартып алмак беле. Каратып туруп калп айтканына күйүп кетесиң да. Алдар Көсөөнүн жээни болсо да өлкөбүздөгү башы көрүнгөн жетекчинин өз элине чак түштө калп айтканы курусун. “Калп айткандын казаны кайнабайт” дечү беле. Музоонун көзүндөй жалтыраган көздөрүн чакчайтып, болгон 879 000 сом гана таптым деп айтып отурса пенде катары ишенет экенсиң да. Өмүке, ушунча миллиондогон кыргыздын көзү сени карап турса кантип алдоого дитиң барды? Анан кантип коррупция менен күрөшөсүңөр? Элдин баары эле сокур болуп калган жокко!
 
Айрым маалыматтарга караганда алгач Бабанов Айдар Акаевдин жардамы менен бизнесин бутуна тургузган. Бизнести семичкедей чагарында эч кимдин шеги жок. Адал эмгегиң менен тапсаң анда эмне катасың? Балким, олчойгон салык төлөгөндөн коркуп жаткандыр. Салыктан жашырып жүргөн миллиондорун Өмүрбек Текебаев сессия учурунда бир көтөрүп чыгып ошол бойдон ал да тынчып калган жайы бар.
 
Өмүрбек Бабановдун эл арасында “Заправщик” деген каймана аты бар. Кезегинде шаарда жүздөгөн “Альянс” май куюучу станциялары бар болчу. Кийин аларды сатып жиберген. Азыр да “Мунай мырза”, “БНК” май куйган станциялардын артында турат деген кептер айтылып келет. Май жыттанып жүрүп ушул “майлуу” жерге жеткен. “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”, дегендей “заправщик” Өмүрбек мырзанын эски адаты кармап, анын амири менен Баткен аркылуу Тажикстан, Ооганстанга чейин контрабандалык жол менен өтө оор өлчөмдөгү күйүүчү майлар ташылып жатат. Кыска убакыттын ичинде контробанданын атасына айланды.
 
Кыргызстанда гана эмес Орто-Азиядагы ири унаа базары болгон “РИОМ” да (аялынын анан өзүнүн аттарынын баш тамгасы) Бабановдун менчиги экени эч кимге жашыруун деле сыр эмес. Андан ары барсак “АКБ Кыргызстан”, бүгүн Бабановдун бул банкы өкмөттүк структуралардагы акча жүргүзүү операцияларынын күрөө тамыры деп айтсак да жарашат. Өзүнө караштуу НТС теле компаниясы аркылуу ат тезегин кургатпай өзүн мактатып келет. Ал тургай 5‑каналды өз менчигине алууга көзү кызарып турган учуру. Башка бирөөлөрдөн сатып алган гезиттеринен дагы кабардарбыз. Саясаттагы каршылаштарын да НТС аркылуу шыбатмайы бар.
 
Манас проспектиндеги мурунку “Инструментальщик” стадионунун ордуна салына баштап, эмне үчүндүр токтоп калган шаардагы өтө бийик соода комплекси да Бабановго таандык. Алдында турган рекламалары аны далилдеп турат. Бабановдун байлыгын эсептеп отура берсек убакыт жетпейт.
 
Байлыгы өзүнө буйрусун, ага эч ким деле сугун артпайт. Тооктун уясындай камогу бар бечара кыргыздын жашырганы болсо аны салыкчылар “тоок басты” кылып жатып калышат. Биздин премьер-министрибиздин чак түштө калп айтканына алардын тиши өтмөк беле. Өз колу менен толтурган декларацияны карап турсаң “Дордой” базарында контейнери бар ишкерлердин деңгээлине түшүп калганына күйүп кетесиң да. Өмүрбек мырза катардагы бизнесмен болсо да анда башка кеп. Ал республиканын премьер-министри болгон соң башкаларга үлгү болушу керек болчу. Чыныгы жашоодо Бабанов анчалык эле бечара эместигин тактап, окурмандардын сынына коёлу деп чечтик. Бабановдун анчалык эле жарды эмес экенин, “май кармаган бармагын жалайт” дегендей колунан миллиондогон долларлар ары-бери өтүп турганына күбө болосуз. Жакында эле Германиянын президенти өзүнүн алган кредитин жашырып койгону үчүн өз элинен кечирим сурап кызматынан кетип калды. Мына ушуну жигитчилик деп айтсак туура болот. Биздин Өкмөт Башчы жалпы кыргыз элин алдап, декларациясын туура эмес толтуруп келгени албетте өтө өкүнүчтүү. Бабанов мыкты бизнесмен болсо болгондур, ал боюнча эч ким күнөө коё албайт. Бирок, Премьер-министр катары дурустап иштеп кете албады. Былтыркы жылы ТЭЦке алынып келинген уулуу көмүрдүн, “Мегакомдун” айланасындагы чырларга Бабановдун катыштыгы бар экенин айтып түгөтө алышпай коюшту. Анча-мынча адамдын колу жетпеген бул банк маалыматы менен өз окурмандарыбызга тааныштыра кеткенди туура көрдүк.
 
А. Бостонкулов
Булак: "Жаңы Ордо" гезити