Кыргыз мигранттын тагдырын сүрөттөгөн "Айка" көркөм фильми "Оскар" сыйлыгынын кыска тизмесине кирди. "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында "Айканы" кошкондо тогуз фильм бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өзбекстан Орусиядан акча которуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.

Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районунда эки жаңы чек ара бекети ачылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери биринчи жолу журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарат.

Эл аралык International Alert уюмунун Тажикстанда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектердин көбү аялдарын уруп-согуп, талак менен коркутуп “тарбиялаганды” жактайт.

АКШнын президенти Дональд Трамп түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга диниятчы Фетхуллах Гүлен менен анын бир нече тарапташын өткөрүп берүү боюнча кадамдар жасалып жаткандыгын айткан.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу үчүн 18-декабрда Ош шаарына келет.

Бишкек, "Саясат. kg". Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 50%дык иши мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдөө болушу керектигинен улам, аталган мыйзамдын аткарылышы парламенттик угуу аркылуу талкууга коюлуп жаткандыгына токтолду.

Бишкек, "Саясат. kg". Текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгондой, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуунун ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүшкөндүгү аныкталган.

 

Бишкек, "Саясат. kg".  Жыйында Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Бишкек, "Саясат. kg".   Жалал-Абад облусунда Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары министрдин келгенин угуп, жолугушууну уюштуруп берүүнү суранышкан.

Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды камтыган жана аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды таратышууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Турмуш дегениң чалкыган океан. Ташкындап кетмеги, тартылып какшып кетмеги бар.

Чыңгыздын чыгаандагы

Кесиптештер көчөсүндө майрам

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата

Алматы шаарында полиция Казакстандын эгемендигинин 27 жылдыгына байланыштуу акция уюштурууга аракет кылган бир канча активистти кармады.

Кара-Балта шаарында жайгашкан кытайлык "Жунда" заводунун мурдагы кызматкери Искендер Мамыркуловду белгисиз адамдар экинчи жолу сабап кетишти.