Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып, депутаттар добуш берүү менен үчөөнү тең шайлашты. Талапкерлер суроого жооп берип жатканда депутат Өмүрбек Бакиров (КСДП) учурда Кыргызстандын экс-президенти деген макамга канча адам ээ экенин сурады. Талапкерлердин баары бир гана адам — Роза Отунбаева деп жооп беришти.

Ал эми экс-президенттердин конституциялык укугу тууралуу суроого Латип Жумабаев «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин макамынын кепилдиктери жөнүндө» мыйзам бар экенин айтты.

«Бул мыйзамдын негизинде экс-президенттин кол тийбестиги бар. Ал өзгөчө процедура менен каралат, социалдык, материалдык тараптары бар. Ошондой эле күзөтчүлөрү болот», - деди Л.Жумабаев.

Ал эми Мукамбет Касымалиев экс-президент менен президенттин укуктарында айырма жок экенин кошумчалады.

Булак: Баракелде