Бишкек, “Саясат.kg”. Төбө чачты тик тургузган, тирукмуш баянга назар салыңыз..

Бир нече күн мурда, кыргыз коомчулугунда кезектеги талаш кырдаал түзүлдү. Алгач, “жаш ишкер коронавирус илдети күчөп турган кезде, кыйналган үй-бүлөлөргө 7 000 000 (жети миллион) сом каражат кайрымдуулук кылыптыр”- деген кабар дүң этти! “Ой азамат! Баракелде! Ата-энеңе рахмат! Аллах ыраазы болсун!” ж.б.у.с толгон токой алкыштар жаап, буга чейин эч кимге белгисиз болгон жаш ишкер мекендешибиз атак-даңка, даңазага бөлөнүп жатып калды. Айрыкча, соцтармактарда ал жигит өзүнүн командасы менен азык-түлүк таратып жаткан видео-тасмалар тарап, элдер чын ыкластан ыраазычылык айтып жатышты. А түгүл, ал жигитти келечекте депутат, белгилүү инсан катары да сыпаттап, шайлоого барса колдойбуз дегендер четтен чыкты...

Арадан эч канча убакыт өтпөй туруп, бул иш-чараны уюштурган адамдын “бул байлыктарды кайдан алган, деги эмне менен алектенет”- деген суроолор пайда болгону мыйзамдуу көрүнүш. Так ушул жерде кызык нерселер боло баштады. Башкасын айтпаганда деле, так ошол кайрымдуу, берешен ат атка конуп, эл оозуна алына баштаган жигиттин текейден тескери кеткен тариздеги видео-кайрылуусу жарыяланып, кыргыз коомчулугу башына таш тийгендей эле абалга туш болду. Анткени, ал кайрылууда, бир күн мурда эле “кымбаттуу кыргыз элим!” деп жаткан жигит, так ошол “кымбаттуу элди” оозго алгыс сөздөр менен ашата сөгүп, чексиз кемсинтип, жер менен жексен кылды. Албетте, ал сөздөрдү бул жерде кайталоо мүмкүн эмес, себеби андай сөздөр адабий тилде такыр колдонулбайт. Анын үстүнө, чөнтөк телефону бар ар бир киши ал “тандалмаларды” укту болуш керек.

Оозу Оштой ачылган коомчулук, адаттагыдай эки тарапка так бөлүнүп алып, ич ара “кырылышып” кирди. Соцтармактар чоктой кызып, ата-мекендик маалымат согушу башталды... Албетте, ар кимдин өз аргументтери бар эле – кээ бирлери, “кандай болсо да элге жардам берди, ишиңер болбосун!” десе, башкалары “өзүңөр сокур тыйын бербей жатып, бергенди көрө албайсыңар!” деп албууттанышты. Бир карасаң, логикага толук ылайык келчү аргументтер...

А экинчи тараптын айткандары андан да кызык болуп чыкты. Анын үстүнө, бул тараптын айтып жаткан фактыларын, ошол “кайрымдуу” жигит өзү жараян кылган болчу. Кептин баары, жаш меценаттын кирешеси шектүү даректе, тактап айтканда порно-индустриядан табылган экенидигинде. Алектенген жумушуна байланыштуу, уят-сыйыттан эбак арылган ишкер, эч бир “кагазга оробой” туруп эле, калдайган калкты өзүнүн жумушунда көп колдонгон эркек мүчөсү менен башка эле чапкандай сезилди. Жашырбай эле, порно жаатында ишкерлик кылаарын жарыялап, андан түшкөн каражаттан кыйналган элге жардам берээрин тарс айтып салды. Ошондуктан, экинчи тарап, “мындай ыплас акчанын кереги жок!”, “кыргыз кыздарын сойкулукка бурган адамдын акчасын алгандан көрө, ачкадан өлгөн артык!”, “Аллахтын атын булгаган ыймансыз зынакорго каргыш!” деп ачуу кыйкырык салып жатып калышты...

Ошону менен бүттү го деп жатсак, бул каармандын барган жеринде кокаин наркозатын колдонуп жаткан, порно-студиядагы жумуш процесстерине да жеке өзү катышып жаткан видео жана сүрөттөрү чыкты. Баарынан да, жаңы эле там-туң басып баштаган уулун ээрчиткен бойдон, оор наркотикалык заттар колунан да, оозунан да түшпөй жүргөндүгү зээнди кейитти. Баланын сүрөтүн койбодук.

Мындай талаш кырдаалда кайсы бир тарапты тандоо өтө кыйын жана андай кылуунун кереги жок. Себеби, элибиздин моралдык-этикалык ченемдери, абийир талаптары, адеп-ахлактан болгон түшунуктөрү эбак эле тийиштүү деңгээлден кетип, тилекке каршы, ычкырдан ылдый болуп кеткени ачык көрүнүп калды. Кыздын сыры төркүнгө маалым болгондой эле, коомдук пикирди тынымсыз изилдеп жүргөндөргө бул феномен жакшы белгилүү. Азыркы коомдо ыйык нерселер, руханий байлыктар дээрлик дефицитке дуушар болгону ачуу чындык. Албетте, бул жерде кимдир бирөөгө моралдык кеңеш берүү максаты таптакыр жок! Болгону, эки тараптын ой-пикирине тең орун берип, чечимди окурман өзу гана кабыл алсын деген ой...

Ал анча болду, эртеси күнү, аталган жаш ишкер менен бир ирет жолугуп, кенен маектешип, анын ички дүйнөсүнө бир ирет болсо да баш баккан адамдын пикири да жарыяланды. Ал адам, катардагы эмес, адис дарыгер-психолог, нарколог, белгилүү профессор Жеңишбек Назаралиев эле. Доктор Назаралиев Даниэль аттуу жаш жигит келип, маектешип, кээ бир иш-чараларды да талкуулап кеткенин баяндап, андан кийин ал адамдын психологиялык портретин адис катары толук сүрөттөп өтүптүр. Болгондо да, Даниэлди “Кыргыз психопаты” деп атап, белгилүү кинотасмадагы “Джокер” каарманына теңептир. Төмөндө, профессордун пикиринин эркин котормосун толук берилди:

Жеңишбек Назаралиев, медицина илимдеринин доктору, профессор:

“КЫРГЫЗ ПСИХОПАТЫ!”

- Даниэль аттуу бирөө мага жолугууну каалап жатканын, өзумдүн кеңсемдин кызматкерлеринен бир жума мурда уктум.

Таанышым менен кат алышып жатып, мен ага “кызыктуу” жаш жигит менен маектешип калышым мүмкүн болуп турганын кабарладым.

Анда ал мени, “такыр жолобо бул аферист менен!” - деп эскертти. Мага да ошол замат кызык боло түштү, ким ал жана мен ага кандай жардам бере алам?

Анда, кече башталган ызы-чууга чейин бир апта мурда, өткөн жума күнү, кандай болгонун айтып берейин. Бүгүн болсо, мен кийинчерээк билгендей, порнография трансляция кылуу менен акча тапкан бул адам бүт баарыбыздын ички дүйнөбүз үчүн стриптиз уюштуруп, өзүнүн инстаграмм баракчасы аркылуу, анык порнография жанрына ылайык таризде кайрылды: “Силер, кыргыз эли, түгөнгөн келесоолорсуңар! Бүт 6 миллион баарыңар! Силер баарыңар жолу болбогондорсуңар! Эгер силер ушунчалык акылдуу болсоңор, анда неге алты нөлдүү пайдаңар жок?”.

Кеңсеме 30 жаштагы арык чырай жигит келип, алгач эле уюлдук телефонду мага белек катары сунду. Бул анын катачылыгы эле - күн эрте эле мени муютуп, алдын ала, мен тараптан анын акылга сыйа бербеген идеяларына карата айтыла турган сын-пикирди басаңдатуу аракети деп таптым.

