10-июнда Ош окуясына эки жыл болот. Бирок, бул маселе үч ирет парламентте талкууланып, үч комиссия ( эларалык, улуттук, парламенттик) түзүлгөн менен каргашаны кимдер баштагандыгы, кимдер күнөөлүү экендиги ачык айтылбай, бүдөмүк бойдон кала берүүдө.
 
 
 
 
Балким келечекте – азыркы бийлик кетип, чыныгы мекенчил жетекчилер келгенде Аксы окуясына окшоп акыры капаста туйлап жаткан куштай чындык бир күн ачыкка чыгаар. 
 
Бүтүндөй дүйнө жүзүнө Кыргызстанды, кыргыз элин жырткыч, улутчул жана башка терс жактардан көрсөткөн бул окуяга жана 400дөн ашык каза болгон шейиттердин өлүмүнө ошол учурдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир гана моралдык жактан күнөөлүү эмес (Башпрокурор Аида Салянова айткандай), кылмыш жоопкерчилигине да тартылууга тийиш. Эки жума мурда Ош коогалаңы парламентте талкууланганда “Ош шейиттери” коомунун лидери, 62 жаштагы Тургунайым Айтиева эже маркумдардын атынан жүрөктү канаткан чындыкты бетке айтпадыбы! Ооба, азыр деле ошол кездегидей бийликтин камчысын чапкан айрым маалымат каражаттары элдин башын айландырып, болгон окуяны бурмалашууда (албетте, бул жагын алардын абийирине койдук).
 
Ошол эле А.Салянованын сөзү менен айтканда, УӨ мүчөлөрү 400дөн ашык адамдын өлүмүнө моралдык жактан гана күнөөлүү болсун дейли? Анда эмне үчүн “болору болуп, боёсу кангандан” соң же 11-июндан тартып тез арада чара колдонуп, өрттүн андан ары жалбырттап кетишин токтото алган жок? Мен ал окуяны айрым кесиптештерим сыяктуу укканымды эмес, көзүм менен көргөн окуялар менен айтайын. Оштуктардын айтуусунда, 10-июнь күнү эмнегедир айрым ала допучандар сестенип, балдарын бакчага жөнөтпөй, өздөрү жумушка барбай же барса да эрте кетип калышкан. Ал эми каш карайып, саат 22 болуп калган учурда Курманжан датка көчөсүндөгү оюн жайынын биринен болор-болбос жагдайда эки улуттун жаштары мушташып, адам өлүмү катталган. Андан көп өтпөй Шейит-Дөбө көчөсү тараптан 250дөн болуп төрт топко бөлүнгөн ала допучан жаалданган жаштар шаардын борборун каптап, жолдон жолуккан адамдарды өлтүрүп, машиналарды күйгүзүп, имараттарды талкалап, кыргын салышкан. Ушундай көрүнүш эртеси күнү түшкө чейин уланып,  алыскы айылдардан КАМАЗ машиналарына түшүп келген жаштардын күчү менен араң токтотулган. Тилекке каршы милиция, укук коргоо органдары кырдаалды көзөмөлгө алмак турсун өздөрү жер жуткандай көздөн кайым болушкан. Ал тургай түн ортосунда “Ош-пирим” базарчасында соода кылгандар базар өртөлүп, адамдар өлтүрүлүп жаткандыгын милицияга билдиришсе, “эми эки ....ттан коркуп калдыңарбы, уйкуну бузбай тынч жаткыла” деп камырабай коюшкан.
 
Оштуктардын айтуусу боюнча, ошол каргашанын алдынан Карамат Абдуллаева арт жактан бир вагон ун алып келип, анын ичинде курал, ок болгон. Демек, К.Батыров баш болгон чагымчылар же Өзбек автономиясын түзүүнү көздөгөндөр өздөрү айткандай, “бул күндү 20 жыл күткөн”. Ош окуясы бир эмес, экинчи, үчүнчү ирет (1967-жылы да болгон) кайталанууда. Андыктан 2010-жылы 7-апрелде бакиевдерди бийликтен кулатканды билген Убактылуу өкмөт эң оболу салиевичтердин банктардагы миллиондору менен алтындарын талап-тоноону эмес, биринчиден мамлекеттин коопсуздук чараларын  көрүүгө тийиш болчу. Бирок, алардын бийлик менен байлык талашып калган учурунан пайдалангысы келген Кадыржан жана башка котур ташын койнуна катып жүргөндөр өз улутташтарынын башын Оштогу менчик телеканалдары аркылуу зомбидей айландырып, кызыл кыргынга түртүп койду. Мындай көрүнүштү мэр М.Мырзакматов да токтотууга күчү жетпей калган.
 
Дагы бир чындыкты тарых үчүн айтып коюшубуз керек, ошол каргашалуу күндөрү Кыргызстандын укук коргоо органдары алсырып, жада калса түштүктөгү бөлүктөрүндө курал-жарак, ок жетишсиз болгон. Ал тургай чет өлкөлүк журналисттер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бир нече күн боюу кызыл кыргын уюштургандардын огу түгөнбөй, тынымсыз атып жатышкандыгына таң калышкан. Башкасын коюп, «SOS» деген жазууга эле бир нече миллион сомдук түнкүсүн күйө турган краска сатып алынгандыгын Улуттук комиссиянын мүчөсү Ж.Жекшеев айтып жүрбөдүбү. Айрым маалыматтар боюнча, алгачкы күндөрү милиция, коргоо министрлигинин кызматкерлерине “...аларды атпагыла” деген көрсөтмө болгон. Ушул жагдайды да кылдат текшерүү керек болчу.
 
Качан гана  элдин башына кыйынчылык түшкөндө мамлекеттин биринчи, экинчи жетекчилери ошол жерде болот. Россиянын президенти В.Путин өз өлкөсүндө кандай гана чуулгандуу окуя болбосун тез арада жетип барат. Тилекке каршы Ош коогалаңы күндөрү биздин Убактылуу өкмөттүн ошол кездеги экинчи жетекчиси ал жакка бармак турсун, Бишкекте  бир жумалап жоголуп кетип, кийин журналисттерге “Маанилүү иштер менен жүрдүм эле” деп бети кызарбай жооп кайтарган. Ал кийин гана эки айдан соң Ошко жашырынгансып барып, губернатордун көлөкөсүнө туруп алып шейит кеткендердин туугандарына аз-маз тыйын берген. Мына, биздин “жакшылардын” деңгээли.
 
Анткен менен дал ушул кыйын кезде кимдин ким экендиги, жигиттик сапаты билинет экен. Маркум “Замандаш” партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов алгачкы гуманитардык жардамды жүктөп, жолдо канчалаган партизандык аткылоолорго карабастан жеткирип, кыргыздын азамат уулу экендигин көрсөткөн болчу. Адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, бейкүнөө адамдар фашисттерден да жаман жырткычтык менен өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлүп жаткан жана мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жаралган учурда Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков сыяктуу белгилүү саясатчылар октон, өлүмдөн коркпой, алгачкы күндөрү Ошто, Жалал-Абадда, Сузак менен Базар-Коргондо болушуп, алоолонгон отту өчүрүп, канчалаган адамдарды бейкүнөө өлүмдөн сактап калышты. Азыркы депутат Курманбек Осмонов да өз эсебинен Ошко бир КАМАЗ унду өзү  алпарып, андан ары жаатташкан эки тарапты элдештирүүгө колдон келишинче салымын кошту. Каны кызуу, билегинде күчү бар жаштар ушундай башаламандыкта кадыр-барктуу адамдардан гана жалтанат экен. Өткөндө парламенттеги талкууда ошол күндөрү коңулда жаткандар эми түштөн кийин “баатыр” болуп “Силер Ош окуясынан саясат жасап жатасыңар” деп жанды кашайтпадыбы. Ооба, айрымдар ушундай адам канынан да саясат жасашы, банктарды тоношу, бийликке жетиши мүмкүн... бирок жогорудагы биз белгилеген жигиттер андай ыпластардын катарына кирбешин алар билбесе да, оштуктар эң сонун билишет. Айтмакчы, жакында Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо көрүнбөдүбү, кимдин деңгээли ал жакта кандай экендиги!
 
Июнь коогалаңында Кыргызстан менен кыргыз эли аз жерден түштүк аймагын жоготуп жиберип, 400гө жакын адамдан ажырап, миллиарддаган сом чыгымга гана учурабастан, жогоруда айтылгандай эл аралык коомчулукка жырткыч, улутчул катары көрүндү же маалыматтык согушта утулуп калды. Мында да Убактылуу өкмөттүн мамлекетти башкаруу эмне экендигин билбей, идеологиясынын жоктугу кесепетин тийгизди. Андыктан бир гана тактикалык жактан эмес, теориялык да даярдыкты кылдат жүргүзгөн сепаратисттер кылгылыкты кылып коюшуп, ошол эле учурда маалымат каражаттары, интернет аркылуу “...бизди өлтүрүп жатат, геноцид кылууда” деген маалыматты чагылгандай тездик менен таратып, эл аралык коомчулуктун да башын маң кылып коюшту. Бир чети Кыргызстанга келген чет элдик журналисттер кимден чыныгы жагдай тууралуу маалымат алууну билбей башы айланып турушканда жалаң алардын даяр адамдары чындыкты бурмалап, өздөрүн жабырлануучу катары көрсөтүп, бир тобу чет жактан башпаанек да алууга жетишти.
 
