Бул тууралуу 26-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда Кытайда Кыргызстандын 271 жараны бар, алардын 77си кайтып келүү ниетин билдирген.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечкени буга чейин маалымдалган. Эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт.

«26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. 158 адам стационардык негизде, дагы 408 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат», деп билдирди министрлик.

Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты. 

Булак: Азаттык