Ажылык сапарга катталып, алдын ала 500 доллар төлөгөн жарандар калган 2850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейинки аралыкта төлөөсү шарт. Төлөм РКС банк аркылуу жүргүзүлөт.
Өткөн жылы зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болгон эле. Муфтият быйылкы баанын көтөрүлүшүн Сауд Арабиясы виза, медициналык камсызданырууга акча алына турган кылганы менен байланыштырууда. Мындан тышкары, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кымбаттаган.
Муфтият эскерткендей, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан ажылыкка катталган талапкерлер акча төлөөдөн мурун, квотага илингенин аныктап алуулары керек. Аталган аймактарда ажылыкка барууну каалоочулардын саны Сауд Арабиясы берген квотадан ашып кеткен.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык орунга 6110 квота бөлгөн.
Кыргызстандыктарды быйыл ажылык сапарга «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт.
Булак: Азаттык