Жакында эле Жогорку Кеңештен мандат алган Нурбек Сыдыгалиев ант берди.
Ал "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.
Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам партиядан кеткенин айтып, мандатын тапшырган. Андан соң фракция лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланган.
sputnik.kg