Акыркы убакытта бардык министрлик жана агенттиктерде ар кандай текшерүүлөр жүрүп жатат. “Деги эле текшерүүнүн максаты эмнеде?” деген суроолор жаралбай койбойт. Балким, мамлекеттик мекемедеги паракор жана өзүнүн капчыгын ойлогон башчылардан арылуу болсо, экинчиден ошол иликтөө иштерин өткөзүү шылтоосу менен өзүнүн кызматкерлерин кызматка коюуну элестетет. Жакынкы арада эле көз карандысыз эксперттер жана эл өкүлдөрүнүн курамындагы комиссия мамлекеттик курулуш жана аймактык өнүгүү агенттигинин жана Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын ишмердигине баа берүү максатында иликтөө иштерин баштады. Бул комиссиянын курамындагы адамдарга ким эксперт деген макамды бергени дагы түшүнүксүз. Текшерүү кимдер тарабынан өтүп жатканы тууралуу жалпы журтка так жана далил маалымат берилген эмес. Учурдан пайдаланып,  көз карандысыз эксперттердин буга чейинки ишин талдоону жана тактап көрсөтүүнү туура деп билдик.
 
Комиссиядагы көз карандысыз эксперттер:  У.Д. Бекишев, Б.Т.Тукаев, Гавриленко, С.А. Султанов,  Т. Мырзакулов.
 
Эми алардын ишмердүүлүгүнө токтоло кетсек, У. Д Бекишевдин  ысымы жалпы журтка таандык болбосо дагы, архитектура тармагындагыларга аттын кашкасындай белгилүү. Маселен, Бекишев мырза 2006- жылдан бери КР курулуш жана архитектура агенттигинде статс-катчы кызматын ээлеп келген. Жупуну сөз менен атаганда биринчи орун басар. Үстүбүздөгү жылдын март айында аркалаган кызматынан бошогон. Эң кызыгы, ушунча убакыт статс-катчы кызматын аркалап, «балык» болуп келген Бекишев качан гана жумушунан айрылган соң гана акыйкаттыкты,чындыкты көтөрөйүн деп чечкенби? Же бул убакытка чейинки чиновниктерде «мода» болуп калган жолго түшкөнбү айтор, түшүнүксүз. Убагында агенттиктин ишинин баарын колдоп келген Бекишев мырза эми кылган ишин кантип баалоого болот? Анысы аз келгенсип, эми кайра өз орду көз алдынан учуп, өзүнө-өзү көрсөтмө жазып алып, экс-коллегаларынын колун топтоо менен убара.
 
Эксперттердин дагы бир мүчөсү Тукаев Б.Т. Кезегинде Ысык-Көл облусунун курулуш жана архитектураны көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Азыркы убакта жумушсуз. Көлдө жүргүзүп келген ишмердүүлүгүндөгү шалаакылыгынын айынан азыркы убакытка чейин кылмыш иштери «салаңдап» келатканы-келаткан. 7-апрелдеги революциядан соң, Тукаев мырза архитекторлор союзунун жыйынында өзүн-өзү Бишкекбашархитектура башкармалыгынын башчылыгына көрсөткөн. Тилекке каршы, колдоого ээ болгон эмес. Бир убакта бир тууган карындашы Бишкекбашархитектура башкармалыгында  иштеген жана белгилүү болгондой пара алып жаткан жеринен ички иштер кызматкерлеринин кылтагына илинген. Карындашын тарбиялап, паракорчулукка каршы жакшы «опыт» алганбы айтор, байкебиз дагы «вообще» көз карандысыз эксперт.
 
Рейтингибиздин 3-орунунда Гавриленко айым менен С.А. Султанов мырза турат. Баарыбыз билгендей, бир убакта иш алып барышкан Султанов мырза Бишкекбашархитектура башкармалыгынын башчысы болсо, Гавриленко айым бир бөлүмүн жетектеген. Дал ушул  «дуэттин» убагында шаарыбызда башаламан жолдор менен жер басып алуулар жана мыйзамсыз жер сатуулар гүлдөгөн. Султанов мырза мэриянын коллегалык чечимине ылайык жумуштан бошотулган.
 
Ал эми Гавриленко айым шефи кеткен соң артынан ээрчип, Султановдун жеке долбоорлук компаниясына жумушка кирген. Кээ бир маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз массалык жер бөлүп берүүлөр жана сатууларга шектүүлөрдүн бири деген кеп тараган.
 
Ал эми биздин 5-көз карандысыз эксперт «Колизей» ЖЧКнын директору Таалай Мурзакулов. Таалай мырза да жогорудагылардан кем калбай 7-апрелден кийин КР архитектура жана курулуш агенттигинин директорлугуна аябай аракет кылган. «Жыгылсаң төөдөн жыгыл» дегенби, айтор,  байкебиздин чоң кызматка болгон аракети оңунан чыкпай отуруп калган.
 
Демек, биз берген маалыматка ылайык, жогорудагы айтылган текшерүүчүлөрдү көз карандысыз эксперт деп атоого мүмкүнбү деген суроо туулат. Бул эксперттер эгер, көзүн жумса «кресло» көрүнсө кандай чечим чыгарса болоорун өзүңүз чечиңиз, урматтуу окурман.
 
Бердибек Суранчиев,
"Жаңы Ордо"