Кыргыз бийлиги «Залкар Банкты» 30-40 миллион долларга сатуу үчүн аукционго коюп, сата албай убара болуп келет. Бир дагы инвестор сатып алууга кызыккан жок. Ошол эле учурда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун айтканына караганда, «Азияуниверсалбанкынын» мурдагы кожоюну Михаил Надель банкты мыйзамсыз улутташтырганы үчүн 400 миллион доллар доо коюп, кыргыз Өкмөтүн, тагырагы кыргыздын салык төлөөчүлөрүн эл аралык сотко берип жатканы маалым болду. Кыргыздын жөнөкөй салыкчылары неден жазды? Буга «Залкар банк» менен «Азияуниверсалбанкынын» кандай тиешеси бар? Күнөөсүз күнөөкөр болуунун сыры эмнеде? Анда эмесе, сөз ирети менен болсун.
 
«Азияуниверсалбанкы» чындыгында эле Уставдык капиталы жагынан алып караганда деле республикадагы эң ири банк болгон. Учурунда буга бекеринен Максимдин көзү түшкөн эмес. Ошол мезгилде “Кыргызкредитбанк” “Ысык-Көлинвестбанк” жана башка банктарды өз колуна ала баштаганда, Муратбек Мукашевдин Союздун маалында пайда болгон “Кыргызөнөр жай курулуш” банкын албай коюу мүмкүн эмес болчу. Анткени, аталган банктын жүгүртүүчү каражаты аз болгону менен анын өлкөнүн бардык жеринде филиалдары бар, ошондой эле Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик маанилүү мекемелердин акча каражаттары дал ушул банк аркылуу эсептешип турар эле. Ошондуктан, бул банкты “Азияуниверсалбанкынын” курамына киргизүү зарыл болчу. Ошентип, М. Надель баш болгон жөөттөр Мукашевге тиешелүү суммадагы акчасын төлөп, бонус катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги банктын пансионатын калтырган экен. Арийне, Муратбек Мукашев 2010-жылдын 7-апрелиндеги ызы-чуудан кийин, банкты кайтарып алууга катуу аракет жасады. Жабыр тарткан адам катары ошол учурдагы Убактылуу Өкмөттүн күч органдарын тейлеген Азимбек Бекназаровго таянып, “Кыргызөнөржай курулуш” банкын мыйзамсыз тартып алгандыгы тууралуу сотко кайрылган. Бекназаров кызматта турганда сот процессинде утуп келген эле. Ал киши кызматтан кеткенден кийин эмне болду белгисиз. Бирок, ошол учурда банк системасы толугу менен  Максимдин көзөмөлүнө өтүп калганы анык. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин анын көзөмөлүндөгү банктар  улутташтырылды деген шылтоо менен четинен таланып-тонолгон десек болот. Себеби, банктын баркын билген айрым шылуундар өлкөдөгү башаламандыктан пайдаланып, чөнтөгүн кампайтуунун амалын көргөнү талашсыз.
 
Апрель окуясынан кийин эң “майлуу”, көздү күйгүзгөн  финансылык мекеме дал ушул “Азияуниверсалбанкы” болгон. Убактылуу Өкмөт аталган банкты банкрот деп жарыялап, финансы булактарын экиге бөлүп таштаган. Банк чындыгында мындай “касапчылыкка” зарыл эмес болчу. Финансылык жактан бакубат, туруктуу иштеп турган. Проблемалуу деп айтууга болбойт. Бирок, Убактылуу Өкмөт бөлө чапты. Ошентип, активин, башкача айтканда “каймагын” жаңыдан түзө койгон “Залкар банкына” өткөрүп, пассивин – карыз-кооласын банктарды кайра түзүү агенттигине (ДЕБРА) берип коюшкан. Жалпак тил менен айтканда, эгерде банкка акча салгың келсе “Залкарга” бар, а карызыңды өндүрөм десең, ДЕБРАга бар деген жеңил оокатты таап алышкан. Банкрот кылуунун башында ким турган дебейсизби? Ал деген Бабановдун жеке менчик “Кыргызстан” банкын башкарып келген Бактыгүл Жээнбаева болгон. Бул айым Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткарып турганда, “Азияуниверсалбанкты” мурда эле тоноп кетишкен экен деп чуу салган. Соцфонддун 2,5 миллиард сомун дагы уурдап кетишиптир деген. Бирок, айрым малыматтарга караганда, ызы-чуу 7-апрелде болсо, 10-апрелде берген отчетто Софонддун акчасы банкта болгон экен. Ал эми Жээнбаева болсо тээ июнда “уурдап кетиптир” деп жатпайбы. Мунун кимисине ишенүүгө болот? Деги эле банкты банкрот кылууда шектүү нерселер көп.
 
Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинде “Азияуниверсалбанкынын” банкрот болушу, анын негизинде уюшулган “Залкар банкын” сатуу тууралуу маселе талкууланды. Комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков, 30-40 миллион долларга сатууну көздөгөн «Залкар банкынын” өзөгү болгон “Азияуниверсалбанкынын” активи 1,5 миллиард долларды түзөрүн баса белгиледи. Эске сала кетүүчү жагдай, “Залкар банкты“ кыргыз Өкмөтү өткөн жылы 4 жолу аукционго коюп сата алган эмес. Керек болсо, Президент Атамбаев аталган банкты россиялык “Газпром” ишканасына дагы сунуш кылып көргөн. Эми “Азияуниверсалбанкынын” кожоюну сотко берип, бизди 400 миллион доллар доого жыкканы турат. “Эгерде эл аралык соттон Надель утуп ала турган болсо, ким төлөп берет?” - деген комитеттин төрагасы А.Келдибековдун суроосуна, Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет” деп жооп берди камырабай.
 
Чынында эле аталган банкты банкрот кылуунун таржымалын иликтеп көрүүнүн мезгили келди. Себеби, эл аралык сотто кыргыз Өкмөтү утулуп кала турган болсо, Надель койгон доонун карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөп бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эмне үчүн? Банкрот кылуунун башында турган Жээнбаевага окшогон чиновниктер анда, «суудан курук» чыгып кетеби? Бул өтө маанилүү маселе. Андан калса, Ахматбек Келдибеков финансы тармагын беш колундай билген адис катары олуттуу ишти колго алып жатат. Бирок, «Азияуниверсалбанктын» ичиндеги проблеманы эле карабай жалпы банк системасын тескөө керек. Мурда банк системасын Максим кандай көзөмөлдөп турса, азыр ал милдетти толугу менен Өмүрбек Бабанов аткарып жатат дешет. Азыр «Кыргызстан» банкы мамлекеттик мекеме-ишканалардын акча жүгүртүү жагынан тейлөө кызматы башка банктарга салыштырмалуу монополиялык күчкө ээ экен. Орто жолдон миллиондогон пайда Бабановдун капчыгына түшүп жатканы маалым болууда. Мындай саясатты банкирлер «Бабанополиялык саясат» деп алышыптыр. Эми Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетиндеги каралган маселе ушуну менен токтоп калбаса деген эле үмүттөбүз.
 
Ш.Калыков,
"Жаңы Ордо"