Айтмакчы, бул атайын рейдди “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров өзү жетектөөдө. Кыска аралыкта эреже бузушкан 30 чакты соода түйүндөрүнө эскертүүлөр жасалды. Эгсрде булар тарабынан чукул арада  көрсөтүлгөн кемчиликтер четтетилбесе, сода түйүндөрүнүн ээлери эки миң сомдон он миңге сомго дейре акчалай айыпка жыгылышат.

 

- Мындан ары дал ушундай рейддер такай жүргүзүлөт. – деп кошумчалады “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров. – Бул иш-чараларга эми Мамлекеттик ЭкоТехИнспекциясынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин дагы активдүү аралаштырабыз.

 

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 489-беренесине ылайык “Таштандыларды жана башка тамак-аш калдыктарын атайын жерлерге таштабагандыгы, же өрттөгөндүгү үчүн жарандар эң төмөнкү эмгек маянасынын 20 эсе өлчөмүндө айыпка жыгылышат”.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы