Андан тышкары өзбек түрмөлөрүндө жаткан Мадумаров менен Авакян өз эсептериндеги тоңдурулган каражаттарды конфискациялап, өзбек тарапка өткөрүп берүүгө макулдук бергендиктери белгиленген.

 

Швейцариянын банкында Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага таандык деп эсептелген 800 миллион доллардын тагдыры чечилип калгандыгы тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын макаласынан кийин швейцария басылмаларында бул маалыматты ырастаган билдирүүлөр пайда болду.

 

NZZ деп аталган жергиликтүү гезиттин 16-июнда чыккан санындагы макалада Швейцария прокуратурасынын 22-майдагы эки ордери тууралуу айтылып, аларда Гүлнара Каримовага таандык деп эсептелген жана ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин тоңдурулган 800 миллион франктын 686,7 миллионун тез арада расмий Ташкентке берүү зарылдыгы жазылганы баяндалган.

 

Журналисттер таянган ордерлерде Гүлнара Каримованын ысымы аталган эмес. Бирок аларда маркум өзбек президентинин кызынын «мурдагы күйөөсү жана жакын кесиптешине» таандык Швейцария банктарында тоңдурулган каражатты Өзбекстанга кайтарып берүү тууралуу жазылган.

 

Аты аталбаган бул адамдарды Каримованын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаров жана анын жеке жардамчысы Гаяна Авакян деп болжолдоого болот. Кезинде Гүлнара Каримовнын бизнес-империясындагы эң башкы адамдар деп эсептелген бул экөө өзбек соту тарабынан узак мөөнөттөргө кесилип, учурда абакта отурушат.

 

Швейцария прокуратурасынын ордеринде эки айыпталуучу тең тагылган айыптар боюнча күнөөлөрүн толук моюндарына алышканы жазылган. Андан тышкары өзбек түрмөлөрүндө жаткан Мадумаров менен Авакян өз эсептериндеги тоңдурулган каражаттарды конфискациялап, өзбек тарапка өткөрүп берүүгө макулдук бергендиктери белгиленген.

 

Швейцария прокуратурасы алардын бул көрсөтмөсүнө таянып, Рустам Мадумаров менен Гаяна Авакяндын Женева жана Цюрих шаарларындагы банктарда сакталган 866.7 миллион франк (700 миллион АКШ доллары) каражатын тез арада Өзбекстанга кайтарып берүүнү өтүнгөн.

 

Гүлнара Каримованын адвокаты Грегоир Мангет Швейцария прокуратурасынын бул ордерин процессуалдык нормаларды бузуу деп атады. Ал мындай жазалоо чаралары адилеттүү сот принциптерине каршы келет жана Гүлнара Каримованын укуктарын бузат деп эсептейт. Адвокат ошондой эле Мадумаров менен Авакяндын өзбек түрмөлөрүндө берген көрсөтмөлөрүнүн чын экенинен күмөн санап жатканын кошумчалады. Ал 25-26-апрель күндөрү Гүлнара Каримова менен жолукканын, анда маркум президенттин кызы өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып, мурдагы өнөктөштөрүнөн кыйноо жолу менен көрсөтмө алынганын айтканын билдирүүдө.