Бишкек, "САЯСАТ.KG". Маркумдун ата-энеси эч кимге арыз доолору жок экенин жана арыз жазуудан баш тартышкан.

Балыкчы шаарындагы турак үйлөрдүн биринен 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 10-октябры күнү саат 00:21 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө уюлдук телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө Балыкчы шаарынын турак үйлөрүнүн биринде жаш өспүрүм кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү Балыкчы ШИИБдинде каттоого алынып, тергөө ыкчам тобу барган. Окуя болгон жерде 2012-жылы туулган О.Ф. аттуу жаш өспүрүм кыздын жансыз денеси табылган.

Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, О.Ф ата-энеси эч кимге арыз доолору жок экенин жана арыз жазуудан баш тартышкан.

Булак: govori.tv