Даниэль менин 1985-жылдан бери ичкичтерди жана баңгилерди дарылап, психиатр жана нарколог болуп эмгектенээримди эске албады. Себеби мен, күн сайын анча деле чынчыл эмес, бир топ жагымсыз, кээде шылуу, жалганчы, а кээде акылдан азган адамдар менен маектешип келем... Өзү менин кабылдоомо келген Даниэль менен бир саатык пикир алмашуудан мен эмнелерди көрө алдым?

Биринчиден, эне мээримин көрбөгөн баланын комплекстерин байкадым. Ошондуктан, ал үчүн эч кандай авторитеттүү нерсе жок, чектен ченемсиз четтеген жүрүм-туруму жана айлана-чөйрөсүнө да кол шилтеген мамилеси, аморалдыгы жана кимдин болсо да башын аттап кетээри ачык көрүндү.

Экинчиден, көз көрүнөө мегаломания же ашкере мыктысынуу жана өзгөчө баалуу идеяларга сугарылуу. Бул сапаттар, негизинен маньяктарга, массалык террористтерге мүнөздүү жана бул чындап коркунуч туудурат. Даниэлдин пикиринде, порно жаатында чоң каражат таап, ал каражаттын арты менен, ал өзүн бай-дөөлөттүү жана туруктуу оокаттуу адамга айланганын далилдей алган. Бул нерсе, башка адамдарды жээрип, алардан өзүн улук сезип жана аларды башкарууга укук берет эсептеп калган. Бекеринен, маектешип жатканда миллиондор жана миллиарддар жөнүндө кеп уруп олтурган жок. Мен үчүн, ал мындан да чоң байлыкка умтулуп, чексиз кудуретке жетишүү фантазиясы менен жашап, бүгүнкү реалдуулукту жана өзүнүн мурдагы жашоосундагы алсыздыгын компенсациялоого аракеттенип жатканы сыр болбой калды.

Үчүнчүдөн, Даниэлдин туруктуу психопатиялык сапатына көңул бурмакчымын – токтоосуз, сабырсыз жана сын-пикирди такыр кабыл албай, тонун өзгөртүп, агрессияга өтө баштайт. Сылабай турган, кабанаак иттин эле дал өзү. Ал коом тараптан мээримди эңсейт, бирок анын психопатиялык мүнөзү, анын паталогиялык калыптануусунун жыйынтыгы катары, ага мээримдүү болгон тараптарга да тиш салуусуна өбөлгө түзөт. Ал ушунусу менен өтө кооптуу - күтүүсүз жерден ачууланат, себепсиз каарданат, башкача айтканда жапайы жаныбар эле сыяктуу.

Төртүнчүдөн, Даниэль маниакалдык-депрессивдик синдромго чалдыккан: биз маектешкен учурда анын маанайы себепсиз алмашып жатты. Бир туруп, өтө берилип колдоп, бир туруп эле каяша айтып, кетенчиктеп жатты. Бир туруп жаркылдап күлүп калат, анан эле кабагы бүркөлөт. Бул көрүнүш - менталдык “булут каптоо” болуп эсептелет.

Акырында, мен өзүм үчүн төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим. Ал паталогиялык жалганчы жана куйту экен жана мас адамдын тили булдурап жатып, өзүнүн сопсоо экендиги жөнүндө айтып жатканын элестетти. 5 мүнөт мурда айткан сөзүн унутуп, кайра аны эсине салганда буйтап кетүүгө аракеттенип жатты.

Бирок, кемпай жана оорулуу көрүнгөн, өзгөчө нарцисстенген Даниэль бир топ пассионардуу болуп көрүндү. Ал мага жана клиниканын кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу багытында акысыз жардам берүү максатында келиптир. Мен, клиниканын маселелерин өзүм эле чечүүгө кудуретим жетээрин айтып, бирок ушундай эле пайдалуу иш кылуу ниетиң болсо, азыркы кездеги коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам керек экенин айттым. Так ошол саамда, мен өзүмдүн клиникамдын имаратын пандемия менен күрөшүү мөөнөтүнө Өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү чечимин кабыл алдым. Клиниканын базасында Өкмөт карантиндик борбор уюштурса болот, ал эми Даниэлге ошол “Биз” аттуу коомдук кыймылга кошулууну сунуштадым.

