Бишкек, "Саясат.kg". Бул маалымат тарагандан кийин Өзбекстандын Израилдеги элчилиги кырдаалга комментарий берди.
ХАМАСтын Израилдеги чабуулунан өзбек тектүү беш жаран каза болгону аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Израилдеги элчилиги билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, каза болгондор Өзбекстандын жараны болгон эмес.
Мурдараак Израилдин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) орус тилдүү Telegram каналы Өзбекстандын үч жараны каза болгонун кабарлаган.
Бул маалымат тарагандан кийин Өзбекстандын Израилдеги элчилиги кырдаалга комментарий берди.
"Израил ТИМи жана полициясы берген маалыматка ылайык, Өзбекстанда төрөлүп, 90-жылдары репатриация программасы менен Израилге көчүп кеткен 5 адам каза болгонун маалымдайбыз. Маалыматка караганда, аларда Өзбекстандын паспорттору болгон эмес", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
16-октябрда Израил ТИМи ХАМАС менен атышууда каза болгон чет элдиктердин арасында Өзбекстандын үч жараны жана дагы төрт өзбек жараны дайынсыз жоголгонун кабарлаган.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 15-октябрга карата террордук чабуулдардын натыйжасында 148 чет элдик жаран каза болуп, 143 адам дайынсыз жоголгон.
11-октябрда Өзбекстандын Израилдеги элчилиги айрым маалымат каражаттарында ХАМАС барымтага алгандардын арасында өзбек жарандары бар экени тууралуу маалымат "тастыкталбаганын" билдирип, басылмаларды жана блоггерлерди "расмий түрдө тастыкталган маалыматты гана таратууга" чакырган.
Continue reading