Ошондуктан, буларга мындан ары ипотекалык турак жайлар бериле баштамакчы. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган ишкананын эмгек жамааты менен жолугушканда ачык билдирди.

 

- Ош шаарынын күн сайын туруктуу тазаланып турушуна жана анын бара-бара  көрктөнүшүнө Сиздердин салымыңыздар абдан зор! – деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. – Анткени,  таңкы саат үч-төрттөрдө калаабыздын көчөлөрүн, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тегиз шыпырып, акыр-чикирден арылтып келатасыздар. Дал ушул мээнетиңиздерди баалап, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине, айрыкча жаштарга ипотекалык үйлөрдү курууну чечтик.

\

Ошентип, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жарым жылдын ичинде 222 миң 948 кубометр таштанды чыгарышты. Буга улай элден 63 миллион сом чогултулду. Ошондой эле 49 жаңы жана заманбап акыр-чикир салуучу контейнерлер орнотулду.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы