Учурда Италияда жашап жаткан кыргызстандык Болот Абдыкадыров коронавируска байланыштуу жергиликтүү элдин аларга карата жасаган мамилесин видео аркылуу көрсөттү.

Учурда Италияда жашап жаткан кыргызстандык Болот Абдыкадыров коронавируска байланыштуу жергиликтүү элдин аларга карата жасаган мамилесин видео аркылуу көрсөттү. Б.Абдыкадыров үй-бүлөсү менен бирге Италияда 15 жылдан бери жашайт. Бул аралыкта азия түспөлүндө болгону үчүн эч кандай маселе жаралган эмес. «Жакында эле үй-бүлөбүз менен зоологиялык дүкөнгө кирдик. Ал чоң болгондуктан балдарга да кызыктуу. Бирок көпчүлүк коронавируска байланыштуу бизден качып жатканын көрүү жагымсыз болду», - деди ал.

Болот Абдыкадыров ушундай учурларды видеого түшүрүп, жакындары, тааныштары топтолгон тайпаларда көрсөтүп турган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда коронавирус 323 адамга жугуп, 11 адам каза болду. Бул өлкөдөгү 11 шаар карантинге жабылып, көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды.

Булак: Баракелде