АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуусу 11-12-июлга белгиленген НАТОнун саммитинен кийин Хельсинкиде болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Мамлекет башчынын тиешелүү тапшырмасы 26-июнда Кремлдин сайтына жарыяланды.

Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов 25-июнда башкармалыктардын жана борбордук аппарат бөлүмдөрүнүн бардык башчыларын жумуштан бошотту.

Түркмөнстан бийлиги алтын аткезчилиги менен Индияда камалган жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенти Дональд Трамптын иммиграция боюнча буйругун колдоду. Бир жыл мурун кол коюлган буйрукка ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген.

Тегеранда полиция парламент имаратын карай жүрүш жасагандарга көздөн жаш агызган газ чачыратты.

Түркияда президенттик өнөктүк маалында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн жок. Бул тууралуу Түркиядагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча жарыяланган ЕККУнун болжолдуу баяндамасында айтылат.

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа 20-июнда кайрадан Ташкентке келди.

Түркмөнстанда жыл башынан бери айрым азык-түлүк түрлөрү менен товарлардын баалары бир нече эсеге жогорулады.

Түркмөнстандын Үй-бүлө кодексине көп аял алууга тыюу салган нормалар киргизилип, документе президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арада кармалган мигранттарды балдарынан ажыратпоого мүмкүндүк берген документке кол коюуну пландап жатат.

Бишкек, "Саясат. kg". Жакынкы кезде эле мэрдин атынан үч фейк баракча ачылган. 

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы АКШнын жараны Закир Алиевдин кармалышынын себептери тууралуу билдирүү таратты.

Бишкек, "Саясат. kg. Дыйкандар бийликтин буйругу менен быша элек түшүм жыйналып жатканын билдиришүүдө.

Андан тышкары өзбек түрмөлөрүндө жаткан Мадумаров менен Авакян өз эсептериндеги тоңдурулган каражаттарды конфискациялап, өзбек тарапка өткөрүп берүүгө макулдук бергендиктери белгиленген.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар «мигранттардын лагери» болбой турганын айтып, демократтарды иммирациялык мыйзам иштеп чыгууда администрация менен кызматташууну каалабайт деп айыптады.

Мыйзамга ылайык, ар бир талапкер коомдук телеканалдан 20 мүнөттүк бекер эфирдик убакыт алууга укуктуу.

Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана сатылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

БУУнун качкындар иши боюнча агенттигинин атайын чабарманы Анжелина Жоли жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды. Рейтер агенттиги Голливуд жылдызы жарандык согуштан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорго жардам берүүгө аракет кылганын жазды.

Бишкек, "Саясат. kg". АКШ Мамлекеттик Департаменти болушу мүмкүн делген коркунуч тууралуу эскертүү таратты.