Аймактын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү 6 баллга чейин сезилген.
Акыркы 24 сааттын ичинде Камчаткада сегиз ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия жазды.
Маалыматка караганда, алардын күчү 3,6дан 6,5 баллга чейин жеткен. Аймактын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү 6 баллга чейин сезилген.
Камчатка крайы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында Камчатка булуңунда жер титирөө болгону, бирок ал анча сезилген эместиги белгиленди.
Булак: Кабар