Бир чети К.Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия калыс талдоо жүргүзбөй, кыргыздарды эл аралык коомчулукка жырткыч көргөздү. А.Эркебаев жетектеген улуттук комиссияга жалаң эт менен челдин ортосундагы кыргызга күйбөгөн же кокту-колоттун “патриоттору” кирип алышып, Р.Отунбаева баштаган УӨ мүчөлөрүн актаган тыянак чыгарып беришти. Кийин А.Эркебаев (былтыр күзүндө) “Ош окуясы тууралуу эми чындыкты айтам. Анда улуттук комиссия мамлекет тарабынан түзүлгөн болчу...” деди эле, азырга чейин чындыкты айта элек. Эми академик агайыбыз Илимдер академиясынын президенти болду, такыр айтпайт окшойт. Же бул кызматтан түшкөнчө күтүп туралыбы?... Акыйкатчы Т. Акун гана чырылдап барып өз алдынча иликтөө жүргүзүп, болгон чындыкты, Ош коогалаңын кимдер баштагандыгын айтууга жарады.
 
Азыр да эсимде, УӨ мүчөсү, алаңгазар саясатчы чалыш Азимбек Бекназаров Бишкекте журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып, “Апрель революциясы максатына жетти - Бакиевдин тушунда Ноокатта диний чагымчыл күчтөр катары камалгандар бошотулду” деп оозун толтуруп айткан болчу. Кийин июнь коогалаңынын чыгышына дал ушул Убактылуу өкмөт тарабынан абактан бошотулган нокаттык диний экстремисттер “чоң салым кошкондугу” билинди.
 
Ош окуясынын чыгышы, андан кийин былтыр Андарак менен Айдаркендеги майда-барат улуттар аралык чыр-чатактар жана ушул кезге чейин тынчыбай келаткан чуулгандуу этникалык жаңжалдардын дагы бир себеби социалдык теңсиздиктен тышкары, шайлоонун шайтан оюндары болуп саналат. Мезгил баардыгына тараза. Убакыт өткөн сайын чындык сууга чөкпөгөн калактай калкып, ачыкка чыгууда. Апрель тополоңунда Кыргызстандын түндүгүндө гана бийликти алып, түштүктө өздөрүн алсыз сезген, бакиевдердин кайрадан бийликти тартып аларынан чочулаган  УӨ мүчөлөрү түштүк элин көзөмөлгө алуу үчүн К.Батыров жана башка өзбек сепаратисттерин пайдаланган. Бул тууралуу нечен ирет айтылып, жазылып келатат. Ал тургай Тейиттеги бакиевдердин үйүнүн өрттөлүшү да кыргыздарды намысына келтирип, эки улуттун ортосуна ташталган чоктун андан ары күйүшүнө шарт түзгөн.
 
Эмне үчүн ошол кезде бийлик аларды ооздуктап, тартипке чакырган жок? Себеби “силер бизге, биз силерге...” деген соодалашуу болгон. Мындай сөздөрдүн чындыгын жакында азыр Швецияда чардап жаткан Кадыржан акең “Би-Би-Си” радиосуна берген маегинде айтты го. Көрсө, ал түштүктө эки элди кагыштырып коюп, өзү жан-жөкөрлөрү менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кайраккум суу сактагычынын боюнда балык уулап жатыптыр. Сыягы, убадасына турбаган же “кидайт” эткен УӨ мүчөлөрүнүн далай жашыруун сырларын К.Батыров  эми айтат окшойт. Бул жерден алардын бири да кармалбай жүргөндүгү, ал тургай башкы “иделогу” А.Сабировдун “бизнес-планын” А.Салянова “докторлук иш” катары гана баалады. Андай болсо бул эмгекти коргоп, сыйлыкка көрсөтүшпөйбү.
 
Адилеттик эч качан жоголбойт  жана зулумдук менен митайымдык түбөлүктүү эмес. Азыркы бийликтин күнү канчалык тез бүтүп бараткандай эле, 2010-жылдагы июнь коогалаңынын күнөөкөрлөрү аныктала турган күн да ошончолук жакын калды. Андыктан Ош шейиттеринин арбагы эртеби-кечпи чындыктын күбөсү болоор...
 
Ж. Асанов,
“Майдан.kg”.