- Учурда демилгеленип жаткан конституциялык реформа тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Кээ бир адамдар реформа шылтоосу менен премьер-министрдин укуктарын чексиз кеңейтип, келечекте президенттиктен кете турган инсанга орун даярдап атканын айтышса, “экономикалык өнүгүү чындап токтоп калды, буга чалажан башмыйзам күнөөлүү, аны токтоосуз ондоо кажет”,- дегендер да жок эмес. 

 

Сиздин пикириңизде - конституциялык реформа ушу тапта өтө зарыл нерсеби? Же азыркы бийлик да Акаевдин тажрыйбасына түшүп, өзүнө керектүү нерсени кийиргенге аракет жасоодобу?

 

Мурат Жетимишбаев, коомдук серепчи:

 

"Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба"

 

- Кыргыздын жакшы макалы бар, “кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?”- деген. Кыргызстанда бийлик башына келгендердин баарына эле биздин Башмыйзамдарыбыз толугу менен “майдай” эле жагып, “мен ушул Конститутциянын негизинде эч кыйшаюусуз иш алып барам”,- деп кан какшашып, жанын жешет, жаамы журттун алдында АНТ беришет. Азыркы Атамбаевиңер деле ошентип эл алдында жанталашып, АНТЫН берген. Бирок, эми карагыла, ошол эле Атамбаев бийлигинен мөөнөтү аз кала баштаганда, “жыландын башын кылтыйтып”, кайрадан, кыргыздын чо-оң “казанчысы” болуп чыга келди. “Ажобуз” өз антын унутуп, ажо болбой эле “казанчыга айлана калып”,  “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”,- болуп отурат. Айтайын дегеним, ажо өзү берген антын, шертин бузуп, баш мыйзамыбыздын мурунку “кулактары” жакпай калып, жаңы “кулактарды” чыгарганга белсенип киришип жаткан кези. Кайран Президенттик АНТ, кайран жалпы, Кыргыз Элибиз референдумда кабыл алган Конститутциясы эми “эсил кайран” болуп тамтыракайы чыкканы турганы өккүнүчтүү. Жакшылап ойлонуп көрсөк, Конституцияны өзгөртүү - бийликти  колдон чыгарбоонун амалы. Айтайын дегеним, ушул Баш мыйзамды өзгөрткөндөн эле оңолуп кетсек, Кыргызстан эчак эле өнүгүп, жыргап, куунап жашап калмак. Кыскасы, бул нерсенини баары “төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба”- деген макалды эске салып жатат.

 

Кубатбек Кожоналиев, Юстициянын генералы:

 

Конституцияны жазгандар учурунда эмнени ойлонушту эле?

 

- Мамлекет, эл кызыкчылыгы үчүн иштейм деген адамга укуктук негиз жетиштүү эле. Эмне, энергетика маселелерин чечүү, сууну сарамжалдуу пайдалануу, “Кумтөрдү” коррупциялык схемалардан арылтуу, баалар менен тарифтерди ооздуктоо, коррупцияны түп-тамырынан кыркуу үчүн жана эң негизгиси адилет башкарууну орнотуш үчүн жыл сайын Конституцияны өзгөртүш керек бекен? Кыргызда  “Жаманды Кудай не албайт, жаткан төөгө мине албайт” - деп айтылат. Булар дал ошондой болуп, Конституцияны жазган жазмакерлер эми теледен элдин башын оорутуп, “аны оңдойбуз, муну минтебиз”- деп жатышат. “Буга чейин, жазып жатканда нени ойлодуң эле?”, “Колунан келбеген нерсеге кийлигишпей эле койбойт белең”,- деп сураган киши жок. Болору болуп, боёсу кангандан кийин  өзгөртөбүз дебей эле коюшса болмок. Бул бир жагы. Экинчи жагы  Конституциялык палатанын ордуна бир кеңешме функциясына ээ маморган түзүп, өзгөртүү киргизели дегенин кантип түшүнсө болот? Калк өз укугун кантип коргойт? Ал органдын чечими кеңешме функциясына эле ээ боло турган болсо, анын бизге кереги эмне? Айтайын дегеним, ар бир өзгөртүүнүн максаты болот. Ошол максаттары элдин көйгөйүн чечүүгө эмес, бийликтин кызыкчылыгын коргоого  багытталган болсо, анын бизге не кереги бар?

 

Канышай Мамыркулова, “Алиби” гезитинин башкы редактору:

 

“Конституциялык реформа - бир ууч бийликти каалагандай калчоонун гана куралы”

 

- Эч ким бул маселеде элин ойлогон жери деле жок. Качан ошондой болчу эле? Конституциялык реформа бул бир ууч бийликти каалагандай калчоонун гана куралы. Муну бул демилгени көтөрүп чыккандар дагы, каршы тарап дагы эң жакшы билишет. Экономика сазга тыгылып калганда элди алдоонун эң оңой жолу Конституцияны алмаштыруу. Барып- келип эле баш мыйзамга жармашып калгандан мурун, башты иштетип, жоопкерчиликти моюнга алуу керек. Жамала берип, жадаган Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүү президенттиктен кете турган жана анын ордуна келе турган адамдардын эртеңкисине гана кам көрүү... Мындан элге пайда деле жок. Анткени, мындай фокустардын буга чейин далайы өткөн.

 

Өмүрбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

“Референдумду парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүү - кылмышка тете”

 

- Азыркы Конституцияны Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү даярдап, бүткүл элдик референдумда кабыл алынган. Ал референдумдун чечиминде “Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн”,- деп жазылып турат. Азыр деле ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликте отурушат. Башка адамдар бийликке келип, “Убактылуу өкмөттүн Конституциясын өзгөртөбүз”- десе бир жөн эле. Демек, ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаев, Текебаев, азыркы СДПК фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков жана парламенттеги башкаруучу коалициянын башчысы Кулов референдумда добуш берген кыргыз элинин чечимин сыйлабай жатат. Булар бийликте отурган 5 жыл ичинде бир да реформа болгон жок, экономика да алга жылбады. “Коррупцияга каршы күрөшөбүз”,- дегени менен, анын тамыры кыркылбады. Өздөрүнүн жөндөмсүздүгүн Конституцияга шылтагысы келип жатышат. Алар сунуштаган өзгөртүүлөрдө эч кандай концептуалдуу нерсе жок. Президенттин жана партия лидерлеринин укуктарын көбөйтүү гана каралган. Анын үстүнө референдумду парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүү - кылмышка тете болуп эсептелет. Анткени, шайлоодо эл партиялар жана саясатчылар менен алек болуп Конституциянын өзгөрүүсүнө маани бералбай калат. Булар ушуга ишенип өздөрүнө гана керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип алгысы келип жатат. Биз буга жол бербешибиз керек.

 

Касымбек Райымкул уулу, коомдук парламенттин төрагасы:

 

"Парламент тараарында акылга сыйбаган жорукту жасап жатышат"

 

- Жогорку Кеңеш эмне себептен быйыл же азыр мөөнөтү аяктаарда Конституциялык реформа жургүзөбүз деп чамынып жатат? Конституцияга өзгөртүү демилгеси элдин өтүнүчүбү деген суроолорго жакшылап жооп издеген адам Жогорку Кеңештин арам оюн дароо түшүнөт. 2010-жылдан бери эл Люстрация мыйзамын кабыл алдыралбай койду. 2012-жылы элге билдирбестен, “Кен казынасы” мыйзамына өзгөртүү киргизип, кен байлыктарды сатууга, күрөөгө коюга уруксат берип коюшту. Суу кодексине өзгөртүү киргизип Давыдов мөңгүсүн оордунан жылдырууга уруксат берип жатат. Тараардын алдында Конституцияга толуктоо, өзгөртүү киргизебиз деп  акылга сыйбаган жорукту жасап жатышат.  Бул өзгөрүүлөр элдин кызыкчылыгын көздөбөйт. Тескерисинче, бийлик өзүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүп алалы деген аракети.

 

 

Шаирбек Маматокторов, медиа-эксперт:

 

“Өздөрү иштей албай, аны мыйзамага шылтагандык – арамзачылык”

 

- Башмыйзамды чалажан кылган дал ошол демилгечилер Текебаев, Кулов жана Турсунбековдор болуп жатканын белгилеп кетели. Себеби, парламенттик мамлекеттеги башкаруучу коалицияны өздөрү жетектешет. Өкмөттү, анын курамын, программасын өздөрү бекитишкен. Өкмөт башчыда да, коалицияда да эбегейсиз укуктар бар. Анан кантип эле Башмыйзам күнөөлүү болуп калат? Өздөрү иштей албагандыгын мыйзамага шылтагандык - бул арамзачылык деп эсептейм. Анын үстүнө, сунушталган өзгөртүүлөр калктын калың катмарынын кызыкчылыгына эмес, так ошол демилгечилердин жеке кызыкчылыгын көздөгөндүгү ачык эле көрүнүп турат. Бийликти узурпациялоо аракетинин бардык симптомдору анык. Албетте, идеалдуу мыйзам болбойт. Мыйзамдар дайыма жакшыртылып турушу керек. Бирок, Конституциянын 8-редакциясы парламенттик башкарууга өткөндөн бери 5 эле жыл иштеди. Ошондо да, ушул саясатчылардын интригаларынан айынан көп жерлери толук иштей албады. Өкмөт башчысына мындан да ашыкча укуктарды ыйгарып, келечек премьерди күчтөндүрүүгө жасалган аракет бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузат. Булар сунуштап жаткандай өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби чындап эле 114-беренеде камтылган. Бирок, Конституцияны ишке киргизүү мыйзамынын 4 - беренесинде так жазылып турат – “өзгөртүүлөрдү киргизүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябры”- деп. Демек, демилге мыйзамсыз жана Башмыйзмады бузуу болуп эсептелет. Башмыйзамдын күчү - анын туруктуулугунда! 200 жылдан бери өзгөртүлбөгөн башмыйзамдар менен жашаган мамлекеттер бар. Мыйзамды эмес, мыйзамга жасалган мамилени өзгөртүп, саясый маданиятты жогорулатуу керек. Демилгечилер Кулов, Текебаев жана Турсунбековдор болсо фракция жетекчилеринин диктатурасын орноткусу келип жатат. Өздөрүнүн мурдагыдай аброю жок экенин далилдеп, табигый эмес, жасалма жол менен партиясын же фракциясын башкаргысы келип жатат. Партиялардагы, фракциялардагы башаламандык, тартипсиздиктер - мунун баары ошол партиялардын жана фракциялардын көйгөйү болуш керек. Өздүрүнүн көйгөйүн Башмыйзамга таңуулашпасын. Бул адамдар кыргыз саясатынын пенсионерлери болуп калышты. Мындан аркы мамлекеттин тагдырын жаңыча ой жүгүрткөн, билимдүү, реформатор жаштарга өткөрүп берип, өздөрү эс алууга кетип, небере-чөбөрөлөрүн багышсын дегим келет.

 

Нурлан Мотуев, Элдик-патриоттук кыймылдын лидери:

 

“Конституцияны колодогондор - адашкандар, партия түзүп алгандар – каапырлар”

 

- Эл, анын ичинде жаштар да сыйкырланган Мухаммад Пайгамбардын хадиси бар: “Воистину - красноречие это колдовство”,- деген (имам Бухариден бизге келип жеткен). Андыктан, кызыл тилдүү сөзгө чечен, бирок ачуу чындыкты эч качан айтпаган муфтияттагы аалым сөрөйлөр жана бал тилдүү саясатчылар кооз сүйлөп атып, элдин башын айлантып, сыйкырлап алышкан. А Кыргызстанда чындыкты, чыныгы Исламды мен гана айтаарымды тиги Сирия менен Иракта жүргөн кыргыз мужахиддери моюндарына алышты. Атүгүл, орус тилдүү чечен, дагестан мужахиддери мага таң калышып, суктанышаарын Интернеттен мага айтышты. Алар “Ютубдагы” менин давааттарымды жана бийликке айткан акаараттарымды үзбөй көрүп турушат экен. Мага “шейх” деп, урмат менен кайрылышууда. Мен биздеги каафир Конституцияны колодогондорду адашкандар, партия түзүп алгандарын каапырлар деп эсептейм.

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg”, № 24 (201), 24.06.2015-ж.