Бишкек, "Саясат. kg". АКШ Мамлекеттик Департаменти болушу мүмкүн делген коркунуч тууралуу эскертүү таратты. 

 

 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Россиядагы  футбол чемпионаты өтүп жаткан аймакты  террористтер  бутага алышы мүмкүн  делген эскертүү таратты. Мындай маалыматты аталган Департамент   15-июнда жарыялады.

 

Анда  Россияга футбол көрүүгө  барууну пландап жаткан  америкалыктарга ойлонуп көрүү  кеңеши берилди. Алар  орус  укук коргоо органдарынын басмырлоосуна  туш болуусу ыктымалдыгы да айтылды. Анткен менен  террордук коркунуч кайсы жерди бутага алышы мүмкүндүгү так көрсөтүлгөн эмес. 

 

Маалыматка караганда, канчалык коопсуздук чаралары көрүлбөсүн  террористтер  стадиондорду, адамдар көп  чогулган жерлерди, туристтик сайттарды, транспорттук тармактарды негиз кылып алат. 

 

Ал эми Россия  Москвада жана он бир шаарда коопсуздук иштери тиешелүү деңгээлде камсыз кылынганын билдирген. Учурда коомдук тартипти  он миңдеген укук коргоо кызматкери камсыз кылышууда.