Президент Сооронбай Жээнбеков менен Европа жана Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сирил Мюллер телефон аркылуу байланышты.

Алар 1-апрелде сүйлөшкөнүн өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүүнүн чаралары талкууланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Сирил Мюллер Дүйнөлүк банк башка эл аралык каржы институттары менен катар коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан кесепеттерди жеңүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жатканын жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да, финансылык туруктуулугун, экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсүн калыбына келтирүүгө жардамын уланта берерин баса белгиледи.

Эки тарап түзүлгөн кырдаалда Кыргызстанга бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн финансылык жардам бөлүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Булак: Баракелде