У.Маматаев: Убагы келгенде ушул депутаттар сөзсүз жоопко тартылат деп терең ишенем.

- Өткөн жумада депутаттар референдум боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты, бул канчалык денгээлде мыйзамдуу болду?

- Бул чакырылыштагы депутаттар башынан эле аябай сабатсыз болду. Учурда иштеп жаткан парламент кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында эң шерменде парламент катары калаары талашсыз. Далил менен айта турган болсок, Атамбаевдин айткан сөзүнөн чыкпай кандай мыйзам болбосун “хоп” деп өткөзүп турушту. Андан кийин Жээнбековго да кошматчылык кылып, акыры аны да жок кылышты. Мына азыр мөөнөттөрү бүтсө да, легитимсиз болуп турушуп, жаңы бийлик каалаган мыйзамдарды өткөрүшүүдө. Убагы келгенде ушул депутаттар сөзсүз жоопко тартылат деп терең ишенем. Өзгөчө, Референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алганын мен мамлекеттик деңгээлдеги кылмыш же болбосо мамлекеттин кызыкчылыгын сатуу  менен барабар деп эсептейм. Чындыгында, мындай мыйзам долбоорун кийинки келген парламент караш керек болчу.

- Парламенттик шайлоо январда, андан кийин жазында, эми күзүндө өтөт деп улам кийинкиге жылдырылып жатканын себеби ушунда деп ойлойсузбу? Бул чакырылыш дагы кандай керекке жарашы мүмкүн?

- Бирден бир себеби ушунда. Себеби, парламенттик шайлоо өтүп калчу болсо, кийинки чакырылышка кандай адамдар депутат болуп келээрин бир Кудай билет. Балким, азыркыдай айдаган жакка баспаган, өз пикири, көз карашы үчүн бек турган депутаттар басымдуу кылып калмак. Андайлар мыйзамсыз иштер болсо, президентти укпай да коюшат. Ошондуктан, бул парламент президентке Кудайдын берген белегиндей эле болду.

- Эми мындан ары кандай болуп калат, коомдук талкуусуз кабыл алынган Конституциянын кесепеттери кандай болот?

- Кесепеттерин эң биринчи ошол эле карапайым эл тартат. Себеби, биздин эл көп жагынан азырынча толук кандуу сабаттуулукка жете элек, андыктан, каалагандай калчоо өтө оңой. Эртели-кеч элге баары түшүнүктүү болот. Бирок, өзгөртүүгө кеч болуп калат да, кайра эле революция кайталанышы мүмкүн.

- Президент үч мамлекетке жумушчу, мамлекеттик сапарлар менен барып келди. Тышкы саясаттын жөнгө салынышына бул сапарлар жетиштүү болот деп ойлойсузбу?

 - Президенттин башка мамлекеттерге барып жатканы бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мамлекеттин сырткы саясаты президенттин мойнунда, ошондуктан бул жерден кынтык издегенибиз туура эмес. Барган өлкөлөр менен кыргыз мамлекетине кандай пайдалуу келишимдерди түзө алды жана алар иштей турган келишимдерби же жөн гана кагаз түрүндө кала береби? Бул өзүнчө маселе. Жапаров да буга чейинки президенттердей эле биринчи сапарын Орусиядан баштады. Ага чейин биринчи сапар Казакстанга болот деп жатышканы менен иш жүзүндө андай болбоду. Жапаровдун Орусияга болгон сапары жемиштүү болду деп айткандан алысмын, себеби, эч кандай чоң келишимдерге кол коюлган жок, инвестициялык долбоорлорду көрө алган жокмун. Мигранттардын маселесинде да көп өзгөрүү болгон жок, кыскасын айтканда Орусиядан биз жакынкы убактарда эч кандай көзгө көрүнүктүү жардам күтпөй эле койсок болот. Орусия биз үчүн өтө маанилүү стратегиялык партнер өлкө экенин жана миңдеген биздин мекендештерибиз ошол жакта эмгектенип кыргыз мамлекетине чоң жардам берип жатканын эске алганда бул абдан өкүнүчтүү. Ал эми Казакстан республикасы Орусияга салыштырмалуу Жапаровду жакшы тосуп алды. Кандай болсо да бир тууган боордош эл экенин көрсөттү. Бул жаңы президентке моралдык колдоо болду десек жаңылышпайбыз.

- Казакстанга сапарда кайсы көйгөйлөр көңүл сыртында калды деп эсептейсиз?

- Биздин экономикага тиешелүү маселелер чечилсе жакшы болмок. Мисалы транзит, бажы маселеси бүгүнкү күндө чечилбей турат. Бир дагы инвестициялык чоң долбоорлор боюнча келишим түзүлгөн жок.

- Өзбекстанга болгон сапар тууралуу эмне дейсиз?

- Өзбекстан мамлекети да казак туугандардай эле Жапаровду жылуу маанайда тосуп алды, нагыз чыгыштын меймандостугун көрсөтүштү. Өзбек эли кыргыз элинен айырмачылыгы - булар отурукташкан эл. Бизге окшоп көчмөн эл эмес. Отурукташкан эл көчмөн элге караганда саясатты өтө жакшы өздөштүрүшкөн. Ошондой эле, экономика, соода-сатык тармагына ыктуу келишет. Чек ара маселесинде да жөндөмдүүлүгү жогору турат. Бу сапаттар мамлекеттин мамлекет болуп калыптанышына өтө чоң мааниге ээ. Биздин өзбек элинен үйрөнө турган нерселерибиз өтө көп. Өзбек мамлекетинин президенти Кыргызстандан барган конокторуна өндүрүш кандай өнүгүп, завод-фабрикалары дүркүрөп иштеп жатканын көрсөттү, ага баарыбыз күбө болдук. Жада калса “кутту үйдөн куру чыкпайт”- деп тез жардам унааларды да белекке тартуулады. Ушулардын баарын көрүп туруп биз качан башка өлкөлөргө өзүбүздөн чыккан продукциялар менен мактанаар экенбиз деген ой кетет экен.

- Унгар-Тоо боюнча келишим соцтармактарда катуу талкууну жаратууда. Сохко коридор ачуу канчалык деңгээлде Кыргызстан үчүн коркунучтуу? Дегеле бул келишимди сиз кандай кабыл алдыныз?

- Дүйнөдөгү эң оорчундуу маселелердин бири - бул чер арага байланышкан жагдайлар. Ошондуктан, чек ара маселесине келгенде биз өтө этият болушубуз керек. Бул маселе бир айыл өкмөт же болбосо бир райондун акими эле чечип койчу маселе эмес. Бул президенттердин деңгээлинде каралчу өтө бийик маселе. Чек ара үч жол менен чечилет, биринчи сүйлөшүү жолдору менен экинчиси, аймактарды алмашуу жолу, үчүнчүсү эгер жогоруда айтылган эки жол тең жыйынтык бербесе согуш аракетине өтүү аргасыздыгы жаралат. Андыктан, дагы бир жолу айтаарым - чек ара маселесине өтө кылдат мамиле жасоо керек. Карапайым эл да түшүнүү менен мамиле кылуусу зарыл, жердин баркын билбегендиктин кесепетинен убагында Кыргызстандын көп жерлери коңшу мамлекеттерге өтүп кеткен. Биздин башчылар жөн эле болбогон бир белектер үчүн көптөгөн жерлерибизди берип жиберишкен учурлар көп. Ошондуктан, белек алаарда бир аз ойлонуп алыш керек. Ал эми Сохко коридор берүү маселеси боюнча айтсам, аны сөзсүз дипломатия жолу менен гана чечпесе болбойт.