Бул багыттагы иш-чаралар буга чейин да жүргүзүлүп, тегерек стол, маалымат жыйындар уюштурулуп келгенин бүгүн, 26-февралда АКИпресс агенттигиндеги маалымат жыйында коомдук бирикменин өкүлдөрү жана Сирияга адашып кеткен жарандардын жакындары билдиришти.
«Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы Марийпа Алыкулова Сириядагы кыргызстандык аялдарды, жаш балдарды кайтарып келүү өтүнүчү февраль айынын аягында өлкө башчынын атына, Жогорку Кеңешке жолдонгон. Анын айтымында, Сириядагы лагерлерде да абал оор, шарттар жок экенин билишкен.
Коомдук бирикменин мүчөсү Салтанат Урулдаева учурда Сирияда Кыргызстандан барган аялдар менен жаш балдардын саны такталганын айтты.
«Учурда Сирияда Кыргызстандын жараны болгон 137 аял киши, 400дөн ашык 1 жаштан 8 жашка чейинки балдар бар экени аныкталды. Коңшу мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын Сириядан алып келип, жакшы шартта карап жатышат. Алар өлкөсүнүн жардамы менен кадимки жашоо кечирип жатышат.
Азыр 1-8 жаштагы балдардан өлкөгө эч кандай коркунуч жок. Алар качандыр бир кезде келиши мүмкүн, ошол учурда коркунуч тууралуу айтсак болот», - деген Салтанат Урулдаева Сириядан кыргызстандык аялдарды, балдарын алып келип, психологиялык, моралдык жардам берүүгө чакырды.
Учурда Сирияда жүргөн кыргызстандык аялдар менен балдардын саны боюнча маалымат 1 жылдан ашык убакыттан бери алардын туугандары менен кызматташуунун жүрүшүндө «Элет көйгөйү» коомдук бирикмеси тарабынан такталган.
Маалымат жыйынга катышкандар негизинен кыз-келиндерди жана жаш балдарды алып келүүнү суранып жатышат.
Булак: Баракелде