Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Латип Жумабаев ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калды.

Ант берүү аземи бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште өттү. Жыйында Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаев шайланды.

Депутаттар Жумабаевге эскертүү бергенден кийин ал кечирим сурап, колун Конституцияга коюп, кайрадан ант берди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы:

- Мээргүл Бобукеева — 109 макул, 3 каршы;

- Латип Жумабаев 113 макул, каршы жок;

- Мукамбет Касымалиев 112 макул, каршы жок.

Булак: Баракелде