Т.Бакир уулу: Базарлардан мамлекетке бир тыйын пайда болгон жок.

Эгер улуу муундагылардын эсинде болсо, улуу держава СССР кулар алдындагы 1990-жылдары өлкөдө завод, фабрикалар токтоп, анда күнүмдүк жашоосуна гана жете турган маяна алып иштеген жумушчулар көчөдө калышкан.

Бирок адам баласынын тиричилиги токтоп турбайт да, кара курсакты багуу үчүн бирөө кийим-кечесин, дагы башкасы темир-тезек, тетиктерди көчөгө алып чыгып сатып, Бишкек шаарынын көчөлөрү бүтүндөй эле жайма базар болуп кеткен. Ал тургай катуу стреске кабылгандар ичип кеткендиктенби, аракка суроо-талап көбөйүп, анча-мынча жөндөмү барлар Кытайдан жарым литрлик желим бөтөлкөдөгү кытай арагын ташып келишип, укмуш бизнес жасашкан. Ошол кытай арагынын түбүн шприц менен тешип, жарымын куюп алып, ордуна суу толтуруп, бир бөтөлкөдөн эки бөтөлкө жасаган ортомчу эпчилдер да чыккан.

Ош базарынын тегереги жалаң май, спирт ичимдиги, чай саткан жайга айланса, Аламүдүн базары “түртүшмө базар” (толчок) деп аталып, ошол учурда жаштар арасында мода боло баштаган жынсы шым, костюмдарды көтөрүп сатышчу. Сыягы, ал кездеги Бишкек шаарынын жетекчиси Амангелди Муралиев болсо керек, бул башаламан жайма базарды тартипке салуу үчүн сыртка чыгарууну ойлоп, шаардык спорт тармагынын жетекчилигине комсомолдук тапшырма берилип, ээн талаа базарга айланган.

Баса, базар маселеси бир эле Бишкек менен чектелбейт, өлкөбүздүн түштүгүндөгү гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода борборуна айланган Кара-Суу районундагы “Туратали” базары да бар. Тилекке каршы андан бери отуз жылдан ашык убакыт өтсө да, башка майда базарларды айтпай эле коёлу,ири базарлардагы абал жакшы жагына өзгөргөн жок. Башкача айтканда, мамлекеттин жерине базаркомдор контейнер орнотуп коюп эле, аны соодагерлерге АКШ доллары менен эсептелген өтө кымбат баада ижарага берип келишет. Ошол эле учурда сатуучуларга да, базарга соода кылуу үчүн барган аларман, кардарларга да эч кандай шарт жок. Контейнерлердин ортосунан машина эмес, адамдар кысылып, сүрүлүп араң өтүшөт. Ушул кууш аралыкты да тачкистер ээлеп алып, чөнтөкчүлөрдүн эле күнү тууп жатат. XXI кылымда жашап, санариптик техника өнүккөн доордо мындай карапайым адамдардын акчасын заматта уурдап алган ууру-кескилерди аныктай турган камеранын сүрөтү да жок.

Биз го макул, ушундай жайында ысыкка, кышында суукка тоңуп көнүмүш көрүнүш болуп калган. Бирок базарларыбыздагы жапайы жагдайга чет өлкөлөрдөн келген туристтер да күбө болушуп, дал ушул жерде Кыргызстандын жүзүнө, кыргыз элинин маданиятына, тейлөө деңгээлине күбө болушууда. Эгер салыштыруу үчүн айта турган болсок, Түркиянын Стамбул шаарынын бир жума кыдырсаң да аягына чыга албаган базарында сатуучулардан тартып, ар кандай тамак-аш саткан, тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча эң жогорку деңгээлде. Ал жактан товар ташыган челнокчулар базардан керектүү товарды алып эле, кайсы убакытта уча тургандыгыңды айтсаң, таксистер өздөрү самолётко жеткирип коюшарын айтып жүрүшөт.
Иран Ислам Республикасынын маданий борбору болгон Исфахан шаарынын базары болсо, өзүнчө эле чет элдик туристтер үчүн эс алуучу, перстердин байыркы падышаларынын жашаган хансарайлары менен тааныша турган ордого айланган. Улуттук буюмдарды жасаган зергерлер менен жыгач усталар ошол жерде иштеп да, соодасын да жүргүзүшөт. Айтор, бул өлкөлөрдө базар мамлекет менен улуттун маданияты, жүзү, каада-салты кошо камтылган ыйык жайга айланган. Сатуучулар болсо жайында салкын, кышында жылуу жайда отурушат.

Тилекке каршы, биздин базарларда мындай жакшы маанайдын бири жок. Тескерисинче жогоруда айтылгандай, чөнтөкчү ууру-кескилерден ордосуна айланып, шарты болсо адамдын ден соолугу менен нервин жеген, чөнтөгүн каккан өзүнчө эле бир сормо сазга айланып калган.

Ошол эле учурда базарлардан мамлекетке болор-болбос салык түшөт. Баарынан да таң каларлыгы, өлкөбүздөгү базарларды жалаң чоң кызматта иштеген мурдагы, азыркы чиновниктер ээлеп алышыптыр. Кыскасы, Кыргызстандагы базарлардын шиши толуп, жарыла турган учуру келип калдыбы же себеп болдубу, жаңы жыл алдында ККМ, патент шылтоосу менен Бишкекте эле эмес, башка да чоң шаарлардагы базарда соода кылгандар митинг уюштуруп, бийликтин талаптарына баш ийбей, “ультиматум” коё башташканда, президент Садыр Жапаров “Дордой” базарына өзү барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгерде базарлардагы башаламандыктар токтобосо, анда мамлекеттин карамагына өткөрүлө тургандыгын айткандан кийин гана “базар бунту” тык токтоду. Сыягы, карапайым соодагерлерди алдына салып алып чыккан артындагы базаркомдордун башка да саясый максаты бар окшойт…

Андан кийин эле УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндө базаркомдор соодагерлерге ар кандай АКШ долларында ижара акысын коюп, кыскасы аларды тоноп жаткандыгы, ошол эле учурда мамлекетке тиешелүү салык төлөбөй келишкендиги ачыкка чыга баштады. Бүгүнкү бийликтин айтканынан артка кайтпай тургандыгына көзү жетип, бир кезде бекер ээлеп алган базарларынан ажырап калуудан коркуштубу, кыскасы биринен сала бири жарышып, сатуучуларга ижара акысын 30%дын тегерегинде арзандата тургандыктарын видеокайрылуу менен билдирип чыгышты.

Ал эми эки жума мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районундагы “Туратали” базарына барганда жергиликтүү жетекчилер бир эле Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жана туугандарынын жалпы аянты 1,6 гектарды ээлеген аянтында 570 контейнери бар экендиги, алардын ар биринен ай сайын 3 миңден 7 миң долларга чейин ижара акысын аларын айтып беришти. Мындан тышкары бул базарда Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын да контейнерлери бар экен.

К.Ташиев Кара-Суунун эли менен жолукканда бул базар мамлекеттин карамагына өтүп, эки жылдын ичинде баардык шарты бар заманбап соода жайы куруларын айтты. Эл бул сөздү кол чаап кубатташты. Мындан бир аз мурда Жогорку Кеңештин депутаты кезинде кызмат абалынан пайдаланып, мурдагы мамлекеттик мекеменин гаражын ээлеп алып, аны “Баткен” базары деп атаган, азыр өзү Америкада качып жүргөн Аскарбек Шадиевге караштуу базардын да 60%дан ашыгы мамлекеттин карамагына өткөндүгүн УКМК билдирген.

“Кара-Суудагы “Туратали” базарында Гүлнара Каримованын да контейнерлери болгон”

Ал эми башка базарлар да мамлекеттин карамагына өтүш керекпи? Бул суроо азыр эл арасында кызуу талкууланып жатат. Көпчүлүк жарандарыбыз бир кезде бекер эле менчиктештирилип, кийин базарга айланып кеткен жайларды мамлекет кайра кайтарып алыш керек деген ойду айтышууда. Биз бир эле “Туратали” базарынын таржымалы тууралуу Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, КРнын биринчи Акыйкатчысы, Малайзиядагы элчилик кызматты аркалаган Турсунбай Бакир уулуна кайрылганыбызда, ал буларды айтып берди:

– Турсунбай мырза, акыркы мезгилде республикабыздагы базарлардын тегерегинде ар кандай сөздөр айтылууда. Айрымдар бир кезде кимдир-бирөөлөргө бекер эле өтүп кеткен базарлар мамлекетке кайра кайтарылыш керек дешүүдө. Жакынды УКМКнын төрагасы К. Ташиев Кара-Суу районундагы “Туратали” базарына барып, эми бул соода жайы мамлекетке өтөрүн, анын ордуна эки жылда заманбап соода жайы куруларын айтты. Мисал катары айтсак, бир эле Оштун экс-мэри М. Мырзакматовдун жана туугандарынын бул базарда 500дөн ашык контейнери бар экен жана алардын ар биринен айына 3-7 миң доллардан ижара алынат экен. Сиз ушул жагдайга кандай карайсыз?

– Алгач биз бул базардын тарыхына токтололу. Кыргызстандагы эң чоң базар Кара-Суу базары болгон. Анда азыркы аталышы жок, СССРдин учурунда Өзбекстан менен чек арадагы Шархансай дарыясынын боюндагы төрт көчө бар эле, ошол жерде пайда болуп, өзбекстандыктар да келип соода кылышчу.

“Дордой” жана башка базарлар кийин, демократия мезгилинде пайда болду. ССРдин тушунда мамлекет пландаштырган эң чоң базар ушул эле. Себеби Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, ал тургай Казакстан менен Россиядан да келип соода кылып кетишчү. Менин балалык кезим ошол жерде өткөн. Базарком менин аяш атам Үсөнов Туратали эле. Анын аты кийин базарга коюлган. Үйүбүз да жакын болчу, баласы Манас классташым. Ал базарком болуп, кийин түшүп калды. Атам болсо райпотребсоздун төрагасы болуп, кызматтары да окшош эле. Анткени бул мекеменин соода түйүндөрү базарда жайгашкан.

Кийин, СССР урагандан кийин Өзбекстан өз жагын тосуп, Кыргызстан менен байланыштырган көпүрөнү бузуп, солдаттарын коюп койду. Эл да кыйналып кетти. Себеби кошуна мамлекеттин аймагына кирип, соода кылып чыгыш керек. Ошондо Туратали аяш атабыз Кара-Суунун базарын Кыргызстандын ичине которолу деген сунуш берди. Ошентип Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы автобекеттин жанына жаңы базар курулду. 2023-жылдагы президенттин буйругу менен Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу шаарына кошулуп, базар да карап калды. Мурда кошулбайт эле. Эми карап көргүлө, базардын орду мамлекеттин жери, ал эми базарды жеке ишкерлер ээлеп алган. Ал эми ошол ишкерлер баары мурдагы чиновниктер, депутаттар, керек болсо криминалдардын контейнерлери бар, бир гана Турсунбай Бакир уулунуку жок. Мен беш маал намаз окуган адам катары баардык шайтандар базарда экендигин билгендиктен, алысыраак болоюн дедим. Болгону туугандарым бирөөлөрдүн контейнерин өтө кымбат ижарага алып иштетишчү.

Шайлоо болгондо эле эл менен жолугушуу болуп, алар жерди 15 миң долларга чейин сатып, ижара акысын көтөрүп салгандыгын, каршы болгондордун контейнерин алып салабыз деп коркуткандыгын айтып арыздана беришчү. Базардын ичи анархия. Жанында Кыргызстан эле эмес, СССР боюнча продукциясын саткан пахта завод бар эле, аны да базар кылып алышты. Май заводду талкалап, ордун базарга айлантышты. Ошондуктан мен бул базардын мамлекетке өткөндүгү эң туура болду деп эсептеймин. Анткени мамлекеттин жери мамлекетке өттү.

Базарлардан мамлекетке бир тыйын пайда болгон жок. Жеке базар ээлери гана байыды. Алардын ушунчалык напси ачылып, ижара акысын көтөрүп, андан ары сатуучулар товарынын баасын көтөрүп, карапайым эл Кара-Суунун базары кымбат болуп кетти деп нааразы боло баштаган. Элдин бул арызын буга чейинки бир да бийлик укпай келип, азыркы бийлик гана укту. Себеби ал кездеги бийликтегилердин өздөрүнүн да базарда контейнерлери болгон.

Менин угушум боюнча келген жетекчилердин баарына базаркомдор “мына Сиздин доляңыз”,- деп контейнерлерди берип койчу экен. Ошон үчүн Оштун мэринин да Кара-Суу базарында контейнерлери болуп калган. Керек болсо Гүлнара Каримованын да Өзбекстанга кете турган эски айланма жолдо контейнерлери болгон. Муну мен Сизге биринчи жолу айтып жатам. Демек, биздин ошол учурдагы жетекчилер Г.Каримова менен келишим түзүп алып, анын контейнерлерин коюп салган. Өзү камалып, Кыргызстандагы өнөктөштөрү да бири өлүп, башкалары камалып кетишти. Айтор, бул жерде Кыргызстандын эле эмес, Өзбекстандын да бийликтеринин бизнеси болгон. Муну көбү билишпейт.

Ошондуктан базарда дайыма жаңжал болуп турду. Ошол эле досум Манасты канча жолу алышып, ордуна башканы коюп, кайра келип, кош бийлик болду. Интернетти карасаң деле Кара-Суу базарындагы соттун видеосу толтура. Аягында келип эле соодагерлер менен жөнөкөй кардарлар кыйналды. Шарт жок, ылай, жөнөкөй эле ажатканасында шарт жок. Бир жолу ажатканасы кулап, бир адам түшүп кетип, каза болгон учур да катталды.

Мен К.Ташиевдин Кара-Суу базары мамлекетке өтүп, баардык шарты бар соода жайы кайра куруларын айткандыгы эң туура деп эсептеймин. Кыргызстандагы эң чоң базар ушул, түндүк тарапта “Дордой” базары кийин түзүлдү. Болгондо да Өзбекстан менен мамиле жакшы болуп, жолдор ачылып жатат. Эртең Өзбекстан кайра келет. Тажикстан менен да мамиле оңолуу алдында турат. Алардын да Согди облусунун эли кайра келип, соода кылат. Кыскасы, Кара-Суу базары өтө кирешелүү, стратегиялык объект же мамлекеттин экономикасына чоң салым кошот.

Эми өтө кирешелүү болуп, ал акча жеке ишкер, шылуундардын чөнтөгүнө түшүп турса, анда мамлекетке кандай пайдасы болот? Бул мамлекеттин жериби? Сен ага контейнер салып алдыңбы? Ал аныңды. К. Ташиев айткандай, мамлекет ажатканасынан тартып, баардык шарты бар заманбап соода жайын курат. Кышында суук контейнерде отуруп, канча келин, кыздарыбыз ден соолугунан ажырап, төрөбөй калышууда. Менин өзүмдүн туугандарымдан да базарда ден соолугунан ажырагандар болду. Алардын өмүрү кыскарды, камалгандарды айтпай эле коёюн.

– Бир эле Кара-Суунун эмес, республикабыздагы башка базарларды да кантип алып алышкан?

– Эгер Кара-Суунун базарын айта турган болсок, жалаң шылуундар, атка минерлер, айыл өкмөтүнөн баштап, райондун акими, райондук кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлеп алышкан. Мисалы, раматылык Баяман Эркинбаевдин жери бар эле, азыр депутат аялы башкарып жатат. Оштун мэрин айттык, Алайдын, Жалал-Абаддын байларынын жерлери бар. Алар мамлекетке жарыбаган эле салык төлөшөт. Менин досум Манас бир бөлүгүнө гана ээлик кылат. Калган жерлер сатылып кеткен.

– Бирок мыйзам жагы кандай болот? Эртең алар сотко беришпейби?

– Колдорунан эч нерсе келбейт. Себеби жер мамлекеттики, ал эми сатып алгандары мыйзамсыз. Кудай буюруп, эки жылда жаңы базар бүтүп калса, элге да, мамлекетке да жакшы болот. Анткени салык мамлекетке түшөт. Салыкчылар да сол чөнтөгүнө иштей албай калат. Баардык киреше айлык, пенсия, азыр Сарай айыл өкмөтү Кара-Суу шаарына кошулгандыктан, бул шаардын өнүгүшүнө да кетет.

– Бул эми бир эле Кара-Суу базарынын мисалы. Сиз кандай ойлойсуз, Бишкектеги жана башка чоң шаарлардагы базарлар да мамлекетке өтүш керекпи?