Аталган кыймыл, ыктыярчыларды чогултуп, керектүү тараптарга жардам бере башташмак: дарыгерлерге – ооруканаларда, укук коргоо органдарына – көчөлөрдү күзөтүүдө, улгайган жарандарга – керектүү азыктар жана дары-дармек менен камсыздоого, а түгүл катардагы жарандарга деле ыктыярчылар жардам беришмек.

“Биз” деп, ошол эле жерден атын ойлоп чыгарып, “Биз биргеликте коронавирусту жеңебиз!” деген ураанды тандадым. Бул демилге Даниэлге да өтө жакты жана ошол замат ишке ашырууну каалады. Мен бул ишти турмушка ашыруу үчүн 100 миң сом бөлүп берээримди угуп, өзүнө мүнөздүү менменсиген таризде, менин сунушумдан ашыра түшүп, бул ишке 10 миң АКШ долларын бөлөөрүн айтты. Мен аны менен эрегишпедим, себеби, өзүм убада кылгандай, жаралган демилгени уюштуруу иштерине өтүү керек эле.

Коштошуп жатып, мага келген киши катары жана “Биз” кыймылынын алкагында жаңы өнөктөш боло түшкөн адам катары кайрылдым: “Көрүнүктүү жыйынтыкка жете электе, көп нерсе убада кылбай, жупунураак боло тур. Негизи эле, сага турмуштук кеңешим: канчалык жупуну болсоң, адамдар ошончолук сага тартылышат!”. Байкашымча, макул эле болгондой көрүндү. Албетте, эмне жөнүндө айтып жатканым мага жакшы белгилүү эле: 90-жылдардагы ийгиликтердин толкунунда мен да жылдыз оорусуна чалдыккам. Дагы жакшы, мен “уча баштаганда”, достор мени “жерге түшүрүп” турушкан. Ошолордун аракети менен гана ал илдеттен арылып, ошондон бери жупунулук жана токтоолук эң бир орчундуу сапаттар деп эсептеп келем.

Эки сааттан кийин, Даниэль мага кат жазып, “Биз” кыймылына колдоо катары каражат кошпой турганын билдирди. Ал абийирсиз түрдө демилгени уурдап, эртеси күнү коронавирус менен күрөшүүгө 7 миллион сом кошоорун жарыялады. Башкача айтканда, эски курс менен 100 миң доллар. (Байкасаңар, ал каалаган суммага дагы бир нөлдү кошо коюп эле, ири суммага айлантып, көрүнүктүү жана жагымдуу кыла коймой адаты бар экен).

Бул кабарды окуп, мен болгону жылмайып гана койдум. Биздин жолугушуунун алгачкы эле мүнөтүндө, ал белгилүү, популярдуу, жылдыздуу персона болгусу келээрин билдирген. А чындыгында, ал өзүн Кыргызстандын президенти, а түгүл дүйнөлүк лидер болгусу келээрин жашырбады. “Мына, амбициялуу алгачкы кадамын таштады” деген ирониялуу ой гана келди. Бирок, анын башына көптөгөн сын айтылып, орунсуз мактанып жаткандыгы жөнүндө, ага жакпаган пикирлер жаап баштады. Мындай кезде, комплекстерге толгон, менменсинген паталогиялык адамдар, жогоруда айтылгандай сынга чыдабай - жарылып кетишет!

Даниэль өз максатына жетти окшойт – бүт өлкөгө терс болсо да даңаза тапты. Мен ойлойм, анын жалган боорукердиги жана ченемсиз ыплас ооздугу – ага кандайдыр бир деңгээлде белгилүүлүк алып келди. Психопаттар гана ушинтип, адамдардын башын аттаганды каалашат.

