Соңку тапта жүргүзүлүп  жаткан саясат эч кимдин ичин  жылытпагандыгын даана байкап жүрөбүз.

 

Өлкөбүздөгү туташ башаламандык, бийлик бутактарынын жоопкерчилигинин таптакыр жоктугу Кыргызстанды анык кургуйга кептегендигине ич тызылдайт. Ошондуктан токтоосуз түрдө конституциялык же башка бир реформаларды жүргүзүп, мамлекеттин экономикасын, аны менен катар, башка мамлекеттер сыяктанып, калайык калктын жашоо деңгээлин көтөрүп, саламаттык сактоо, элге билим берүү, маданият боюнча  эң кур дегенде элге кызмат көрсөтүүнү минималдык стандартка ылайык жүргүзүүгө жетишүү керектиги кимди гана ойлонтпойт, түйшөлпөйт.

 

“Маданият болбогондо жашоо жаңылыштык болмок”- дегендей, чындыгында маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо өнүкмөйүн жашоо-турмуш да, экономика да, кадыр-барк да көтөрүлбөшүн эч качан эстен чыгарбасак. Соңку тапта жүргүзүлүп  жаткан саясат эч кимдин ичин  жылытпагандыгын даана байкап жүрөбүз. Мунун башкы себеби эмнеде?


Байкагандырсыңар, президенттер мурда өздөрү бекем убада кылгандай, Кыргызстанда ири реформалдарды ырааттуу түрдө жүрүгүзүп, ага улай кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасоонун ордуна күнүмдүк майда-чүйдө маселелерди чечүү менен гана чектелип калды. 


Маселен, пенсиянын өлчөмүн анча-мынча гана көбөйткөн түр көрсөтүшөт. Мугалимдердин маянасына жалчыбаган тыйын-тыпыр кошулду жасашат.  Бул  өзү президенттер  жасай турган иш эмес!  Ал Өкмөттүн күнүмдүк гана жумушу болчу.

 

Мунун ордуна президенттер кандай орчундуу жумуштар менен алектенсе жарашмак? Эң ириде президенттер өздөрү катуу убада кылган Кыргызстандагы  соттук реформа ара жолдо калды. Бул тармак, жашырып не, жемкорлуктун сазына аябай батты. Жаш жана таза адистер-күчтөр судьялыкка жолотулган жок. Анткени алар тиешелүү акчасын бере (пара) албагандыктан адаттагыдай борттун сыртында гана калып кетишти. Укук коргоо органдарында деле кудум ушундай мышык ыйлагыдай акыбал. 


Мындан тышкары Кыргызстан – эң ириде агрардык өлкө. Андыктан айыл жеринде реформа бүгүнкү күндүн зарылчылдыгы, макроэкономиканы микроэкономикадан баштоо абзел!  Ал үчүн макроэкономика көрсөткүчтөрүн айылдан баштоо зарыл. Дүнүйөгө жол айылдан башталгандай, бюджеттин куралышы айыл өкмөттун аймагынан башталганда жер-жерлерде жашаган калктын көйгөйлөрү өз учурунда чечилип, мамлекетте чечилбеген маселелер азаят. Ага улай чийки заттарды (пахта, эгин, эт) кайра иштетүүчү чоң-чакан ишканаларды жер-жерлерде байма-бай курсак, аймактын чегиндеги чоң кичине долбоорлордун дээрлик баары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аркалуу иштелип чыгып, алар тарабынан  сунушталып, кароодон өтсө, мындан чындап утмакпыз.


Ошондой эле мунун шарапаты менен жер-жерлерде миңдеген жумушчу орундар дагы түзүлмөк. Ага улай ошол ири коооперациялардын аркасында дүйнөлүк интеграцияга дагы абдан бат ыктамакпыз. Негизги жеңиш эч кандай жоопкерчилиги жок бийликтин вертикалын жокко чыгарып, 25 жылда тамырланып - чырмаланган ырайымсыз коррупциянын тамыр-өзөгүн кыймакпыз.

