Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путин катышат.
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.
Ал эми ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерт өтүшү күтүлүүдө.
Данияр Сыдыков эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашуу 2019-жылы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө болгонун эске салды. Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд доллардан ашык суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.
Ал президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган.
Булак: Баракелде