Ал анда өзүнүн чыныгы жүзүн айгинелеп, ошол замат кабанаак итке айланып, бүт 6 миллион кыргызстандыктарга асылды, анын ичинде, ойлонуп көрсөм, мени да, менин жакындарымды, туугандарымды жана досторумду, деги эле тийешеси жоктордун баарын сөгүп, кемсинтти. Өлкөбүз оор күндөрдү баштан кечирип, коронавирустун айынан баарыбыз бири-бирибизден оолактап турган кезде, бизге ич-ара биримдик керек болчу. Ал болсо, баарыбызды долулана сөгүп, өтө терең кемсинтип капалантты. Демек, мен бул жерде психиатр катары, Даниелди анын эркине каршы жана анын жакындарынын уруксатысыз дарылай албагандан кийин, эч кур дегенде калган баарыбыз үчүн психотерапевттин милдетин аткарышым керек деп эсептейм.

Кымбаттуу менин 6 миллион кыргызстандыктарым!

Кээде сиздер көчөдө баратып, “акылдан азган” адамдын сөгүнгөнүн уккан чыгаарсыздар. Балким, аны өзүңөрдүн дарегиңерге да кабыл алышыңыздар мүмкүн. Чындыгында, ал  сөгүштөрдүн сиздерге тийешеси жок. Себеби, ал сөздөр психикалык ооруга чалдыккан адамдын ичинен чыккан балит сөздөр (күбүр-шыбыр, көмүскө араздаштыруу, сөз ташуу, кыянаттык кылуу максаттары). Кыргызда сөз бар – “ириген ооздон, чириген сөздөр чыгат”.(ред)

Тилекке каршы, биздин арабызда жүздөгөн миң психикалык оорулары аныкталбаган адамдар жашайт жана алар хроникалык тынчсыздануу, себепсиз коркуу, акылдан тайуу сезимдеринин таасиринде болушат. Алардын кээ бирлери өзүнүн алаңгазарлыгын кадыресе пайдалуу нукка буруп – чыгармачылык же илим менен, эч кур дегенде коомдук ишмердүүлүк менен алектенип келишет. Бирок, кээ бир кезде, психопаттар коомго катылып, анын тынчтыгын бузуп, өзүн коомдон жогору көрсөткүсү келип, атарабындагылардын баары кемпай байкуштар деп эсептешет.

Биз мындайда кандай реакция кылышыбыз керек?

Азыр көпчүлүгү, жини кайнап, муштуму кычышып, Даниэлди зомбулук менен жазалоону талап кылууда. Бир тараптан, Даниэлдин психопаттык абалын эске алсак, ал 6 миллион кыргызстандыктардын ар биринин алдында кечирим сурашы күмөн. Ошентсе да, мен тобокел кылып, ага бул нерсени сунуштап көрөм, канткенде да, жаш жигитке өз айыбын жоюп кетүү мүмкүнчүлүгүн берели.

Эгерде такыр баш тартса, анда биз арабыздагы акылсыз жана бузуку “Джокерлерге” көңүл бурбай, андай аңкоолорго өзүбүздүн эмоцияларыбызды жана реакцияларыбызды коротпойлу. Себеби, мындай “психопат-джокерлер” ошону эле күтүп турушат.

Эң жакшысы, алар менен укук коргоо органдары, адис дарыгерлер жана социалдык институттар алектениши керек. А биз болсо, өзүбүздүн жүрүм-турумдарыбызды, келечегибизди, деги эле жашоого болгон көз карашыбызды бир сыйра кайра карап чыксак ашыкча болбойт. Бири-бирибизге күйүмдүү болуп, бири-бирибизге аяр мамиле кылууга чакырмакмын.

Өзүңүздөрдү жана психологиялык ден-соолугуңуздарды сактаңыздар! Баарыңыздарга сүйүү, тынчтык жана бакыт каалайм! Негизгиси ушулар деп ойлойм!