 

Ушундай асыл максаттарды жүзөгө чукул арада ашырууга саясий жемкорлук жолтоолук кылып жатат! Жашырып не. Карасаңар, Кыргызстанда СДПК, “Ата Мекен”, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” “Бир-Бол” “Өнүгүү-Прогресс” партиялары тармактарды ич ара бөлүштүрүп жеке кызыкчылыктар менен алек , бардыгы  коалиция-оппозиция мурунку чакырылыштарда кээ бир маселелерде принципиалдуу болушкан  түр көрсөтүшсө, азыркылары ачык эле бийликке  кошоматка өтүштү. Каяктан табышат, белгисиз критерийлер менен макташып, алты-жети ай же жылга жетпей “ууру экен, түгөнгөн акмак, галдирбай, алкаш” деген себептер менен 25 жылда 28 өкмөт алмаштырышты. Бир эле акмакты кайра-кайра койгон учурлардан да кур эмеспиз. Аны каалагандай башкарып же башкартып, жакпагандан же эриккенденби? Айтор өкмөттү тынбай жаңылагандан тажашпады.  Анан  каяктан өнүгөбүз?  Ал эми өлкөнүн негизги мыйзамы эсептелген, кабыл алынган республикалык бюджеттин таржымалы -  бийликтин былыктыгын, карөзгөйлүк-жоопкерсиздигинин жана канчалык деңгээлде сабатуулулугун далилдеп турат. Бюджетти мыйзам  боюнча өкмөт түзүп, даярдап, токтому менен Жогорку Кенешке ар жылдын  биринчи сентябрына карап бекитүүгө бериш керек болсо, “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору  өкмөт тарабынан 2015-жылдын 19-декабрында сунушталса, 2015-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент тарабынан 31-декабрда кол коюулуп, күчүнө кирген. Быйыл деле, 2017-жылдын бюджетин кабыл алууда ошол көрүнүш кайталанды. Натыйжада мыйзам  мамлекеттин тагдырын чечкен документ болбой эле, маанисисиз жөнөкөй кагаз сыяктуу сезим калтырат. Бийликтин мамлекеттин тагдырын аныктаган документке жасаган мамилеси ушул. Эч кандай мыйзамдардын эрежелери сакталбастан түзүлүп, эч кандай эрежелерсиз кабыл алынса ал мыйзам мамлекеттин эч кандай проблемарын чечпейт. Бул эмнени тушүндүрөт, өткөн жылдарда эч нерсе күтүлбөгөндөй эле, мамлекетте эч нерсе күтүлбөйт, аткарыла  турган нерселер белгисиз!  Эч кандай багыттар белгиленген жок. Анын баары коррупцияга жол ачты. Мисалы, Өкмөттүн “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолун куруу боюнча тендер өткөрүү боюнча буйругуна  Т.Сариев 13.10.2015-ж. (№508-р) кол койгон. Тендердин суммасы 8 (сегиз) миллиард  сомдон ашкан.  Ал эми өкмөттө  каралып, Жогорку Кенеш бекитип, президент кол койгон 2016-жылга карата бюджетте Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун куруу проектиси жок. Өлкөдө негизги мыйзам болуп эсептелинген “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык Бюджети жана 2017-2018-жылдарга Болжолу” жөнүндөгү көрсөтүлбөгөн, жок долбоор боюнча ачык тендер жарыяланып, каражаттар жумшалып, долбоорду ишке ашыруу аракеттери - бийликтин канчалык даражада коррупциялашканын көрсөттү. 

 

