Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимовдун айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта жаӊыдан кабыл алынган Кылмыш-процесстик кодекс ишке киришет, ошондон улам «тергөө судьясы» институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда.
«Тергөө судьясы кылмышка шектелген же айыпталуучу жактын укуктары менен эркиндиктерин чектөө чараларын көрө турган, соттук жүрүмдүн мыйзамдуулугуна, тергөөчүнүн чечимдерине көзөмөл кыла турган судья болуп саналат. «Тергөө судьясы» институту шаардык жана райондук сотторго гана киргизилет. Ал эми облустук жана райондор аралык соттор экинчи баскыч болгондуктан, өз алдынча кылмыш иштерин карабайт, биринчи баскычтын гана чечимдерин кайрайт», - деди ал.
Ал эми Жогорку соттун төрагасынын орун басары Каныбек Бокоев айрым ири райондорго бир штаттын жетишсиздигин, ошого карабастан тергөө судьялыгына талапкерлер даярдалып, атайын окуулардан өткөрүлүп жатынын белгиледи. Сот органдарында судьялар да жетишсиз, ушу тапта айрым судьялар 20 кылмыш ишинин ордуна 80 ишти карайт. Андан тышкары, тергөө судьясынын оклады 23 миӊ сом, жардамчысыныкы 10 миӊ сом, катчысыныкы 8 миӊ сом экени белгилүү болду.
Депутат Иса Өмүркулов тергөө судьясынын иш-милдеттери толук сыпаттап жазылбай калганын, ал тергөө судьясынын ишине кошумча тоскоолдуктарды жаратарын белгилөө менен бирге: «Кошумча штат бирдиктери ачылат экен, бизге ушундай судьялардын кереги барбы? Баары ошол кызматка барам деп, ансыз дагы араӊ турган коррупциялык көрүнүштөрдү күчөтүп албайбызбы?», - деген собол салды.
Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын айтымында, тергөө сотунун жумушу оор, карала турган иштер көп, жоопкерчилиги жогору болот, ошондуктан, ал кызматка баргысы келгендер аз чыгат. «Тескерисинче, тергөө судьясы коррупциядан арылуу үчүн киргизилүүдө», - деп кошумчалады ал.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору тармактык комитетке айрым маселелерди кайрадан тактап келүү үчүн кайтарып берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 72 жергиликтүү сот болсо, анын ичинде 8 облустук сот, 8 райондор аралык сот, 56 шаардык жана райондук сот бар.