Бул тууралуу ал 15-январда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

- 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталган. Анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. Азыр 560 иш тергелип жатат. Ичимдиктен улам 4272 үй-бүлөлүк зомбулук болгон. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун 70% түзөт, - деди Асанов.

Парламентте «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келген. 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстерде кылмыш жоопкерчилиги каралып, Жоруктар кодексинде онго жакын берене жазылган.

2020-жылдын башында эле Баткенде жана Нарында эки аял күйөөлөрүнөн таяк жеп каза болду. Экөөнүн күйөөлөрү камакка алынды. Ысык-Көлдө аялына бензин куюп өрттөгөн эркек да эки айга камалды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуялардан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүүнү тапшырды.

azattyk.kg