Жалал-Абад, "Саясат.kg" - Чынайым Кутманалиева. Камчыбек Ташиев жылдагыдай 8-март аялдардын эл аралык майрамынын  урматына Сузак району жана Жалал-Абад шаарынан 1000 баатыр энеге жакшы сөзүн айтып, жылда көрсөтчү сыйын көрсөттү.  20 жылдан бери ушул жөрөлгөнү үзбөй жасап келе жатканынын сырын билүү үчүн  баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

 

- Камчыбек мырза, эмне үчүн жылда 8-мартта  энелерди сыйлаганды адатка айландырып алгансыз?

 

- Апамдын өтүнүчү, керээзи менен ушул майрамды жалаң баатыр энелерди сыйлоо менен өткөрүүнү адатка айландырып алгам.  Себеби, апам да баатыр эне болгон. Россиядан окууну жаңы бүтүп келген жылы апам: “менин теңтуштарымды, досторумду чакырып, 8-мартта чай берип койчу”- деген эле. Макул деп айтканын аткарсам, апамдын кубанычы койнуна батпай жетине албай турду. Апама кубаныч тартуулоо үчүн жыл сайын 8-мартты баатыр энелерди куттуктоону адатка айлантып алдым. Анткени, апар ар дайым жакшы санаалаштары менен  майрамда чогулуп, шерине ойношчу экен. Майрамдык маанайын көтөрүп, апамдын жакшы саналааштарын кубантуу үчүн 8-мартты жалаң баатыр энелер менен тосуп калдым. Баатыр энелер да көнүп калышкан. Жылда күтүшөт. Ошон үчүн 8-мартка бир ай калганда жумуштарымды жыйыштырып, баатыр энелерди кубантууга даярдана баштайм. Анткени, ал апамдын керээзи. Аны аткарбай койсом, жанымды коёрго жер таппай чебелектей берем. Баатыр энелердим куттуктасам, апам кадимкисиндей жылмайып, алар менен кошо сый көрүп, кубанычы койнуна батпай тургандай сезилет (жашып кетти). Ошон үчүн жылда 8-мартты баатыр энелер менен тосууну салтка айлантып алгам. Быйыл баатыр энелерди куттуктаганыма  20 жылдын жүзү болуптур. Апамдын бул дүйнө менен коштошконуна 10 жыл болуп калды.

 

- Жакындарыңыз: “8-мартта мага көңүл бурбайсың, баатыр энелерди сыйлоо менен алек болосуң”,- деп капа болбойбу?

 

- Башында “бизди неге куттуктабайсың” деп капаланышчу. Азыр 8-мартты жалаң баатыр энелер менен тосоорумду билип, мага таарынбай калышты. Анткени, мен 8-мартта баатыр энелерден башка эч кимди куттуктабайм.

- Жыл сайын ушундай эле сценарийде иш кыласызбы же ар жылы өзгөртүп турасызбы?

- Жыл сайын окшош эле кылабыз. Анткени, жүрөгүбүздөн чыккан  белектер, жылуу сөздөр  энелерге жетсе экен. Аз болсо да апалардын маанайын көтөрүп калса экен   деп аракеттенебиз. Ошон үчүн 8-март күнү дасторкон жазып, чай берип, анан баштарына жылда чыккан жакшы  жоолуктардан опокшош кылып салабыз.

 

- Апаңыздын көзү тирүүсүндө 8-мартка кандай белектерди берчү элеңиз?

 

- Эсте каларлык шумдуктуудай деле белек берген жокмун. Бирок, жогоруда айткандай апамдын досторун, жакшы санаалаштарын чогултуп чай берип, алар жакшы көргөн тамактарды жасатып, дасторконду дүйүм тамактарга толтуруп, белек берип койсок эле “мен көргөн сыйды алар да көрүп жатат” деп кубанып калчу. 8-март болгонго чейин эле баардык санаалаштарына күн мурунтан айттырып, “8-мартта уулум келет. 8-мартты уулум өткөрүп берет. 8-мартта жолугабыз”- деп турчу.

 

- Апаңызды жакшы билгендер көп сапатын сизге окшоштурушат экен. Ошол окшоштукту өзүңүз байкайсызбы?

 

- Албетте, байкайм. Көп сапатым, келбетим, мүнөзүм табиятымдан апама окшош экенин билем.   Апам бооркукер болчу. “Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол” демекчи мен өтө тентек болчумун.  Атам ачууланып,  какус-кукус кылса да, апам бооруна кысып, атамдан калкалап турчу.  Мектептен айнек сындырып койсок да, атама билгизбей өзү барып, оңдотуп койчу. Апам мени ар тараптан коргоп, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай өстүрдү. Ошон үчүн апам жөнүндө сөз болгондо ыйлабай коё албайм. Апамды аябай сагынам... Анткени, апам жандан башкача жан болчу. Колунан келбеген нерсе жок болчу. Колунан көөрүү төгүлгөн уз да болчу. Азыр ата –энемдин үйүндө бир бөлмөнү  атам апама арнап,  биз аздектеген нерселерин коюуп, алардын колу тийген буюмдарды бапестеп,  музей кылып койгонбуз. Сагынганда апамдын, атамдын кийимдерин жыттап алабыз.

 

- Неге апаңыз тууралуу сөз болгондо жашып кетесиз?

 

- Апамдын ордун эч ким толуктай албайт. Ошон үчүн апам тууралуу сөз болгондо ыйлабай коё албайм. Мен башка нерседен сынбайм. Бирок,  апамдын жок экенин эстегенде жанымды коёрго жер таппай кетем. Көзүмдөн жашын тыя албай калам.  

 

- Апаңыз жасаган кайсыл тамактын даамы таңдайыңыздан кетпейт?

 

-А памдыкындай кылып, эч ким очокко нан бышыра албайт. Жана сары май менен эч ким андай даамдуу оромо жасай албайт. Апамдын очокко бышкан наны менен майы чууруган оромосунун даамындай даамды эч жактан тата албадым...

 

- Эркек балдар аялын апасына окшоштуруп, ал эми кыздар күйөөсүн атасына окшоштуруп тандайт дешет.  Сиз жубайыңызды апаңызга окшоштуруп тандадыңыз беле?

 

- Эгерде менин жубайымда апамдагы сапаттардын бири жок болсо, мен ал  менен эч качан жашай албайт элем. Айтайын дегеним, жубайымдын өңү апамдыкындай болбосо да, апама окшош сапаттары болгон үчүн жашап жатам. Жубайым да апамды башкача аздектеримди билип,  мени менен жашаш үчүн апама окшошууга аракет кылат. 

 

- Бир туугандарыңыздын арасынан ата-энеңизге сиз эле күйүмдүүсүзбү?

 

- Андай деле эмес. Башка бир туугандарым да мен ата-энемди кандай жакшы көрсөм, алар да ошондой жакшы көрүшөт. Менден деле күйүмдүү бир туугандарым бар. Болгону, Алла таалам аларга салыштырмалуу мага мүмкүнчүлүктү көбүрөөк бериптир. Болгон айырмабыз ошол эле. Болбосо, баары эле ата-энем дегенде ичкн ашын жерге коё коюшат. 

 

Редакциядан: К.Ташиевдин Баатыр энелерге көрсөтткн сый-урматынан ФОТОрепортажды жакын арада тартуулайбыз...