Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененки убакка белгиленген сот отуруму болгон жок.

Бүгүн, 26-февралда «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында «Манастын доору жана «Манас» жөнүндө мыйзамдын аткарылышы» деген темада талкуу өтүп жатат.

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар жок.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди.

АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жагдайга байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайра бир жылга узартты.

Кыргызстанда сотторго болгон ишеним төмөндөп кетти. Бул тууралуу пикирин депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында айтты.

Тышкы иштер министрлиги коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарына Кытай, Япония, Корея жана Италияга барбай турууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында өтөт.

Элет көйгөйү» коомдук бирикмеси Сирияга адашып кеткен жарандарды, аялдарды, жаш балдарды кайтарып келүүнү сунуштайт.

Учурда Италияда жашап жаткан кыргызстандык Болот Абдыкадыров коронавируска байланыштуу жергиликтүү элдин аларга карата жасаган мамилесин видео аркылуу көрсөттү.

 

Видеотасма

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаңы COVID-19 коронавирусу менен ооругандардын саны 80 миң адамга жетти.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Латип Жумабаев ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калды.

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып, депутаттар добуш берүү менен үчөөнү тең шайлашты.

Түштүк Кореяда коронавирус жуктурган Моңголиянын жараны каза болду. Ал кечээ, 25-февралда саат 17:50дө ооруканада көз жумганын дарыгерлер билдирди.

25-февралда Ереванда Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын соту башталды

Кытайдан тышкары 30дан ашуун өлкөдө өпкөнү сезгенткен оору катталды.

Оорудан 29 700 киши айыкканы кабарланууда. 78 миң адам вирусту жугузуп алган. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы жаңы катталган учурлар азая баштаганын маалымдады.

Футбол ассоциацияларынын европалык союзунун вице-президенти Мишель Ува коронавируска байланыштуу Евро-2020 (Футбол боюнча Европа чемпиондугу) чемпионатын токтотуу же жылдыруу боюнча маалымат берди.

26-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын үч судьясын шайлайт.

Муфтияттын маалыматына караганда 2020-жылдагы ажылык сапар акысы 3350 долларды түздү.

Подкатегории