Бишкек, “Саясат.kg”. Кара-Кулжа райондук ИИБнүн эски башчысы Жолболду Чобоев камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук прокурорунун орун басары Маматкарим Айтикулов билдирди. Анын айтымында, Ж. Чобоев өзү жетектеген бөлүмдөгү 1 млн. 273 миң сом акча каражатын жеп койгон деген айып коюлууда. Ал КРнын КЖКнин 171-статьясына ылайык камалды.
 
М. Айтикуловдун айтымында, көрсөтүлгөн сумма боюнча алгач ИИБнүн эсепчиси Турдукан Сыдыкова кармалган. Ал жоголгон акча тууралуу Ж.Чобоевге көргөзмө берген. Эсеп палатасы текшергенде 1 млн. 273 миң сомдон башка дагы 100 миң сом жетпей калган.
 
«Текшерүүнүн жыйынтыгында, убактылуу кармоочу жайда отургандарга тамак-аш берилди деп, өзү кол коюп, 85 миң сомду кымтып алганы аныкталган. Чобоев 27-мартта кармалып, учурда Кара-Суу районунда убактылуу кармоочу жайында отурат. Бүгүн ага айыбы угузалат»,-дейт М. Айтикулов.
 
Ал эми Кара-Кулжа райондук ИИБнүн эсепчисинин адвокаты Айнура Тайеванын айтымында, камалган Ж.Чобоев ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековдордун күйөө баласы болот.