Ош, “Саясат.kg”.Кыргызстандын түштүк башкалаасынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы шаардын жолдорундагы, тротуарларындагы коммерциялык жайлардын санитардык абалын дыкаат текшерген рейддерди күчөттү.