Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетиши керектигин айткандан кийин ал өз каалоосу менен арызын жазууга мажбур болду.
Президент С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетиши керектигин айткандан кийин ал өз каалоосу менен арызын жазууга мажбур болду.
Анда С.Жээнбеков кеңеш өтүп жаткан учурда экс-министр Ж.Калиловду ордунан тургузуп, эгерде министрдин орун басары пара үчүн кармалса, кызматтан эбак эле кетип калмактыгын айтты.
С.Жээнбеков кол алдындагылардын мындай кылыгы үчүн жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтып, Ж.Калиловдун Коопсуздук кеңешине эч нерсени билмексен болуп келгендигине ачууланды. Андан соң президент премьер-министрге Ж.Калиловду убактылуу кызматтан четтетүүнү тапшырган болчу. Бирок ошол эле күнү кечинде анын “Мындан ары министр болуп иштөөгө моралдык укугум жок...”,- деген видосу тарап, арыз жазгандыгы белгилүү болду.
Мындан мурда УКМК тараткан маалымат боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинчерээк колуна тиймек.
Жусубалиев узундугу 69,7 чакырым жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп чыгып, келишим түзүлгөн.
Салына турган жол Нарын облусунун Жумгал району аркылуу өтө турган Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасынын бир бөлүгү. Башкууганды (мурунку Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт.
“Майдан.kg” гезити