Ошто белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургун Улан Райымбековго кол салышты. Айрым маалыматтарга ылайык, ал түштүк борбордун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси экен.

Ош ШИИБнен окуянын чоо-жайын айтып беришти. Милициянын маалыматына караганда, жабырлануучу облустук клиникалык ооруканасында оор абалда жатат.

Жабырлануучу ар кандай жаракаттарды алган. Ал милицияга арыз жазуудан баш тартты, бирок факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Окуя 11-январда түн ичинде болгон. Улан Райымбековго “Народный” дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайдан кол салышкан. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучуну жерге жаткырып алышып, ур-тепкиге алышкан.

“Кол салгандардын саны көп. Күбөлөр 20 чакты киши болгонун айтышууда. Милиция алардын өздүгүн тактап жатат. Алты киши кармалды. Алдын ала маалыматка таянсак, кол салууну уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аты менен таанылган бир мүчөсү уюштурган”,- деп айтылат маалыматта.

“Казак” буга чейин бир канча ирет “Уурулук” жана “Каракчылык” беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жибергени үчүн кармалган. Бирок милиция кармаган менен сот аны ушул оор кылмыштарына карабай, эч кандай чара көрбөстөн эркиндикке чыгарып жиберген. Бул окуя Ош шаары криминалдардын уюгуна айланып, кылмыштуу топтун мүчөлөрү ээн талаанын бөрүсүндөй кутуруп кетишкендигин, милицияны каакым ордуна да көрбөй, сотту сатып же коркутуп алгандыгын  далилдеп турган жокпу?

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.