Биринчи май райондук сотунун көчмө соту УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам кеткенин айткан.

“Кырк чоро” биримдигинин чоң чоросу Замирбек Көчөрбаев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова памир кыргыздарынын өкүлдөрү Молдо Абдул Хак жана Памир Абдул Вахид менен жолугушту.

Ошто белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургун Улан Райымбековго кол салышты. Айрым маалыматтарга ылайык, ал түштүк борбордун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси экен.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди.

13-январда Жогорку Кеңештин алдында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кармалган кыргызстандык төрт адамды чыгарууну талап кылган нааразылык акциясы өттү. 

Биздин мекендешибиз Москвада акчасыз, ара төрөлгөн эки ымыркайы менен жалгыз калган

 

Былтыр бишкектиктер мэриянын акы алган автоунаа токтотуучу жайлар туурасында сунушун бир топ талкуулаган.

Парламент мүчөсү кыргызстандыктарды келерки шайлоодо өз добуштарын сатпоого чакырды

Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында 14-январда жолдогу бомбанын жарылуусунан 10 жана 14 жаштагы эки бала курман болуп, дагы сегиз киши жараат алды.

9-10-январь күндөрү Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Ирандын ачык чемпионатында кыргызстандык спортчулар төрт медаль алышты.

Эл өкүлдөрү үч айдын ичинде бардык коррупциялык схемаларды таап чыгууга ниеттенишүүдө

Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автожолунун 55-чакырымында «Камаз» жана «Мерседес-Ман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелер кагышкан.

Улуу жана кичүү Памирде жашаган кыргыздардан дагы 30 түтүн кишини көчүрүп келүүнү өтүнүп, алардын өкүлдөрү Мула Абдул Хак жана Абдул Вахид Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты.

Адис жашылча-жемишти тоңдуруш үчүн витаминдери же антиоксиданттары курамында абдан көп болуп турган учур тандалаарын айтты.

Эмгек министрлигинин сайты өткөн жылы түзүлгөн. Анын жардамы менен кыргызстандыктар өзүнө иш издей алышат.

Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүүгө арналган жыйында билдирди.