– Мен эмне үчүн Садыр Жапаровду колдоймун? Анткени президенттикке талапкерлигибизди койгондо экөөбүздүн программабыз окшош экен. 2-декабрда жолукканда “Ажы аба, программаларыбыз окшош экен, бирибиз талапкерлигибизди албайлыбы?”,- дегенде мен “Көрүп турам, эл сени көбүрөөк колдоп жатат, мен сенин пайдаң үчүн алам”,- деп, 3-декабрда БШКга барып, талапкерлигимди алып коюп, андан кийин анын пайдасына иштегенмин. Буларды (К. Ташиевди кошуп айтып жатат – редакция) түрмөдө отургандан баштап колдогонмун. Анткени чынчыл балдар экендигине көзүм жеткен. Эми программаларыбыз окшош дебедимби, бийликке келген соң баардыгын, бир эле казинодон башкасын туура кылышууда. Казино менин оюмда жок эле. Ак үйдүн тегерегиндеги темир тосмону алгандан тартып, менчиктештирүүгө чейин туура кетип жатат.

Кара-Суу базары мамлекетке кайтып жаткандан кийин, өлкөбүздөгү башка базарлар да мамлекетке кайтарылыш керек. Жогоруда айтпадымбы, Кара-Суудагы эң чоң май завод талкаланып, орду азыр жеке менчик дүкөн. Оштогу жибек комбинаты, насос заводу, баары жеке менчикке өтүп, базарга айланды. Бишкекте да мурдагы завод, фабрикалар базар болуп калды.
Мен кээде тамашалап биздикилер базар экономикасы дегенди базар деп түшүнүп алышкан окшойт деп коём. “Дордой” базарынын орду деле мамлекеттики да. Муну ким алып алган? Комсомолдор. Алар СССР бузулуп жаткандыгын сезишип, бош жерлерге контейнер коюп, базар кылып алышты.

Конституцияда да жер – элдики деп жазылып турат. Эгер алар мыйзамдуу алган болсо, мейли, мыйзамсыз алынса, анда мамлекетке кайтарылыш керек. Жөн гана кайтарып албай, 30 жылда жашырган салыктарын кошо төлөсүн. Аны контейнер ээлеринен сурап эле бир айда канча төлөдүң деп билип койсо болот. Эгер салык төлөбөсө, ал бизнес эмес, уурулук, каракчылык катары саналат.

Мына, Орто-Сай базары, Ош базары баары мамлекеттин акчасына курулган. Эми алар кимдердин колунда? Шылуундар ээлеп алышкан. Андыктан баарын кайра мамлекеттин карамагына кайтарып алыш, ушул күнгө чейин ижарачыларды кыйнап алган акчаларын кустуруу керек. Бүгүн Кыргызстандагы менмин деген миллионнерлердин баары мамлекеттин жерине базар куруп алгандар.

Раматылык Таабалды Эгембердиевге окшоп өз эмгеги менен байыгандар Кыргызстанда экөө-үчөө эле. Эгер алар ошол завод, фабрикаларды иштетсе макул эле. Лукашенкону канчалык сындасак да ал СССРдин учурундагы завод, фабрикаларды сактап калып, заман талабына ылайык өзгөртүп, кир жуугуч машинадан тартып, муздаткыч, трактор, оор жүк ташуучу машиналарга чейин чыгарып жатат.

Бизде эмне болду? Баары таланып-тонолуп, талкаланды. Менин Сабыр ажы деген ишенимдүү адамым айтчу эле “Биздикилер Гитлерден да жаман, Гитлер бомба таштаган үйдүн жок дегенде дубалы калат, ал эми биздикилер дубалын да бузуп, темирди чет жакка сатып жиберет”,- деп.

С.Жапаров менен К.Ташиев бул адилетсиздикти калыбына келтирип, аны телевизордон көрсөтүш керек. Камчыбек Ташиев азамат, баардык базаркомдорду ижара акысын арзандатууга мажбурлап, интернеттен айтууга мажбурлады. Эми базарларды толук мамлекетке кайтарып берсе, элдин 30 жылда жоготкону табылып, үмүтү акталат.

 

Маектешкен Эмилбек Момунов, Булак: Eurasia Today