Бишкек, "Саясат. kg". Экономикага, социалдык чөйрөгө таптакыр жооп бербеген соң парламентти кадрларды тандап жайгаштырууга аралаштыруунун кандай зарылчылыгы бар?

Адатта саясатчылар  шайлоолорго жарым жыл калганда  күйпөлөктөнүшүп, мурда эстебеген элден кабар алышып, жаңы партияларды  же блокторду түзүшүп, кандай шылтоо  болбосун өздөрүнүн бар экендиктерин билдире пиарлай башташса, бул жолу андай болбоду. Эмнегедир саясый партиялар тынч, кайдыгердей. Ага 11-апрелден кийин парламенттин укуктарынын кыйла чектелип калгандыгы себеп болду окшойт. Фракциялар мурдагыдай майлуу-сүттүү кызматтарды менчиктеп, бөлүштүрүп, сата алышпаса, Өкмөт мүчөлөрүн тандап, бекитүүдөгү  укуктары  формалдуу мүнөздө гана болуп калса, айрым күркүлдөр  үчүн Жогорку Кеңеш мурдагыдай сүйкүмдүү  болбой калды окшойт. Чындыгында мыйзам чыгаруу бийлиги биринчи кезекте сапаттуу мыйзамдарды жазышы керек, экинчиден, пикир алмашуучу платформа гана болуусу зарыл.  Экономикага, социалдык чөйрөгө таптакыр жооп бербеген соң парламентти кадрларды тандап жайгаштырууга аралаштыруунун кандай зарылчылыгы бар?

Мындай летаргиялык абалды биринчилерден болуп “Ата-Мекен” партиясы бузду. Партиянын бир жылдай  жок болуп, дареги чыкпай калган лидери Өмүрбек Текебаев августтун аягында адатынча бийликке атырылып чыкты. “Ата-Мекен” сатылбайт, залогго коюлбайт, партия күндүн ысыгында, суугунда эл менен бирге болду. Биздин партиябыз - биздин жашоо образыбыз” деген маанидеги пафостуу сөздөрдү айтты ал, өз штабында өткөргөн отурумунда. Азырынча “Ата-Мекенди” бирөө сатып алганга кызыкдар болуп жатыптыр деген шыбышты уга элекпиз, залогго деле бирөө-жарымдын алышы кыйын. Азыркы партиялардын кадыр-барктары, нарктары  Россиядан чыгарылган эски “Жигулилерче” да жок экендиги чындык. Ал эми “...күндүн ысыгында, суугунда  эл менен бирге болдук” дегени карандай апыртма. Антип айткыдай “Ата-Мекенчилер” Баткендеги кагылышууларда эл менен бирге жүрүшүптүрбү? Же пандемияга чалдыккандардын, үлүштөрүнө суу жеткире албай кыйналган дыйкандардын абалдарын жеңилдеткенге жардам көрсөтүшүптүрбү? Андайды  уккан да, көргөн да жокпуз. “Ата-Мекен” партиясы КСДПчылардай биротоло таркап кетпегендигин августта же парламенттик шайлоого старт берилгени жатканда гана уктук.

Өмүрбек Чиркешович штабында өткөргөн отурумунда IRI деген институттун чиймелерине таянып, өлкөнүн 2005-жылдан берки жетекчилеринин рейтингдерине талдоо жүргүздү. Бизди, окурмандарды деле Садыр Жапаровго чейинки жетекчилердин рейтингдери кенедей да кызыктырбайт. Анткени, алар бизге ысык-суугу жок тарых. Ал эми азыркы бийликке келе турган болсок, Текебаевдин айтымында, Садыр Жапаровдун саясатын  ушул жылдын март  айында элдин 70 пайызы колдосо, августтун акырына карата ал 34 пайызга түшүп кетиптир. Мында адегенде эле Текебаевдин сын-ченеми, терминдери туура эместигин көзгө сайгандай көрсөтө кетүүбүз керек. Биринчиден, социологиялык изилдөөлөрдө эч качан “элдин” деген аныктама колдонулбайт, “респонденттердин” деп гана аталат. Анткени, 2-3 миң адамдан алган жооптордун  (анысы да болсо) жыйынтыктарын жалпы элге таңуулап, жалпы элдин позициясы катары көрсөткөн туура эмес. Анын үстүнө “социологиялык иликтөөлөр” деген негизинен буйрутма берген тараптын кызыкчылыктарына ылайык жүргүзүлөрүн, айрымдары штабдарда, ЖМКларда эле потолоктон алынып чыгарыла коёрун жакшы билебиз. Анан шайлоолордун жыйынтыктарына нааразы болуп, чачкан акчаларына ичтери ачышкандан  ич күптүлөрүн тирешүүлөр, кагылышуулар, басып алуулар, талкалоолор менен чыгаргандарды “пассионарлар” деп  атаган чоң жаңылыштык. Пассионардуулук деген утурумдук  эмес,  күндүн, жердин энергиясынан, аралаш никелерден  адамдардын бир тобунун мүнөздөрүн, жүрүм-турумдарын, жакшы-жамандык жөнүндө түшүнүктөрүн биротоло өзгөрткөн, ал бир нече муундарга чейин  сакталган туруктуу сапат болот. Жөнөкөй таш атарларды, эшик-терезелерди талкалап, машинелерди өрттөгүчтөрдү  “пассионарлар”деген чыныгы пассионарларды, илимди маскаралоо болуп саналат. Алар жөн эле ачкыл-кычкылдарга аралашкан, жоопкерчиликти сезбеген, ай деген ажолору, кой деген кожолору жок  бейбаштар.  Өмүрбек Чиркешович “социология, илим”деп жаткан соң мына ушундай жөнөкөй түшүнүктөрдөн чаташып, элдин башын айландырбоосу керек эле. Өмүрбек Чиркешовичтин  “Ата-Мекенге” эл ишенет” дегени калп. Азыр эл саясый партиялдардын бирине да ишенбейт, ким тыйын-тыпыр берсе ошого гана добуш беришет.

 “Чабал өрдөк мурда учат” деп коёт элибизде. Өмүрбек Чиркешович өзүнүн шайлоо кампаниясын өтө эле эрте баштады. Штабда отургандарына көз жүгүртсөк, бир да күркүл, же салмактуу саясатчы көрүнбөдү. Эбак жыдыган бир-экөө эле болсо калганы жалаң  мөлтөк баштар экен. Алар менен босоголук чектен өтмөк түгүл, ага жакындоо да кыйын. Ал эми Өмүрбек  Чиркешович  өзүнүн кичи мекенинен койсо, эгерде Базар-Коргондон башка күркүлдөр чыкпаса   өзү жалгыз  парламенттин босогосун атташы ыктымал. Бирок, “Ата-Мекен” канчалык канаттарын эрте каккылап, бийликтегилерди канчалык опуруп-жапырбасын ал үчүн бул парламенттин  босогосун аттоо  өтө эле проблемалуу болорун ачык айта кетели.