"Кумтөр" маселеси боюнча жумшак рейтинг аркылуу программаны тандоо сунушу - бул жөн гана театрлаштырылган оюн",- дейт Бабанов.
 
"Кумтөрдү" улутташтыруудан коркпош керек - бул мыйзамдуу жол". Мындай пикирин кечээ, 9-апрелде журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда "Республика-Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди.
 
Анын айтымында, "Кумтөр" экономикалык маселеден саясий маселеге айланып кеткен.
 
"Тилекке каршы, учурда мамлекетте көп нерсе саясатташтырылып жатат. Ал эми "Кумтөр" боюнча арабабыз кайсыл жерге токтосо, ошол жерден жылган жок. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылыштагы депутаттарынын келгенине 5 жыл болду. Бул убакыт аралыгында "Кумтөр" боюнча эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Өкмөт менен эле парламенттин ортосунда талаш-тартыш болуп келе жатат. Жогорку Кеңеш өкмөттүн алдына конкреттүү түрдө 50-50 пайыздык үлүш менен Кыргызстандын талаптары эске алынып, биргелешкен ишкана түзүлсүн же болбосо улутташтырылсын,- деген талапты койдубу, демек өкмөт убакытты созбой аткарышы керек",- деди ал.
 
Мамлекет "Кумтөрдү" улутташтыруудан коркпошу керек экендигин айткан саясатчы, бир топ премьердин башын жуткан "Кумтөр", азыркы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин дагы башын жутканы турат,- деген пикирин билдирди.
 
"Тилекке каршы, убагында бул маселени чечүүгө менин убактым жеткен жок. Бир жыл убакыт бергенде мен маселени чечмекмин, ары же бери болмокпуз. "Кумтөр" - бул абдан чоң маселе. Бирок биз системалуу өзгөрүүлөрдү сунуштап жатабыз. Биринчиден, ортомчу компанияны түзүшүбүз керек. Болбойбу, улутташтырууга барышыбыз керек",- деди Бабанов.
 
50-50 пайыздык үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү позициясын президент Алмазбек Атамбаев дагы колдоп жаткандыгын айткан саясатчы, маселени чечүүдө өкмөт бардык саясий күчтөр менен чогу иш алып баруу зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, мындай чоң ишкананы улутташтыруу буга чейин Кыргызстандын тарыхта болгон эмес.
 
Ошондой эле ал, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин "Кумтөр" маселеси боюнча жумшак рейтинг аркылуу программаны тандоо сунушун сынга алды. "Бул жөн гана театрлаштырылган оюн".- деген пикирин айткан Бабанов, эч кандай программа сунуштабай тургандыгын билдирди.
 
Эскерте кетсек, премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" маселеси боюнча жумшак рейтинг аркылуу программаны тандоо жолун парламентке сунуштагын. Өкмөт башчы бул маселе боюнча анын программасы өтпөй кала турган болсо ээлеген кызматын программасы жактырылган адамга өткөрүп берүүнү убада кылган.
 
Кечээ, 9-апрелде маселе парламентин жалпы жыйынында талкууланып, анда өкмөт башчы Канаданын Centerra Gold компаниясы менен "Кумтөр" биргелешкен ишканасын түзүүдөн баш тартууну сунуштаган. Ал долбоордун азыркы келишимин калтыруу менен компаниянын менеджментин өзгөртүү зарылдыгын айткан.
 
Бирок депутаттар Centerra Gold компаниясы менен "Кумтөр" биргелешкен ишканасын түзүү боюнча өкмөттүн сүйлөшүүсүн канааттандырарлык эмес деп табышып, чечимге ылайык, өкмөткө кийинки аптада "Кумтөр" боюнча маселени чечүү жолдору боюнча сунушун алып келүү тапшырмасы беришкен.
 
Ал эми "Кумтөр" маселеси буга чейин парламенттин жалпы жыйынында бир нече жолу каралган. Алгач, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн башында турганда "Кумтөр" маселеси боюнча Сenterra Gold Inc. менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында "Кумтөр" боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму иштелип чыгып, анда 50-50 пайыз үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү демилгеленген жана өздөрүнүн сунуш-пикирлеринин негизинде аны парламент колдоп берген.
 
Акыркы жолу маселе 2015-жылдын 26-февралда талкууланып, анда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин аягына чыгаруу үчүн өкмөткө 1 ай мөөнөт берген.
 
URL: http://www.kabarordo.kg/258893