Бишкек, “Саясат.kg”. КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Н.Мирзахмедовго эл баа берет...

- КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов түз эфир учурунда: “Гумжардам алган инсан... динге да туура келбейт. Бул мындайча айтканда тилемчиликке туура келип калат”- дептир. Мындай сөз жардамга муктаж элди басынтуу, төө бастыга алуу эмеспи?

Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депутаты:

Кырдаал вирустан улам болуп атат. Тилемчиликтин эч кандай тиешеси жок

- Кырдаал вирустан улам болуп атат. Тилемчиликтин эч кандай тиешеси жок. Күнүмдүк акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандар чындап кыйналып атышат. Көп балалуулар, пенсионерлер, квартиранттар... Ошолорго күнүмдүк тамак-ашынан жардам берүү үчүн гумжардам деген түшүнүк келип чыкты. А тилемчилик - такыр башка маселе...

Жолдошбек Токоев, аналитик, журналист:

“Ал өзү арыз жазып иштен кетиши керек же Мухамедкалый Абылгазиев кызматтан алыш керек”

- Ооба, Н.Мирзахмедов деген аткаминердин айтканына бир эле мен эмес, көптөр жерге түкүрүп жатышат. Ал динди да билбесе керек. Ислам дининде “битир”, “садака” дегендер бар. Орозо айында жан башына битир, мал, мүлккө жараша садака берилет. Ал битир, садака мечит тарабынан жардыларга таратылат. Ал эми илгери тилемчилик да элдин жарды катары болгон. Алар үй, айыл, базар кыдырышып жардам сураган. Азыр мамлекет бар. Мамлекеттин негизги милдети ишкерлерден салык чогултуп ал каражатты элге мисалы айлык акыларга, пенсия, пособие жана башка ушул сыяктууларга бөлүштүрүү болуп саналат. Ал аткаминер да салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык акы алып, автоунаа минип жүрөт да. Ошону түшүнө албаса керек тигил Н.Мирзахмедов. Элди ушундайлар башкарып жатканы өкүнүчтүү . Ал өзү арыз жазып иштен кетиши керек же Мухамедкалый Абылгазиев кызматтан алыш керек.

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:

“Элдин кээ бир катмарларынын ушундай жашоого келип калышына так ошого окшогон чиновниктер күнөөлүү”

- Менимче бул мамлекеттик кызматкердин ушундай оор абалда айта турган сөзү эмес. Буга өкмөт тийиштүү баа бериши керек. Элдин кээ бир катмарларынын ушундай жашоого келип калышына так ошого окшогон чиновниктер күнөөлүү. Анысын билбей, кайра жардам сураганды тилемчиге теңегенге болбойт. Эгер сөздү туура эмес айтып алдым десе, кызматчы үчүн бул да кечиримсиз азыркы шартта.

Уран Рыскулов, коомдук ишмер:

Биздин эл динди ыйык туткан, ыймандуу экен. Ачка калдык деп жапырт догурунбай бири бирин көтөрмөлөп келе жатышат

- Мындай сөздү бийлик бутагындагы кызматтагы адам сүйлөй турган сөз эмес. Өздөрү күч органдарынын колу менен элдин баарын карантинге камап коюшуп, ачарчылыкка алып келип жатышпайбы? Үйүнөн чыга албаган эл анан эмне кылышы керек? Карантинди ачсын, эч ким гумжардам сурабайт. Эми тилемчилик боюнча айтайын. Ошол чиновниктер дайыма элге мисал кылып келген Америка мамлекетин карап көрөлү. Америкада карантиндин биринчи айында 3 млн. эл жумушсуздук боюнча пособия алып баштаган. Азыр жумушсуздук боюнча пособия алган элдин саны 6 млн болду. Дагы биздин эл динди ыйык туткан, ыймандуу экен. “Ачка калдык” деп жапырт догурунбай, бийликке милдет кылбай, бири-бирин көтөрмөлөп келе жатышат. Чиновниктер ошондой эле динди жакшы түшүнөт экен, бирок,өздөрү кайырчы, тилемчиге окшоп эл аралык уюмдардан 170 млн.доллар  сурап алышты го. Бул бизге маалым болгону эле. Эң кызыгы динди түшүнгөн ошол чиновниктерден “ошол акчалар кайда кетти?”- деп сураган киши жок. Чынында ошол чиновник айткан тилемчи менен чиновниктер окшош. Анткени ар бир киши өзүнүн ички дүйнөсүндөгү бар нерсени гана башка кишиден көрөт. Өзүндө жок нерсени ал башка кишиден дагы көрө албайт. Көрдүбү ,демек ал ошол. Айырмасы бир гана нерсе.  Тагыраагы, акчанын суммасында. Тилемчи 1700 сом сураса, бир кап унга чиновник 170 млн. доллар сурайт. Анткени, деңгээли бир кап ун.

Алишер Мамасалиев, экс-депутат:

“Мирзахмедов мамлекеттик кызматкер катары сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек”

- Мен юрист катары айтышым керек. Мамлекеттик кызматкерге, айрыкча өкмөттүн облусун ыйгарым укуктуу өкүлү мындай сөздөрдү айтпашы керек. Мен эскертким келет, Кыргыз Республикасынын Конституцияга ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган. Ошондуктан бардык биздин жарандар мусулман болобу же башка диндин өкүлү болобу баардыгынын укуктары  бирдей. Айрыкча өзгөчө кырдаал учурунда. Эгер Мирзахмедов мырза ушул сөздөрдү айткан болсо, анда ал мамлекеттик кызматкер катары сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек.

Улукбек Маматаев, коомдук-саясий ишмер:

“Элдин бүгүнкүдөй кырдаалга даяр эмес экенине ушуга окшогон чиновниктер, эл башчылары күнөөлүү”

- Биринчиден, андай деп сүйлөгөнүн укпаптырмын. Бирок, андай айткан болсо аткаминер туура эмес сүйлөп, катачылыкка жол бериптир . Экинчиден, ушуга окшогон динчил же кандайдыр бир динге тиешелүү мисалдарды келтирип сүйлөгөн адамдарды мамлекеттик кызматка жолотпош керек. “Конституциянын чегинде гана иш алып бар”- деген талап коюлушу керек. Үчүнчүдөн, бүгүнкү болуп жаткан окуяларга карапайым элдин күнөөсү жок. Элди зекигенден көрө маселени чечкенге аракет кылышы керек. Элдин бүгүнкүдөй кырдаалга даяр эмес экенине ушуга окшогон чиновниктер, эл башчылары күнөөлүү.

Кайып Шери, апрель баатыры:

“Оозунан жаңылды”

- Жанагы  Мирзахмедовдун антип сүйлөгөнү осолдук. Менимче бу киши карантинде жаткан элге кем карчын жеткизе албай, жогору жакка отчёттун бере албай, айласы кургандан айтып алды окшойт. Оюн  коомчулука туура эмес түшүндүрүп алды. Оозунан жаңылды. Чынында гумжардамды таратууда далай чиновниктер тигини, муну жазган болуп талап-тоноп кетишет. Ал коррупционерлерди урушам деген сөзүн анын ордуна көз артып жаткандар башка багытка буруп кетти.

Чынайым Кутманалиева