Бишкек, "Саясат.kg". Акыркы 24 саатта бир дагы террорист тосмодон өткөн жок.

Израил армиясы Газа тилкеси менен чек арасын толук көзөмөлгө алды. Бул тууралуу армиянын өкүлү Даниел Агари билдирди.

"Акыркы 24 саатта бир дагы террорист тосмодон өткөн жок. Азыр миналардан тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалады Хагари.

Израил армиясынын билдиргенине караганда, ХАМАСтын бир нече мүчөсү дагы деле Израилдин аймагында жашырынып жүрөт. Такталган маалыматтарга ылайык, Израилде баскынчылык башталгандан бери 1 500 согушкер жок кылынды.

10-октябрга карата Израилде ХАМАСтын чабуулдарынан каза болгондордун саны 900дөн ашты. Алардын арасында Таиланд, Аргентина, АКШ жана Орусия сыяктуу башка өлкөлөрдүн жарандары да бар. Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан набыт болгондордун саны 700гө жетти. Шейшемби күнү эртең менен Израилдин түштүгүндөгү бир катар шаарларда аба айгайы жаңырганы кабарланды.