Тээ мурдагыдай ушул тапта кайран эл бийликтин булагы болбой калды. Совет доорунда дале бут финансы төмөндөн түзүлөт болчу. Республикалык бюджет айылдан эч кандай чегерүү дээрлик алчу эмес. Тескерисинче республикалык бюджет чарбаларга финансылык ахыбалына жараша, жашоонун минималдык стандартын камсыздоо максатында социалдык жана башка кепилдиктер үчүн жетерлик деңгээлде субсидия-дотациялар менен камсыздаган. Чарбанын, райондун жетекчилерине өз алдынчалык финансы жана башка маселелерде чектөө болгон эмес. Чарбанын жана райондун жетекчилерине ошол аймактын ийгилиги байланган болгон. Ошондуктан алар билимдүү,  күнү-түнү иштешкен. Эмгектин натыйжасында алардын сый-урматты учурдагы вертикаль бийлигиндеги депутат, министр дегендерден алда канча жогору эле. Башкы нерсе элита, кадр саясаты элге кызмат кылуудан, аймактын проблемаларынын чечилишине байланган эле. Учурда вертикаль бийлиги күч алып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги формалдуулукка айланып, эч кандай өз алдынчалык калган жок. Калк өз проблемасы менен калды. Көйгөй айтып кайрылып, аны чечтире турган тарапкалбады. Жылдан-жылга чечилбеген көйгөйлөр көбөйгөндөн көбөйүп турган чак. Калктын арзыбыган гана бөлүгү шайлаган депутаттардын тобу жеке кызыкчылыгына жетеленип, өкмөттү өздөрүнүн зарылчылыгына жараша улам жаңылап, саясий жемкорлукка батып бүтүштү. Карапайым калкты жана алардын убалын ойлогон чиновник калган жок.


Калктын кыйналып, жакшылык күткөнгө зар болуп, аргасыздан үн катпай олтуруусунун өзүн галдирбай бийлик  – сый  катары  кабыл алгандыгы, накта акмакчылыктын өзү. Болбосо мына, суу башында олтуруп сууга зарбыз!  25 жылдан бери чечилбеген  чек ара маселеси!  Бул таптакыр акылга сыйбаган көрүнүш! Кыргызстан өзүбүз энергетиканын булагы болуп туруп, электр энергиясын коңшулаш Казахстан, Өзбекстандан, Тажикстандан дүйнөлүк баада сатып алып олтурабыз. Анан каяктагы эгемендүүлүк жөнүндө айтасыңар! 


Президенттер  жанындагылардын тилине кирип, жылдан-жылды күтүп олтурбастан, чукул арада накта Конституциялык реформа жасоолору керек эле!  Ага ылайык президент бир эле мезгилде Кыргыз Өкмөтүн өзү жетектеп, өлкөдөгү бардык кичине-чоң иштерге түздөн-түз жооп берүүгө милдетти алса, Кыргызстан бугүнкү абалда болмок эмес. Президенттер шайланганга чейин эле, анан жоопкерчиликтен качып, убакыт  өткөрмөй, жалгандар менен эл алдамай, жыйынтыгында 25 жылда Кыргызстанда эч ким эч нерсеге жооптуу болбогон  жоопкерчиликсиз башкаруу системасын түзүп алдык. 


Анан Жогорку Кеңеш депутаттары партиялардан, бирок талапкерлер округдар боюнча тандалып, округдардан гана шайлануусу кажет! Ошондо гана эл менен бийликтин өз ара жана ыкчам жакындашуусуна өбөлгө түзүлөт. Манилүү чоң-кичине көйгөйлөр жеринде гана жана абдан бат чечилет. Антпесек, дагыле өз ара тирешүүдөн, саясий кырдаалдын улам-улам чыңалуусунан таптакыр арылбайбыз. Демек, өлкөбүз тынчыбайт жана анын айынан өнүкпөйбүз!                                                          

 

 Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес кээ бир атуулдарыбыз айткандай, “Усубалиевдин тушунда 1960-1985-жылдарда Кыргыз мамлекетибиздин жүгүн көтөрчү бир муун кадрлар жок болсо, эми ага кошулуп, 1990-2016-жылдары кулк-мүнөзү, менталитети, деги эле коомго болгон мамилеси, мамлекетти башкарууга болгон көз карашы деформацияланган муун пайда болду. Ушул бүгүн кыргызстандыктарга И.Разаковдун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөзү өтө актулдуу. “Кыргызстандын тез арада оңолушу же улам-улам кризиске батышы, турмуштун оорлошу бийликтин туу чокусунда олтурган адамдардын (200дөн 500дөй элитасына байланыштуу) чолок саясатынан улам”- деген ойлор айтылып келет. Буларды эмне деп атабайлы (мисалы, Кыргызстандын элитасы, акыл-эси жана абийири, биларман оозунда сөзү барлары, кадыр-барктуулар, шылуундары, жеп-жутарлары, ичкич-жегичтери, дөдөйлөрү, галдирбайлары, паракорлору, коррупционерлери, ишкерлери) -бүгүнкү күндө Кыргызстандын саясатын аныктагандар.

 

Башында айтылгандай, менчиктештирүүнүн жапайы жол менен ишке ашырылышы, экономикалык саясаттын баш аламандыгы, бийликтин башынан коррупцияланышы, бир аз гана шылуундардын коомдук менчикти талап-тоноо менен тез арада байып кетишине жол берди. Натыйжада, ”ким ээлесе, ошол башкарат” деген жобо болуп, ал боюнча Кыргызстанда олигархтар,  авторитеттер, шылуундар, галдирбайлар, паракорлор  мамлекети түзүлүп калды. Бардыгынын максаттары бир тарап болуп, оппозициялык көз-караш пикир таасирсиз, бийлик укпаган жасалмага айланды. Оппозициялык ишмердүүлүк  Конституцияда гана жазылып, натыйжада кошоматтан башка саясий методдор иштебей калды.  Буга далил Журналист Бейшенбек Бекешов айтканы: “бирок азыр менин көзүм башка бир ачуу чындыкка жетти. Ал бизге ата эмес экен. Өгөй экен. Мендейлер ага эч убакта өз болбойт экен. Иш билбестик, чарбасыздык, жеп-ичкичтик, ууру-кескилик болуп жатканын кайра-кайра көзүнө басып көрсөтүп берсең да сөзүңдү укпайт, өзүңдү каакы ордуна санабайт экен. Тетирисинче, мен кызматка койгон кишилердин былыгын эмне чукуйсуң деп сага каршы чара колдонот экен. Анын өз туугандары, өз кишилери бар экен. Өз кишилеринин кылмышы көрүнүп калса да айлап-жылдап кызматынан түшүрбөй, ошол жерди акыр аягына чейин курутуп жеп бүткүчө кармайт экен. Өз кишилери абактагы ашынган кылмышкерди атайын уюштуруп түрмөдөн качырып, бүтүндөй бир мамлекетти, бир кара башыл элди мазак кылса да жазага тартылбайт экен. Өз эместерди телефон менен же аракканада олтуруп сүйлөшкөнү үчүн да камап жатса, өз кишилери мамлекеттик коопсуздуктун башында олтуруп шымы шыпырылып калса да көрмөксөнгө салат экен. Акча жасоонун камын жегенди билген, бирок ар бир сөзү ааламга дайын болуп абийири кетип жатканын билбеген коопсуздук кызматын каржылоодон өткөн шылдың, мазак барбы биз үчүн!? Мындай башкаруунун диагнозун кыргыз “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деп жер заманда эле коюп койгон. Буга эч нерсе кошумчалап мүмкүн эмес. Ыйман жок болсо иштин бүткөнү. Эки шайтан башкаруучудан кийин “Кудай деген эл башы келди”- деп төбөбүз көккө жетип сүйүндүк эле. Ыйман эл көзүнө окуп койгон намазда эмес экенине дагы бир ирет көз жетип, өгөй аталуу, болгондо да ыймансыз өгөй аталуу шордуу элдин эмики тагдыры кандай болот деп, ичимен кан өтүп турат”.


Элде айтылгандай, “Кээ бирөлөөр  өзүн табыш үчүн саясатка чыгышса, айрымдар өзүн жоготуш үчүн чыгышат” болуп, элитамын дегендер элге кызмат кылуу, мамлекет башкаруу эмне экенинен кабар жок, шылуундук, жеп-жутарларык, ичкич-жегичтик, дөдөйлүк, галдирбайларык, паракорлорукка адаштырышып мамлекетте элита чыгаруунун ашмалтайын чыгарышты”

 

(Уландысы бар)

 

Кудайберди Абди уулу

Булак: “Майдан.kg”.

Тема: