Кечээ президент А.Атамбаевдин Санкт-Петербургга баратып, жеке компаниянын учагы менен жашыруун түрдө Молдовага конуп, бул өлкөдөгү таасирлүү адамдардын бири – Влад Плахотнюк менен жолукканы ачыкка чыгып, чоң чырга айланды.

 

Интернет-булактарынан алынган маалыматтарга караганда, Молдовада Атамбаев 4 саат болгон. Кыргыз президенти молдовалык ишкер Илан Шордун чакыруусу менен барганы айтылууда. Бул ишкердин “Дьюти-Фри” дүкөндөрү “Манас” аба майданында 2000 кв. метрди ээлери айтылууда. Шор андан тышкары “Banca Socială” банкынын ээси. Жакында эле бул банк аркылуу оффшордук аймакка ири көлөмдөгү акча которулуп “жуулганы” ачыкка чыгып, Молдовада чыр болууда. Айрым молдовалык булактар кабарлап аткандай, Шордун кыргыз президентинин үй-бүлөсүнө жакын адамдар менен биргелешкен бизнеси бар имиш.

 

Шордун Влад Плахотнюкка иши түшүп турган кез. Себеби, өйдөдө айтылгандай, анын банкынан ири сумманы кимдер чыгарып кетип, аны ит кылганын ушу Влад гана ачыкка чыгара алат экен. Ошондуктан да, кайсы бир иш боюнча Владка Атамбаевди тааныштыруу үчүн чакырганы сөз болууда.

 

Влади́мир Гео́ргиевич Плахотню́к – таанымал саясатчы, Молдова парламентинин вице-спикери. Молдова олигархы Владимир Плахотнюк тууралуу молдовалык эксперт Игорь Боцан “Азаттыкка” буларды айткан: “Анын эмне менен алектенгенин айтуу кыйын. Бирок ал Молдова республикасында өтө таасирлүү адамдардын бири. Ал эмне жасабасын көшөгө артынан жасайт. Анткени ал жөнөкөй депутат. Ага жарандардын 90%ы ишенбейт. Ал Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары. Ал бул партияны каржылай баштагандан кийин партия 15% добуш алды. Молдованын маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча Плахотнюк коррупциялык рычагдар аркылуу Молдовада баарын көзөмөлдөп турат. Көшөгө артынан сот системасын да, банк системасын да, бийликтеги адамдарды да көзөмөлдөп турат деген имиштер Молдованы каптап жүрөт”.

 

Жашыруун жолугушуунун чыныгы чоо-жайы азырынча белгисиз. Убакыт келгенде бул да билинээр.

 

Булак: “Майдан.kg”, №10 (188), 18.03.2015-ж.