“Чек ара” коомдук бирикмеси уюштурган пикетте милиция тарабынан кармалган төрт киши “тажик жарандары уюштурган чагымга каршы турушканы үчүн кармалганы” айтылды. Аталган коомдук бирикменин мүчөсү Бекназар Айталиев эл менен жолугушуу үчүн чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевге кайрылды.

- Негизги талабыбыз - төрт баланы бошотуп бергиле. Аларды камап, кысымга алуу менен Баткенде жашаган элге моралдык басым кылып жатышат,- деди Айталиев.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Расмий маалымат боюнча, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын төрт жараны кармалган.

Чек арадагы чатактан улам 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 254 тургуну Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылып, абал турукташкандан кийин үйлөрүнө кетишти. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.

Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке кагууда.

Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон менен сүйлөшкөн. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, маселени талкуулашууда.

А эртең, чек ара боюнча митинг болору соцтармактарда кызуу таркатылууда.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №02 (437), 15.01.2020-ж.