Шектүү дүкөнгө беткапчан кирип, абага ок чыгарган. Ал коркутуу жолу менен кассадагы 30 миң сомду алып кеткен.

Коңшу Казакстандагы эл аралык олимпиадага кеткен Кыргызстандын командасы 28 окуучудан турган. Жеңишке жеткендер негизинен 9, 10 жана 11-класстын окуучулары болду.

Депутат бүгүнкү мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга берилчү жазаны дагы күчөтүү керек экенин белгиледи.

Кыргызстандыктар бара жаткан минивэн Mercedes-Benz Sprinter унаалары менен кагышып кеткен. Жүк ташуучу унааларды Өзбекстандын жарандары башкарып бараткан.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун маалыматына караганда, үй-бүлөдө чыр-чатак ичимдик ичип алгандан улам чыгат жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу.

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өтүп жатат.

Жандандыруу бөлүмүндө көз жумган бөбөктүн көкүрөк жана далы жагы көгөрүп калгандыктан факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова памир кыргыздарынын өкүлдөрү Молдо Абдул Хак жана Памир Абдул Вахид менен жолугушту.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди.

13-январда Жогорку Кеңештин алдында Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кармалган кыргызстандык төрт адамды чыгарууну талап кылган нааразылык акциясы өттү. 

Биздин мекендешибиз Москвада акчасыз, ара төрөлгөн эки ымыркайы менен жалгыз калган

Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автожолунун 55-чакырымында «Камаз» жана «Мерседес-Ман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелер кагышкан.

Улуу жана кичүү Памирде жашаган кыргыздардан дагы 30 түтүн кишини көчүрүп келүүнү өтүнүп, алардын өкүлдөрү Мула Абдул Хак жана Абдул Вахид Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты.

Эмгек министрлигинин сайты өткөн жылы түзүлгөн. Анын жардамы менен кыргызстандыктар өзүнө иш издей алышат.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу сөз эркиндигине болгон чабуул экенин айтты.

"Казак" каймана аты менен белгилүү болгон шектүү буга чейин бир канча ирет уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда ондогон энелер Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Өткөн аптанын жума күнүндө Финансы полициясына Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат жана кеңеш берүүчү борборунун жетекчиси үчүн Тез жардам кызматы келген.

Пикир келишпестиктен улам чоң энесин бычак менен көкүрөк тушка сайып, качып кетүүгө шектелген жигит бир айдан кийин кармалган.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин кызматкери Бактияр Төлөнов 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.